Өткөн сандарыбызда Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов жана Алтынбек Сулаймановдун «Азаттык» менен болгон маектерине орун берген элек. Бул сапар Бакыт Төрөбаев менен Адахан Мадумаровго токтолуу менен, алардын маектеринин урунттуу учурларына баам салалы.
– Биринчи эле суроо, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Эмгек» партиясын эмне бириктирди?
– Биздин негизги максатыбыз – бир билек, бир күч, бир тирек болуу. Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан саясий окуяларга таасири күчтүү партия бололу деп бириктик.
– Телеканалдардын бирине берген маегиӊизде «Салымбековдун акчасынан менин билимим, тилим, чечендигим жогору турат» деген таризде жооп бериптирсиз да...
– Маанисин ар ким ар кандай түшүнөт. Өзүнүн саясий, маданий деӊгээлине жараша. Менин айткан оюм – бүгүн акча баалуулугунан руханий баалуулук, маданий баалуулуктар бийик турган заман. Мына ушул багытта айттым, ар ким өзүнө жараша түшүнөт.
– Сиздин Түрк тилдүү мамлекеттердин кеӊешинин катчысы кызматында жүргөнүӊүздү баары билет. Анан сиз шайлоочулар менен жолукканда «мен мамлекеттик кызматта иштеген жокмун» деп айтып келесиз да. Атамбаев колдоо көрсөттү да, жарлык чыгарып жатат. Эмнеге аны жокко чыгаргыӊыз келе берет?
– Аны жокко чыгаргандык эмес, аны сиздер кемчонтойлук менен түшүнбөй жатасыздар. Мадумаров толук кандуу кызматка кириш үчүн бир мамлекеттин президентинин буйругу жетишсиз, ал төрт мамлекеттин буйругунун негизинде расмий ишке кирет. Түшүнүп жатасызбы?
– Ал түшүнүктүү.
– Ал эл аралык кызмат, мамлекеттик кызмат деп эсептелбейт.
– Кемчонтой деп бизге чейин асылып жатасыз. Бирок иш жүзүндө сиз президент Атамбаев менен жолугушуп, жакшы мамиледе экениӊизди танбайсыз да? Сиз убагында оппозиционер болуп бийликке катуу-катуу сындарды айтып келгенсиз.
– Иним, бул жол менен бара турган болсоӊор жакшылыкка алып барбайсыӊар силер. Сын-пикир дегенди сөзсүз көчөгө чыгып алып эмес, гезит-журналдардан ой-пикирди окусаӊар. Ошол жерде катуу сын-пикирлер бар, бүгүнкү күндөгү мамлекеттик башкаруу системасы боюнча, бүгүнкү күндөгү кадр саясаты боюнча, бүгүнкү күндөгү ички жана тышкы кээ бир саясаттар боюнча. Анан силер ойлойт окшойсуӊар сын-пикир айтса сөзсүз эле көчөгө чыгып алып Чүй проспектисинен ары-бери чуркап кыйкырыш керек деп. Кеп анда эмес, ар бир киши өзүнүн оппозициялык көз карашын өзүнүн маданиятына жараша көргөзөт. Унчукпай отургандын өзүнүн позициясы бар. Акырын жумшак айтып отуруп бир жолдорду түзөтүүнүн позициялары бар. Сөзсүз мен айтып жаткандай «Ала-Тоо» аянтына чыгып алып кыйкыруунун кажети жок.
– Адахан мырза, 2010-жылкы шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламентке өткөн деп бир топко чейин чырдап жүрдүӊүз...
– Токто, токто. Чырдап жүрдүӊүз эмес, талап коюп жүрдүӊүз де.
– Талап коюп жүрдүӊүз. Эмне үчүн сотко кайрылып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламентке өткөндүгүн тастыктаган жоксуз?
– Ошол мезгилде кыргыз соту бар беле? Кыргыз бийлиги бар беле? Өзүн-өзү президент кылып дайындап алган аял бар эле. Легитимдүүлүгү чоӊ бир талашты жараткан бийлик бар эле. Ал легитимдүүлүктү Мадумаров эмес, Жамааттык коопсуздук кеӊешинин 2010-жылдын 8-май күнүндөгү жыйынында Москвада «Кыргыз республикасында куралдуу төӊкөрүш болду» деп жарыя салышкан. Түшүнүп жатасызбы? Терикпе. Ошон үчүн айтып жатам, суроо берерде түбүнө чейин иликтеп алып суроо берсеӊ, өзүӊө да жакшы болот. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы ошол кезде жеӊишке жетишкендиги жөнүндө, ошол кездеги борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошол кездеги утурумдук бийликтин өкүлдөрү бүгүнкү күндө ачыктан-ачык гезиттерге интервью берип жатышат. Эмне үчүн аягына чыкпадыӊыз дегенде, сен эмнени каалайсыӊ? Ак таяк, көк таяк алып кагышууну каалайсыӊбы? Биз маданияттуу элбиз, мен маданияттуу, мыйзамга баш ийген инсан катарында Жогорку Сотко чейин бардым, сот ошондой чечим чыгаргандан кийин бир гана жолу калат. Ал күрөш, кагылышуу. Кайсы бир инсан ошол жерден жаракат алган болсо сенин көкүрөгүӊө тагып жүргөн мандатыӊ да, значогуӊ да жерге кирсин. Биз өтө чоӊ сабырдуулукту, маданияттуулукту көрсөттүк. Биз шайтандын азгырыгына барган жокпуз.
– Азыркы учурда президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеӊиз кандай?
– Мамилем саясий ишмерлер менен кандай болгон болсо, дал ошондой. Туура жумуш аткарылып жатса ким экендигине карабай колдоо көрсөтөбүз. Туура эмес аракеттер болуп кетсе, ким экендигине карабастан өзүбүздүн каршы пикирибизди билдиребиз.
– Демек, жолугушуп турасыздар, ээ?
– Эгер жолугушуу керек болгон, мажбур болуп калган болсо. Мамлекеттик иштин кызыкчылыгында жолугушуу болсо, жолугабыз. Жеке отуруп алып чай ичишүү, же болбосо аӊгеме куруу деген болбойт. Акылдашуу, позицияларды дагы бир жолу аныктап, мына шайлоо болуп жаткан мезгилде шайлоого тийиштүү маселелер чыкса, сөзсүз түрдө жолугабыз. Мамлекетке тийиштүү маселе болсо сөзсүз жолугабыз.
– Демек, кеӊешип, акылдашып турат турбайсыздарбы?
– Сөзсүз түрдө кеӊешебиз дагы, акылдашабыз дагы. Кайсы бир маселелер болсо чогуу талкуулайбыз.
– Бакиевдин убагында ачуу сындарды айттым деп жатасыз. Сиздин Жаныш Бакиевдин тоюндагы таттуу сөздөрүӊүз дагы эле кулактын учунда...
– Бүгүн эгерде Роза Отунбаева той кылып 70ке чыктым десе, барып башына жоолук салмакмын. Мен кыргызмын. Чакырган жерден калбайм, чакырбаган жерге барбайм.
– Кыргыз деген принциптерге уюбайбы сиздин оюӊузча?
– Ошол мезгилде Жанышка салам айтканга баары муктаж болуп жүргөн. Дагы бир жолу айтам, өзүн-өзү президент кылган «самозванка» деп айттым Отунбаеваны, эртеӊ 70ке чыгып той берсе жоолук салып, тилегимди тилеп коём. Күрөш өзүнүн жолу менен, той өзүнүн жолу менен, адамгерчилик өзүнүн жолу менен болушу керек.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп, кыскартылып берилди.