Бакыт Төрөбаев: «ЭЛДИН АЛДЫНДА МЕН ТАЗАМЫН»

Өткөн сандарыбызда Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов жана Алтынбек Сулаймановдун «Азаттык» менен болгон маектерине орун берген элек. Бул сапар Бакыт Төрөбаев менен Адахан Мадумаровго токтолуу менен, алардын маектеринин урунттуу учурларына баам салалы.

– Бакыт мырза, сиз 2007-жылы «Ак жол» партиясынан депутат болгонсуз. 2010-жылы «Республика» менен парламентке бардыӊыз. Бул жолу «Өнүгүү-Прогресс» жаӊы партиясын баштап бара жатасыз. Партиядан партияга өтө берип тажаган жоксузбу?
– Эч кандай тажагандык болгон жок. Биз баарыбыз кыргыз мамлекетинин атуулдарыбыз. Америкадан же Швейцариядан эч ким келген жок. 
– Ошентсе да шайлоого Бакиевдин учурундагы аткаминерлер, «ак жолчулар» келатат делип жатат. Өзүӊүздү эски жүздөрдүн катарында эсептебейсизби?
– Мен жаӊы муунмун. Анда биз жаштардын атынан барганбыз. Ошол мезгилде кайсы жаштарга сунуш болбосун бардыгы кирет эле, эч ким анда бөлүнбөйт эле. Ошондуктан мен өзүм так жүрдүм, так аткардым. Эч кандай бюджеттин акчасын уурдап, мажбурлап бирөөнүн мүлкүн алып, каракчылык кылган жерим жок. Элдин алдында тазамын. 
– 2010-жылы сиз «ар бир облуста күчтүү кишилер коюлуп, баарыбыз бир максат менен парламентке келгенбиз» деп айткан элеӊиз. Эмне үчүн ошол идеяӊыздарды, биримдигиӊиздерди сактай алган жоксуздар? 5 жыл эмес, 3 жылда эле тарап баштадыӊыздар...
– 2010-жылы, билесиздер, оор кырдаал болгон. Бизде кандайдыр бир ой, идея эмес, кызыкчылыктар болуп калды. Парламентке партия аркылуу келиш керек эле да. Кийин парламенттик башкарууну көрүп, коалиция түзүлүп жатканын көрүп, биз ошол жерде убаданы бергенибизди көрүп аны аткара албаганыбызды көрүп, өзүмдүн оюм башкача экен, багытым башкача экен деп биринчи бөлүнүп кеткем.
– Тизме маселесине келсек, айрым маалымат булактары «Өнүгүү-Прогресстин» тизмесинде 17-орунда турган, фамилиясын Икрамов деп алмаштырган Тазабек Стамкулов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турарына шилтеме келтиришкен. Анда Стамкулов 2009-жылы экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буйрутмачы катары шектелгени көрсөтүлгөн. Сиз Стамкуловдун жайын жакшы билесизби же көрмөксөн болуп жатасызбы?
– Мен баары-жокту билем. 2009-жылы Жусупжан Жээнбековдун баласын уурдаганга ошол бала шектүү деп айтылган. Бирок Жусупжан Жээнбеков баласын тапкандан кийин Стамкулов анын  жардамчысы болуп иштеди. Шектүү болсо атасы жумушка алат беле? Бул – бир. Экинчиден, ошол ИИМ кылмыштуу топтун мүчөсү деп айтып жатпайбы. Тазабек ИИМди «эмне үчүн, кандай нерсенин негизинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайсыӊар?» деп сотко берди. Министрлик ага кылмыштуу топтун мүчөсү деген справка берген жок.
– Соттун жыйынтыгы эмне болду?
– Эмненин негизинде коюлганын айта албай коюшту. Үчүнчүдөн, ал күнөөлүү болсо, бир жерде кылмыш жасаган болсо, соттош керек.
– Анда эмне фамилиясын өзгөртүп тизмеге кирип алат?
– Анын өзүнүн граждандык позициясы, ыктыяры бар. Балким, атасынын атын улантайын деп жаткандыр.
– Анда сиз таза деп кепилдик бере алат турбайсызбы?
– Эгерде анын үстүнөн бирөө арыз жазса, ага нааразычылык болсо мага кайрылсын, биз өзүбүз сотко беребиз.
– Азыркы өнөктүктүн негизги оюнчусу деген 4-5 партияда тизмедеги алдыӊкы 40 орун 30 000ден 300 000 долларга чейин чыккандыгы айтылып жатат. Сиздерде дагы тизмедеги орундардын баасы ушундай бычылып жатабы? БШК сиздердин партиянын эсебине баарынан көп каражат түшкөндүгүн билдирбедиби, ошондон улам сурап жатам.
– Биз эӊ таза иштеп жатабыз. Бар-жокту мыйзам чегинде жасап жатабыз. Бизде жакшынакай ишкер жигиттер, кыздар бар. Алардын 300 000 доллары жок. Бирок элдин алдында абройлуу адамдар.
– Фондго мынча акчаны ким алып келип жатат анда?
– 2007-жылга чейин мен деле өндүрүштө иштеп жүргөм. Бир тууган агам өндүрүштө иштеп келатат, салык төлөп, эч кандай мамлекеттин акчасы менен иштебей эле. Үй-бүлөм ошол жерден киреше табат.
– Сиздин үй-бүлөӊүз партияны көбүрөөк каржылап жаткан турбайбы?
– Бир тууган деген бир тууган да, ал дагы күйөт, 20-30 пайызын каржылап жатат. Калганын биздин балдар нарындыкпы, ысык-көлдүкпү, чүйлүкпү өздөрү каржылап, партияга салым кошуп, фонд аркылуу белгилүү участкаларга бөлдүрүп жатышат.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп, кыскартылып берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
rima88.kg
2015-09-21 13:40:47
Курч суроолор жана так таза жооптор,Эн сонун ачык маек болуптур,Торобаевдин саясатта ачык суйлогон бетке айткан,айткан жумушун аткарган саппаттарын баалайм,алдыдагы шайлоодо жаш партиянын парламенттен орун табаарына тилектешмин
+5
miki87
2015-09-22 11:25:16
Жакшы имштеп атышат, ийгилик. Эн эле элге пайдасы тийген партия.
+3
agarai
2015-09-22 23:08:46
Онугуудон башка бир да партияга ишенбейм, булардын программасы так жана таасын, иштеп келген партия, ар дайым эл учун иштешкен, парламентке келсе, кыргыз элинин чон утушу деп эсептейт элем
+4
elika86
2015-09-23 00:50:34
Жалган бары еле калпычы болуп калганбы
-1
Mile
2015-09-26 11:19:48
Башка партиялар антебиз минтебиз деп мактанышууда,убада беришуудо. Ал эми Онугуу жасаган бутургон жумуштарынын отчетун беришуудо. Ишенебиз Алга онугуу!!!!
+2
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан