Optima Bank'тан ОПТИМАЛДУУ НАСЫЯЛАР

Кыргызстандын банк секторунун лидерлеринин бири «Оптима Банк» ачык акционердик коому кеӊири насыялар топтомун сунуш кылып келет. Алардын арасынан кичи жана орто бизнеске берилчү насыялар өзгөчө мааниге ээ.

КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ
Кичи жана орто бизнес Кыргызстандын экономикасынын эӊ керектүү тармагы. Андыктан «Оптима Банк» сиздин бизнести колдоп, өрчүшүнө өбөлгө түзүп келет. Насыя берүү банк ишмердүүлүгүнүн негизги тармагынын бири болуп саналат. «Оптима Банк» ААКсы кичи жана орто бизнес үчүн өз кардарларына атайын иштелип чыккан программа боюнча насыяларды сунуштайт. Анын максаты – сиздин бизнесиӊизди өнүктүрүү менен эки жактуу пайдалуу мамилени түзүү.
Аталган банк 15-сентябрь күнү Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен өлкө экономикасын өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести каржылоо үчүн 33 миллион АКШ доллар суммасында насыя тилкесин алуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул келишимдин негизинде 11 миллион АКШ доллары кичи жана орто бизнести насыялоого жумшалат. Бул өлкөбүздөгү көптөгөн ишкерлердин бизнесинин өнүгүп-өрчүшүнө чоӊ жардамын берери анык.

«НАСЫЯЛАР УЛУТТУК ВАЛЮТАДА БЕРИЛЕТ»
«Оптима Банк» ААКсынын башкармалыгынын жетекчиси Бейбут Калышев ЕРӨБ менен болгон келишим боюнча ой бөлүштү:
– Аталган келишим биздин банк үчүн өтө маанилүү. Бул «Оптима Банктын» туруктуулугу, ишенимдүүлүгүнөн кабар берет. Ошондой эле биз менен узак мөөнөттүү кошумча финансылык ресурстар жана өнүгүү үчүн бир кыйла мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кыла турган келишим. Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы биз менен иштешип жаткандыгына сыймыктанабыз. ЕРӨБ менен насыялоо боюнча аталган макулдашуу биринчи эмес.
20 миллион АКШ доллар суммасындагы биринчи насыялык тилке 2009-жылы жактырылганы белгилүү. ЕРӨБ жалпы
33 миллион АКШ доллары суммасында каржыласа, анын ичинен 11 миллиону Кыргызстандын кичи жана орто бизнесин насыялоо үчүн багытталат. 2 миллион АКШ доллары соодалык каржылоого жумшалат. Банктын насыялык тобокелдиктерин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берүүчү ЕРӨБдүн атайын программасы боюнча, 20 миллион АКШ доллары ири корпоративдүү долбоорлорду каржылоого багытталат.
Кичи жана орто бизнести каржылоо улуттук валютада каралган. Бул жергиликтүү бизнес, ошондой эле өзгөчө кирешелерин кыргыз сомунда алган ишкерлер үчүн пайдалуу. Кыргыз сомунда насыялоо – бул бүгүнкү күндөгү ишкерлер үчүн артыкчылык. Кичи жана орто бизнес – өлкөбүздүн маанилүү экономикасынын түзүүчүсү. Албетте, ЕРӨБдүн колдоосу өз ишкердүүлүгүн өнүктүргүсү келген көптөгөн ишкерлерге мүмкүнчүлүк бере турган туруктуулукту чыӊдоого жардамын тийгизет.

«ОПТИМА БАНК» КӨРҮНҮКТҮҮ ӨНӨКТӨШ»
Ал эми Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын финансылык мекемелердин бизнес тобунун алдыӊкы банк кызматкери Айнура Гаппи буларга токтолду:
– ЕРӨБ Кыргызстандын банк рыногунун бирден бир күч­түүсү болгон «Оптима Банк» менен биргелешип иштөөнү кубануу менен кабылдайт. Аталган банк насыялоо жаатында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келгени менен айырмаланат. Ошондой эле өлкөнүн алдыӊкы жана туруктуу банктардын бири. Насыя берүүдө жолго салынган механизмдер аларды иштеп чыгууда жана тариздөөдө зор тажрыйбага ээ. Бул жагынан алганда ишенимдүү жана көрүнүктүү өнөктөш катары «Оптима Банк» менен иштешүү абдан ыӊгайлуу. ЕРӨБ тарабынан бул насыялык тилкенин берилиши, Кыргызстанда бизнес чөйрөсүн ийгиликтүү өнүктүрүүгө оӊ таасирин тийгизип, бүтүндөй экономиканы өнүктүрүүгө жардам берет.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан