ӨГӨЙ АТА 1,5 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ. «ОТКО КАКТАСАМ МАӉДАЙЫ,ЧАЧЫ КҮЙҮП КАЛДЫ...»

10-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1,5 жаштагы өгөй кызын отко кактап, ысык мешке отургузуп, сабап өлтүргөн деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Үрөй учурган бул окуянын чоо-жайы 2 жылдан кийин гана билинип отурат.

НАРИСТЕНИ ӨЛТҮРҮП, ШАРИЯТ ЖОЛУ МЕНЕН КӨМҮП КОЙГОН
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө сентябрь айында ушул эле райондун тургунунан арыз келип түшкөн. Арыз ээси 2 жыл мурун каза тапкан 1,5 жаштагы жээнинин өлүмүнүн себептери түшүнүксүз болуп жатканын жана анын ооруп өлгөндүгүнө ишенбестигин билдирген. Арыздын негизинде иликтөө иши башталып, суракка алгач наристенин энеси чакырылган.
Ал бул тууралуу ооз ачса, күйөөсү өлтүрүп салам деп коркутканын айтып, мындан 2 жыл мурун ажырашып кеткен күйөөсүн кызынын өлүмүнө себепкер катары көрсөткөн.
Эненин көрсөтмөсүнүн негизинде милиция кызматкерлери 10-сентябрда Кара-Чолок айылынын тургуну Ормон аттуу адамды кармашкан. Ал кылмышын моюнуна алып, бейкүнөө наристени өлтүрүп алган соӊ айылдын имамын чакырып келип, шарият жолу менен көмүп коюшканын айткан.

«ТЕРИСИ КҮЙҮП СЫЙРЫЛЫП КАЛДЫ»
Кылмышка шектүү өгөй кызын кантип өлтүргөнүн айтып, төмөнкүчө көрсөтмө берген.
– Алмагүл менен баш кошконумда анын мурунку каза болуп калган күйөөсүнөн Раяна деген кызы бар болчу. Аны кызы менен бүлө кылып алдым. Кызыбыз аябай ыйлаак болчу. Кээде аны оорулуу го деп да ойлоп койчумун. Дайым жаткан жеринде заӊдап же заара ушатып салчу. Мындан апасы да тажап какыс-кукус кыла коюп жүрчү. Мен эртеӊ менен кетип, элдин үйлөрүн шыбап, курулуш иштерин жасап акча таап келчүмүн. Кечинде чарчап келгенде эле баланын ыйы, анын үстүнө сийдик болгон жууркан-төшөктөр...
Бир күнү жумуштан чарчап келсем, Раяна жуурканга заара ушатып салыптыр. Март айы, суук кайта элек болчу. Меште от жагылып турган экен, кызды коркутуп коёюн деп күйүп жаткан мештин оозуна башын кактасам төбө чачы күйүп, маӊдай териси отко түрүлө түштү. Анда да ыйы басылбаганынан мештин үстүнө сийдик шымы менен отургуза койдум. Шымы синтетика кездемеден болгондуктан ысыкка дароо күйүп тоголоктошо түштү. Анысын чечсек көчүгүнүн териси шымы менен кошо сыйрылып кетти. Апасы экөөбүз врачтарга кайрылган жокпуз, анткени ага каражат да жок болчу. Күйгөн жерлерине тиш пастасын, май сүйкөп жатып бир жумада айыктырып алдык.
Окуядан 10 күндөй өткөндөн кийин дагы иштен келсем, төшөккө заӊдап коюптур. Апасы сабап горшокко отургузуп койгон экен. Ошол күнү бир аз ичип алган болчумун. Ыйлап отурганына ачуум келип, сыналгынын антеннасынын зымы менен кызымды жон талаштыра тартып-тартып алдым. Маӊдайындагы эми айыгып келе жаткан күйүктөн алган жаракатынан кан сызылып кетти. Бетин жууп келип күч менен жердеги төшөккө таштап жибердим. Ого бетер ыйы күчөгөнүнөн колум менен жаакка дагы чаптым. Мурдунан кан агып, өзүн жоготуп жатып калды. Арадан 10-15 мүнөт өткөн соӊ карасам колдору шалактап жансыз абалга келип калыптыр. Анан денеси муздап, кайтыш болуп калды.
Эртеси айылдагы тууган-урукка кабар бердим. Алар айылдын имамын чакырып келишти да, жаназа окутуп мүрзөгө алып барып көмүп койдук. Башкаларга кызды «ооруп каза болуп калды» деп койгонбуз. Мен бир аз мастыкка алдырып койдум. Ошол окуядан соӊ аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз.
Сузак РИИБинин кызматкерлери «Маркум наристенин апасынын учурда башка турмушу, азыркы күйөөсүнөн 1 жаштан өтүп калган наристеси бар экен. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Наристенин сөөгү эксгумация кылынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгы чыккыча шектүү делген адамдар көзөмөлдө болмокчу. Андан соӊ кылмыш иши козголушу же козголбошу боюнча чечим чыгат» деп билдиришти.
Тергөө учурунда Раянанын апасы «Мени мурдагы күйөөм «окуяны бирөөгө айтчу болсоӊ жердин жети катмарынан болсо да таап, кызыӊ кантип өлсө, сени да ошондой өлтүрөм» деп коркутту. Мен анын үчүнчү аялы болчумун. Ошону менен окуяны ичиме катып, эч кимге айткан эмесмин» деп көрсөтмө берген.
Ал эми айылдын имамы «Мени кичинекей кызыбыз чарчап калды деп чакырышты. Барсам наристени жууп, кепинге ороп коюшуптур. Кичинекей балдарды жакын туугандары эле жууп, бат эле жерге берип койгон учурлар көп. Мен шарият жолун кылып, мүрзөгө алып барып көмгөнгө чейин аралашып, анан кеткем. Кыздын киши колдуу болгонун ким билиптир?» деп таӊ калуусун билдирди дейт милиция кызматкерлери.

«ЭКӨӨ ТЕӉ ЖООПКО ТАРТЫЛЫШЫ КЕРЕК»
Окуяга юристтердин баа беришин өтүнүп суроо салдык. Бишкектеги «НАСА» юридикалык борборунун юристи Нурбек Абдалиев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Баланы асыроо, коопсуздугун камсыздап эрезеге жеткирүү – бул ата-эненин мыйзамда жазылган милдеттери. Мына ушул укук-милдеттерди аткарбаган ата-эненин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча жоопко тартылат.
Окуяда дагы бир оор мыйзам бузуу оркоюп көрүнүп турат. Бул – Кылмыш жана жаза кодексиндеги 339-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу). Эгер чын эле күйөөсү кылмышты жасаган болсо, ал эми ошол кылмышты 2 жыл бою апасы укук коргоо органдарына кабарлабаса, анда ал да жоопко тартылуусу шарт. Окуяга ишти тергеген орган кырдаалга жараша өз юридикалык баасын берет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өгөй атасы наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактаганбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (76)
elif
2015-09-23 04:03:11
Jetken zookur go bul! Sende gramm jurok jok ey! Ataganat seni tuugan apan kanday gana tilekter menen chonoyttu eken seni,saga ayban degen soz azdik kılat.Sen kantip jashap jurosun eldin arasinda beykunoo naristenin kani seni o duyno bu duyno buuyt ХХХ!
0
admin_superstan
2015-09-23 09:43:24
elif, этика нормаларын сактаңыз.
0
elif
2015-09-23 04:03:50
Sen tochno apandin je atandin kargishina kalsan kerek!!!
0
Paiaz
2015-09-23 11:42:32
мындай адамдарды жоопко тартыш керек
0
ALBIKA
2015-09-23 20:24:11
Ошол ХХХ озун да ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ соттошсо экен...
0
admin_superstan
2015-09-24 10:28:07
ALBIKA, этика нормаларын сактаңыз!
0
Aruwka.89
2015-09-23 23:55:54
Жазасын алат, кылган ишине бейкуно наристе((((
0
mira28
2015-09-24 14:04:41
Эр соройго огойлоптур тиги оз канынан жаралган баланы кооругандын ордуна улам улам эрге тийип бала арттырган энеге танмын азыркы баласында соо койбойт энелик укуктан ажыратуу керек жазаларын угаттырбыз гезиттен ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-09-24 14:09:26
mira28, этика нормаларын сактаңыз!
0
kurguz...
2015-09-24 16:01:24
ХХХ ХХХ озунда ###### ХХХ ХХХ ХХХ керек!
0
admin_superstan
2015-09-24 16:41:48
kurguz..., этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
Mirona
2015-09-24 16:01:49
Min jolu olturom dese da mamasy nenormalnayaby??? kichinekei bala siet,chychat... mamasy oz kyzyn kaidagy bir erkeke kordotturgan meesi jokpu???
0
Chtc
2015-09-24 16:39:35
Бул эрден отко кактаган күнү эле качыш керек болчу.
0
jake91
2015-09-24 21:08:31
Кудай сактай кор канчалаган адамдар балага жетпей журотко бул емне деген шумдук.
0
admin_superstan
2015-09-25 09:47:33
kurguz..., биринчиден, оюңузду эрежелерге ылайык жазыңыз! Экинчиден, этика нормаларын сактаңыз! 3 күн БАН!
0
afonia8282
2015-09-25 18:37:53
Ушунча мыкаачылык...эсинерге келгиле!!!!
0
Edil14
2015-09-25 21:39:35
эмнеге апасын кошо жазага тартыш керек айтсан олтуруп койом деп жатпайбы бул кылмышты жаап жашыруу эмеспи?
0
kalbek87
2015-09-26 14:39:35
ХХХ аял экен оз баласына куйбогон
0
admin_superstan
2015-09-28 10:14:13
kalbek87, этика нормаларын сактаңыз!
0
Mercedes202
2015-09-27 00:30:19
Куноо энесинде, торогондон кийин караш керек, огой атасы карамак беле.
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан