Күрөш боюнча Кыргызстан курама командасы АКШнын Лас-Вегас шаарында Дүйнөлүк чемпиондукка катышты. Тилекке каршы, бул чемпиондукта балбандарыбыз байгелүү орундарга илинген жок. Андагы эӊ мыкты көрсөткүч – Арсен Эралиев жана Самат Шырдаковдун алган 5-орундары болду.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ:
Дүйнөлүк чемпиондук 7-12-сентябрь аралыгында Лас-Вегастын «Орлеанс Арена» залында өттү. Анда жалпы 24 комплект медалдар ойнолуп, алдыӊкы 6 орун алган балбандар Рио-де-Жанейро-2016 Олимпиада оюндарына жолдомо алганга укуктуу эле. Мелдештин жыйынтыгында медалдык эсепте биринчиликти Орусия (4 алтын, 2 күмүш, 8 коло) ээледи.
ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ
Алгачкы күнү килемге 66 килограмм салмакта Руслан Царев чыгып, учурдагы Дүйнө чемпиону, сербиялык Давор Штефанекке туш келди. Алда канча тажрыйбалуу Давор жеӊишти илип кетти. Ал эми Атабек Азизбеков (75 кг) эки атаандашын удаа жеӊгени менен, чейрек финалда азербайжандык балбандан утулуп калды. Бул салмак категорияда айтылуу орусиялык Роман Власов дагы бир ирет мыктылыгын тастыктап, алтын медалды эч кимге берген жок.
Ошондой эле Бексултан Махмудов (98 кг) алгачкы беттешинде эле жеӊилсе, Кайратбек Түгөлбаев (71 кг) менен Мурат Рамонов (130 кг) чейрек финалда жеӊишти алдырып ийишти. Алар бул беттештеринде жеӊсе, Олимпиада оюндарына жолдомо алышмак.
НАМЫСКА ЖАРАГАН АРСЕН, ДҮЙНӨЛҮК КУБОККО ЖОЛДОМО
Тажрыйбалуу балбаныбыз Арсен Эралиевден башынан эле үмүт чоӊ эле. Ал 59 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, 3 атаандашын теӊ катары менен көтөрүп чаап жатты. Бирок жарым финалда азербайжандык Ровшан Байрамов менен кез келип, жеӊилип калды. 3-орун үчүн беттеште да биздин балбан ийгиликке жетишкен жок, бирок сүйүнүчтүүсү – Арсен Эралиевди 2016-жылы Олимпиададан көрө алабыз.
Грек-рим күрөшүндө дагы бир балбаныбыз 5-орунга татыды, бирок жолдомо алган жок. Себеби ал күрөшкөн салмак Олимпиада оюндарында жок. Самат Шырдаков 80 килограмм салмакта жарым финалга чейин барып, 5-орунга татыды.
Балбандарыбыз медалсыз кайтканы менен, Дүйнөлүк кубокко жолдомо алышты. Грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыздын дээрлик бардыгы биринчи мыкты ондукка илинип, командалык эсепте 8-орунду багынтышты. Эскерте кетчү жагдай, Дүйнөлүк кубокко дүйнөнүн мыкты сегиз курама командасы гана катышууга укуктуу.
ЭРКИН КҮРӨШ
Кыргызстандын белгилүү балбаны Данияр Көбөновдун грек-рим күрөшүнөн эркин күрөшкө өткөнү бардыгын таӊ калтырды. Бирок ал килем үстүнө чыккан жок. Маалым болгондой, Данияр алган жаракатынан улам катышпай калган.
Ал эми Улукман Маматов (65 кг) машыгуу учурунда акырегин кокустатып алса, Самат Надырбек уулу (57 кг) жана Нарбек Изабеков (74 кг) алгачкы беттештеринде эле утулуп калышты. Дагы бир белгилүү балбаныбыз Жанарбек Кенжеев да биринчи беттешинде эле жеӊилди. Кыз-келиндер арасында Розалия Тилегенова жана Айсулуу Тыныбекова катышып, экөө теӊ алгачкы беттешинде жеӊилип, андан ары улантышкан жок.
КОЛДОН УЧКАН ЛИЦЕНЗИЯЛАР...
Эркин күрөштө оор салмактагы Магомед Мусаев (97 кг) менен Айаал Лазаревдин (125 кг) улуттук курам үчүн Олимпиадага жолдомодон тышкары медалга чейин жете алышына ишеним күч эле. Алгач Магомед кубалык жана латыш спортчуларын оӊой эле утуп алып, чейрек финалда ирандык Аббаска каршы турду. Беттеш бүтөрүнө 23 секунда калганда 4:0 эсебинде биздин балбан алдыда бараткан. Бирок бул убакыт ичинде ирандык жеӊиштүү чабуул жасаганга үлгүрүп кетти. Мусаевдин ызасында чек жок...
Кыргызстандын атынан чыгып жаткан якут балбаны Айаал Лазарев да чейрек финалда 10:7 эсебинде грузин балбаны Петриашвилини утуп жаткан эле. Бирок 30 секунданын ичинде эсеп атаандаштын пайдасына чечилди. Жыйынтыгында Айаал 10-орунга гана татыды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg