Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Баягы күнү дөӊдө өзү жалгыз кала бергени бийдин дымагын күбүп түшүргөн экен. Өз өмүрүн өзү тескеп, ыраазы да боло албай, эӊ акырында кара кылар киши калбаган абалын өзү сынап, өзү сынып отурган экен.
А Каракаш айым куунак, эшик караган, от ичкерткен эч ким жок, соорусун сүлкүлдөтүп, меймандарын өзү күзөтүп жүрөт. Мейманы эки эле киши – Бекназар, Кулкиши.
Абил бий:
– Эми, өзүӊө көзмө-көз айтып коёюн дегеним... - деди, кайра ою алда кайда чачылып кеткендей, айткысы келбегендей көзүн сүзүп отуруп, көзүн ачты бир убакта. – Өзүӊ да көрдүӊ, мен да көрдүм. Эл сени ээрчип калды, эми кел-кел сеники... Мен эми жолуӊа көлдөлөӊ турбаймын, Бекназар бий! Баштай бер элиӊди каалаган жагыӊа, бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да өзүӊ кепил бол, өзүӊ жообун бер...
– Абил аке,- деди Бекназар эми өйдө карап, – бий болоюн деп жулунуп жаткан жерим жок, уктуӊуз го өзүӊүз, «сен бар» дешти, мен орустун огуна баратам, Абил аке.
Мейли, көӊүлүӊүз болсо сиз барыӊыз. Кимибиз барсак да эми мааниси бир...
– Жо, жо, өзүӊө тапшырылдыбы, өзүӊ көр... Жол койгон ниетиӊ эле мага олжо, ошого эле ыраазымын...
Баары бир Бекназар ошол чарчаӊкы, көӊүлсүз абалында отуруп, орус отрядынын алдынан чыгышка камылгаларын айтты акырын. А Абил анын бирин да уккан жок.
– Бий, бизге жооп бериӊ...- деди Бекназар кетүүнү эсине салып, сыяпаты үчүн Каракаш айымга ыракмат айтты. Ал үнүн коӊгуроо кылып:
– Чакырса назарын сындырбай, көксоо агаӊдын үйүнөн келип даам сызып, билгиликтүү кишинин ишин кылдыӊ, кагылайын кайним...- деп ак быязы камзолду Бекназардын ийинине жапты.
– Ийиниӊ кубанып кетсин, баатыр,- деди Абил.
– Агаӊдын жыйган дүйнөсүнөн эмес,- деди Каракаш айым, – бу тырмагымдан чыккан буюм, жаман да болсо жакшыдай көрүп, жыртып кой, кайним.
Салт ошол, Бекназар баш тарткан жок. Кубанган да жок. Ийинин күйшөй, акырын баш ийкеп ыракматын билдирди. А Кулкиши ак быязы камзолдун жеӊинен кармалап көрүп:
– О-хо-о!.. «Жаман да болсо» дейсиӊ а?! Колуӊа баракелде, жеӊе!..-деп мактап калды.
Негедир Абил капилет оорусу кармагандай иреӊи өчүп, былк этпей ой басты. «Жигиттерге меймандардын аттарынын белин тарттыр» деп Каракаш айымды жумшады. Ал кетери менен илбирстей шып туруп:
– Эми, балдар...- деп күбүрөп, коӊулга күймөнүп, бир кичинекей кол чаначты алып чыкты, – эсимден чыгып калган турбайбы... Жаман адатым бар, кымызды бөлөк ачыттырып ичем, насыбайдын кумарындай нерсе, кээде жаман деле болуп калат, бирок ичсем суусунумду кандырат...
Ал кол чаначты шылк-шылк булкутуп, анан кырма кесеге мелтирете куюп, Бекназарга сунду. Бекназар унчукпай кесени алды. Абил кымыздан Кулкишиге да куйду:
– Ичкиле, балдар...
Бекназар кымызды бир шимирип жутуп, негедир тамшанып токтоп, ошол замат башын көтөрүп, Абилди октолуп тиктей берди. Ал көзүн ала качпады, жыландай мелтейип, ууртун бек кымтып, иреӊи ансайын кумсарып кетти. Колуна тийген кесени эми оозуна алып бараткан эле Кулкиши. Бекназар кагып таштады. Кесе тыякка ыргып, кымыз жайнап төгүлдү.
Бекназар колундагы кесени Абилге карай шилтеп жиберди да, унчукпай эшикке чыга жөнөдү. Кулкиши артынан шашылды. Абил былк эткен жок, башынан ылдый кымыз төгүлүп, бирок унчукпай, уурту бек кымтылган бойдон, нестейип отуруп кала берди.
Бекназар атка мингенинче чапты. Кулкиши артынан куйрук улаш кетти. Эмне болду? Мамиленин мындай тез өзгөрүшүнө түк баамы жетпей, ичинен Бекназарга күнөөнү оодуруп, кейип келатты Кулкиши. Айры белеске жеткенде Бекназар тизгин жыйды. Кара моюн болуп тердеп, оолугуп алган куланчаардын тизгинине алы жетпегендей ат үстүндө теӊселе түштү. Кулкиши жетип сүйөй калды. Иреӊи көгөрүп, көзүнүн кычыгынан идиркенектеп чылпак чыга түшүптүр.
– Өй... айланайын, эмне болду ыя?..- деп жиберди Кулкиши үрөйү учуп. Бекназар башын чайкады. Оозунан чыккан деми өтө ысык. Кулкишинин көӊүлүнө күдүк түшүп, дароо кайгыга алдырып, калтырап кетти:
– Кокуй!.. О, кокуй, жемекчи Абил жеген белем?!
Бекназар ат жалына эки окшуп кан кусуп жиберди. Кулкишинин биротоло эси кетип, эки жакты алактап карап, кишинин карааны көзүнөн учуп, араӊ сүйөп, токтоно албай үӊүлдөп ыйлап, белиндеги жоолугун чече коюп Бекназардын көкүрөгүн, оозун аарчыды. Бекназар дагы окшуду. Шүүшүн чыкты. Бир кезде жаш талдын суусун чыгара кармаган балбан, уюткан колодой нык жигит эки бүктөлүп ээрдин кашына тырышып жыгылды.
– Ой... айланайын жолборсум... айланайын...- деп бакырып-бакырып жиберди Кулкиши. Бекназар бир онтоп өйдө болду. Эки көз түйрүлүп кеткен сыяктуу, кыпкызыл нуру өчкөн. Эрдин кесе тиштенип:
– Кулаке...- деди ал араӊ.
– Ыя, айланайын, ыя?.. – Кулакеӊ сары улак болсун сага...
– Кулаке, бир сурарым, ушуну аткар, Кулаке, эӊ акыркы сурарым... Болор иш болду, көрүп турасыӊ, Кулаке, бала эмессиӊ... уу коргошун ичтим... Сурарым ушул, ушуну эми эч кимге оозуӊдан чыгарба, Кулаке... Чайпалып жүрүп төгүлдүк го, чабышып жүрүп түгөндүк го?! Болду. Менден мурун адам өлбөптүрбү, менден кийин адам өлбөйбү,
тагдыры ошол болсо көнбөйбү?! Бир гана арманым кетмек болду ичиме, Кулаке... Октон өлөйүн дедим эле...
Кулкиши эчтеме айта албай өӊгүрөп ыйлады. Бекназар чымыркана тиштенип, көзүн сүзүп, ат үстүндө каалгыды...
«Эмне болду экен? Болду болору! Өлсө өкүрүк, өлбөй калса кыйкырык. Экөвүнүн бирөвү...» деп Абил төрүндө толгонуп жата албады. Эшик шырт десе, те алыстан ит коӊк деп үрсө, башын селт көтөрүп, жүрөгү муздап, эрдин кымтып тыӊшай калат. Ага баары таӊ, Каракаш айым таӊ. Ал эч качан мындай болбогон. Эч качан мындай үрөйү учпаган. Эч качан мындай алдастабаган.
Эшикке дүпүртө чаап келип бирөө түштү. Абил жамынып отурган кымкап тонун силке таштап ордунан атып турду.
– Бий, баатыр өлүптүр...- деди кароол аптыгып, Каракаш айым кокуйлап жиберди. Абил иреӊи бир кубарып, бир кызарып, бирдеме дей тургандай болуп, кайра токтолуп, купкуу жука эрини акырын кыбырап, кароолду мелтейип тиктеди:
– Эмне деп өлүптүр? Ыя, бирдеме деп керээз айтыптырбы?..
– Билбейм, бий. Көл Мазарга көр казганы келгендерди көрдүм...
Абил бий жеӊилдене түштү.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
tynkatar03
2015-09-21 12:50:50
мен учун романдагы эн бир трагедялуу болуму ушул жерде. азыркы политика менен ото дал келет
0
jetinur90
2015-09-21 23:15:28
абдан коркомдоп ачкан ушул жерин. Бирок мага эн трагедиялуу жери нузуптун олтурулушу эле. Ошол жерине жеткенде китепти ыргытып жиберип бир айдан кийин кайра окугам.
0
Adik01219
2015-09-22 13:46:43
Абил бийчи аябай кыйтыр караозгой адам болгон дешет
0
kgman92
2015-09-22 21:41:12
Искакты оз кишилери сатып жиберишип колго тушкон жери дагы трагедия
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан