«ЕВРАЗИЯ МОБИЛДИК КУБОГУ» СЫНАГЫ СТАРТ АЛДЫ! BEELINE МЕНЕН ИЗИӉДИ КАЛТЫР!

Эгерде сен инновациялык, уникалдуу мобилдик чечимдерди ойлоп тапкычтыгыӊ менен өзгөчөлөнсөӊ, анда бул сынак сен үчүн! Дүйнө жүзүндөгү телекоммуникация жаатында миллиондогон кардарларга кызмат алып барган «VimpelCom» компаниясы «Евразия мобилдик кубогу» эл аралык сынак башталганын жарыялады. Бул сынак Кыргызстанда Beeline уюлдук операторунун салымы менен өтүп, өлкөнүн жаштарын жаӊы мобилдик чечим же долбоор чыгарууга чакырат.

СЫНАКТЫН МАКСАТЫ
Аталган сынакка Армения, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат. Ар бир катышуучунун башкы милдети – өз өлкөсү үчүн жаӊы мобилдик чечим жаратуу жана концепциясын калыстардын кароосуна коюу болуп саналат. Алар уникалдуу жана инновациялык тиркеме же жогорудагы өлкөлөрдө жолуккан көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн система же долбоор иштеп чыгуулары керек.
Бул сынак техникалык жана техникалык эмес жаш адистер үчүн глобалдык платформа болуп саналат. Бул мелдеш келечекти куруу максатында бир катар мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет жана өлкө менен региондо экономикалык өсүштү шарттайт. Бул сынактын негизги максаты – Евразия чөлкөмүнүн жаштарын уникалдуу мобилдик чечимдерди ойлоп табууга түрткү берүү болуп саналат.

СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЭМНЕ КЫЛЫШЫ ШАРТ?
Бул сынак Кыргызстанда Beeline уюлдук операторунун «Make your Mark» социалдык демилгесинин алкагында өтөт. Сынакка катышуу үчүн жеке же болбосо топ болуп катышууга уруксат берилет. Катышуучулар eurasiamobilechallenge.com шилтемеси аркылуу өтүп, 15-октябрга чейин катталуусу керек. Андан соӊ жергиликтүү «Bootcamp» аталышындагы программаларынын алкагында презентациялоо үчүн мобилдик чечимдерди иштеп чыгууга кирише берүүгө болот. Бул октябрь айынын ортосунда башталат. Мындай «Bootcamp» программаларда катышуучулар семинарлар серияларына катышуу менен өз концепцияларын жакшырта алышат. Ошондой эле алар өз өлкөсүндөгү жана чет өлкөлүк кураторлорго кайрылып, идеяларын кантип реалдуу мобилдик чечимге айландыруу боюнча жардам алышса болот. Ар бир катышуучу өз өлкөсүндөгү «Евразия мобилдик кубогунун» жергиликтүү этабына катышып, анын алкагында атаандаштары менен ат салышат.

СЫНАКТЫН БЕЛЕКТЕРИ
– Бул сынактын катышуучуларынын иштери өлкөдөгү тармактык эксперттер тарабынан новатордугу, конкреттүү коомчулук үчүн актуалдуулугу, универсалдуулугу жана оригиналдуулугу боюнча бааланат. Семинарлар өткөрүлгөндөн кийин ар бир өлкөдөн үч финалчы аныкталып, алар 2016-жылдын январында Москвада өтө турган региондук жарым финалга катышат. Андан соӊ үч аймактык финалчылар акча каражаттары менен сыйланып, зарыл жабдууларды жеӊе алышат. Ошондой эле 2016-жылы 22-26-февраль айында Барселонада Бүткүл дүйнөлүк мобилдик байланыш конгрессинин алкагында өтө турган «Global Mobile Challenge» сынагында башка региондук командалар менен мелдешке катышууга бардык чыгымдары төлөнгөн акысыз жолдомого ээ болушат. Аталган сынактын катышуучулары ишкерлик жаатындагы ири мүмкүнчүлүк, өзүнүн инновациялык ой жүгүртүүсүн ишке ашыруу менен бирге ири байге ута алышат. Перспективдүү жана коммерциялык жашоого жөндөмдүү чечимдер дүйнөлүк презентацияга талапкер болуп, мобилдик тармакта өз изин калтырат,- деди өз сөзүндө Вееline`дин коомчулук менен байланыш директору Татьяна Шахин-Байло.

Бул шилтемелер аркылуу биздин социалдык тармактагы баракчаларыбызга баш багууга болот.
https://www.facebook.com/eurasiamobilechallenge
Twitter: @eurasiamobile
В Контакте: https://vk.com/eurasiamobilechallenge #eurasiachallenge

Сынактын жеӊүүчүлөрүнө:
1-орун 20 миӊ АКШ доллары
2-орун 15 миӊ АКШ доллары
3-орун 10 миӊ АКШ доллары
Өз келечегиӊди танда, сынакка катышып, Beeline менен изиӊди калтыр!

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан