БИР БҮРКҮМ

  • Быйыл 1-сентябрга карата республикалык БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН өлкөдө 20 мектеп, 1 бала бакча, 1 спорттук комплекс жана 2 саламаттыкты сактоо имараты курулуп, ишке берилди.
  • 4-октябрда, ШАЙЛОО КҮНҮ, 9310 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Маалыматка ылайык, коомдук тартипти сактоодо аларга ыктыярдуу элдик кошуундардын 9 миӊден ашуун мүчөлөрү жардам беришет.
  • Бишкек мэриясынын маалыматтарына караганда, борбордо 36 миӊ жарык берүүчү ЧЫРАКТЫН 9 миӊи гана иштейт.
  • 2015-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкектин борбордук төрт көчөсүндө бир тараптуу гана унаа жүрүшү киргизилгени жатат. Маалыматтарга караганда, КИЕВ, ТОКТОГУЛ, МОСКВА, БӨКӨНБАЕВ көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы орун алмакчы.
  • Бишкек ШИИББинин 2 күн жүргүзүлгөн «Издөө» операциясынын жыйынтыгында соттон жана тергөөдөн качып жүргөн 20 КЫЛМЫШКЕР кармалып, дайынсыз делинген 27 кишинин дареги аныкталды. Ошондой эле буга чейин каза болуп өздүгү такталбаган 6 кишинин аты-жөнү такталды.
  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 14-сентябрда билдиргендей, ОРУСИЯНЫН АЙМАГЫНА КИРҮҮГӨ 3 жылга тыюу салынып, жаза мөөнөтүнүн 1,5 жылын өтөгөн 16 миӊ кыргызстандык жаранга Орусияга кирүүгө уруксат берилди.
  • Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыӊдагандыгы үчүн Орусиянын премьер-министри ДМИТРИЙ МЕДВЕДЕВ «Данакер» ордени менен сыйланды.
  • Коррупция боюнча айыпталган Президенттик аппараттын мурдагы башчысы ДАНИЯР НАРЫМБАЕВ менен Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча тергөө жыйынтыкталды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы иш Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин билдирди.
  • 2014-жылы мектепке жашы жете элек балдардын 82 пайызы БАЛА БАКЧАГА бара алган эмес. Мындан улам алардын көбүнүн мектепке даярдыгы жок. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
  • Борбор калаада кыймылсыз мүлк агенттерине жана ТИГҮҮЧҮЛӨРГӨ суроо-талап жогору. Бул тууралуу Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаарындагы башкармалыгынын сурамжылоосунан кийин белгилүү болгон.
  • 2015-жылдын 8 айында Кыргызстанда жаш балдардын катышуусунда 920 жол кырсыгы катталып, 64 бала КАЗА ТАПКАН. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы кабарлайт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан