Жогорку Соттун Конституциялык палатасы «жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келбейт» деген чечим чыгарды. Мындай чечим Конституциялык соттун 14-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Конституциялык палатадан билдиришкенине караганда, чечим бир добуштан кабыл алынды.
Эске салсак, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келерин аныктап берүүнү өтүнүп укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылышкан.
Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгилегендей, биометрикалык маалыматтарды чогултуу шайлоо тизмесин так түзүүгө жана акыйкат добуш берүүгө шарт түзөт.
Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо 2014-жылы августта башталган. Сарпашевдин билдиришинче, биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны учурда
2 миллион 614 миӊ адамдан ашып, шайлоочуларды идентификациялоо иши аяктоо алдында турат. Азыркы тапта өтүп жаткан «Өзүӊдү тизмеден такта!» аттуу акциянын алкагында жарандар шайлоо тизмесинен өздөрүн тактап жатышат.
Адилет Туратбеков
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg