Алмазбек Атамбаев: «ТАЗА ШАЙЛОО ГАНА ӨЛКӨНҮН ТУРУКТУУЛУГУН КАМСЫЗ КЫЛАТ!»

Өкмөт менен акимдерге үгүт иштерине кийлигишүүгө тыюу салынды, ал эми саясий партиялардан ыплас оюндардан жана «кара» технологиялардан баш тартуу талап кылынды.

«Таза шайлоо – мамлекеттеги туруктуулукту бекемдөөнүн, өлкөнүн тынч жолдо өнүгүүсүнүн кепили». Мамлекет башчысы бул ойду Коргоо кеӊешинин кезектеги жыйынында дагы бир ирет баса белгилеп, өкмөт мүчөлөрүнө административдик кысым жасабоону, партияларга болсо ыплас оюндардан алыс болууну катуу эскертти.
Шайлоонун шайтан оюндары мамлекетке кандай кесепетин тийгизерин кыргызстандыктар абдан жакшы билет. Мамлекетибиздеги тарыхый олку-солкулуктар, жадакалса бийликтин күч менен алмашышынын негизги себептеринин бири – шайлоонун адилетсиз өтүшү, жыйынтыктарынын бурмаланышы болуп келген.
Ошондуктан келе жаткан парламенттик шайлоолорду таза, эркин жана адилет өткөрүү негизги милдет экендигин Алмазбек Атамбаев байма-бай айтып, бул багытта өлкөдө конкреттүү иш жүргүзүлүп келди. Мамлекет башчысы айткан сөзү, жасаган аракеттери менен шайлоолорду таза, ачык, адилет өткөрүүгө саясий эрки бар экендигин, бул жолдон тайбастыгын көрсөтүүдө.
Коргоо кеӊешинин жыйынында парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланып, ажо коомчулукта акыркы мезгилде пайда болгон негизсиз маалымат, ушактарды четке какты. «Кыргызстандын таза шайлоодон башка жолу жок. Албетте, бийлик каалагандай мандат таратып, андан кийин президент өзү чечип иштегени оӊой. Бирок кийин мунун кесепети бир жерден чыгат. Ар кайсы ушактар жүрүп жатат. Ачык айтайын, эгерде президент тымызын иштерге барайын десе мурдагы шайлоо мыйзамы эч өзгөрүүсүз калмак. Биометрика киргенден кийин жалпы шайлоого катышкандардын саны ашып кетсе 55-60 пайыз болот. Мурда эч негизсиз эле 90-100 пайыз деп белгилешчү»,- деди Алмазбек Атамбаев.
Бул сөздүн жүйөлүү экенин коомчулук танбайт. 2007-жылы президент Бакиев жана анын айланасындагы чиновниктер мандаттарды каалагандай кылып таратышканы элдин эсинде. Азыр «шайлоо мыйзамсыз өтөт» деп алдын ала көрөгөчтүк кылып жаткандардын айрымдары убагында жогорку кызматтарды ээлеп, бийликтен башка партияларга бут тосуп, электр жарыгын өчүрүп, телеканалдардан эфир бербей, административдик кысым көрсөтүүгө катышкандыгын эл унута элек.
«Жер-жерлерде бөрк ал десе, баш алган губернатор, акимдер аша чаап кетсе, албетте, анда эл ишенбейт. Бул шайлоо Кыргызстандын тагдырын чече турган шайлоо»,- деди президент.
Мамлекет башчысы бардык партияларга бирдей шарт түзүлүш керектигин баса белгиледи. «Саясий партияларга эч кандай басым жасабагыла. Бүт партияларга КТРК менен
ЭлТРде кандай шарт түзүлсө, жер-жерлерде дагы ошондой шарт түзүп бергиле»,
- деди. Ошону менен бирге президент шайлоо процессинин катышуучуларын да эски технологияларды колдонбоого чакырды. Айрым партиялар парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билип туруп, шайлоого өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн барууда. Муну баса белгилеген ажо өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылгандар жоопко тартыла тургандыгын эскертти.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясат таануучу: «АЙРЫМ ПАРТИЯЛАРДЫН УБАДАЛАРЫ ЧЫНДЫККА КООШПОЙ, ӨЗДӨРҮН УЯТ КЫЛЫП ЖАТАТ»
– Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстанда кандай жүрүп жатат? Айрым партиялар бул боюнча түрдүү убадаларды беришүүдө...
– Көпчүлүк партиялар элге берген убадасын аткарбай койгонду салтка айландырып алышкан.Азыр шайлоо алдындагы айрым партиялардын берген убадалары такыр эле чындыкка коошпой, аларга кадыр-барк алып келбей эле, уят кылып жатат. Шайлоодон кийин элдин «таза шайлоо болуп, татыктуулар парламентке келди» деген үнүн угууну каалайм. Азыркы парламентке аттанган саясатчылардын арасында губернатор, министр, премьер-министр болгондору да бар. Эмне үчүн кызматта отурганда азыр айтып жаткан убадаларын аткарышкан жок? Эми минтип убадаларды берип жатканына эч ким ишенбейт.
Коррупция менен күрөш жүргүзгөндөрүнө көп болду. Бир катар депутат, министрлерге кылмыш иши козголуп, алды камалып да чыкты. Демек, айрым партиялардын коррупцияга каршы күрөшөбүз дегени – даяр оокатты уурдап алганга барабар.

Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, энергетика жаатында эксперт: «КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫККА ЖЕТИШКЕНИНЕ БААРЫБЫЗ КҮБӨ БОЛДУК»
– Айрым партиялар энергетикалык көз карандысыздыкка жеткиребиз деп убада берүүдө. Бирок Кыргызстан энергетикалык эркиндикке жетишти. Сиз Кыргызстанда акыркы жылдары энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кандай жүрүп жатат деп эсептейсиз?
– Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкенине баарыбыз күбө болбодукпу, партиялар кайсы көз карандысыздыкты айтып жатты болду экен? Акыркы жылдары «Датка-Кемин» жогорку чыӊалуудагы электр өткөргүчтөр чубалгысынын курулушуна көп эмгек сарпталды. Буга чейин Токтогул
ГЭСинен өндүрүлгөн энергия Өзбекстан, Казакстанды аралап анан бизге келчү. Жолдогу чыгымдар, ижарасы биригип 15 миллион доллар мамлекеттик бюджеттен кетип жаткан. Кыскасы, энергетика тармагында жандануу бар. Алдыда ири энергетикалык долбоорлордун курулушу башталганы турат. Эми анча-мынча баанын көтөрүлгөнүнө да эл чыдашы керек.

Чолпонкул АРАБАЕВ, коомдук ишмер: «БИЙЛИК ТАЗА ШАЙЛООГО ЖАКШЫ ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИП ЖАТАТ»
– Мурдагы режимдерде шайлоодо оппозициялык партияларга кысым көрсөтүлчү. Бул жолку парламенттик шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүктөр берилүүдө. Бийлик да шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат. Ошентсе да айрым партиялар «биз таза шайлоого жетебиз» деп убада берүүдө. Мындай көрүнүшкө кандай карайсыз?
– Таза шайлоо өткөрүү жеке өкмөт же президентке тиешелүү эмес. Таза шайлоо өткөрүү – ар бирибиздин колубузда. Бийлик парламенттик шайлоону таза, акыйкат өткөрүүгө бардык шарттарды түзүп жатат. Мисалы, «бир адам – бир добуш» принцибинин негизинде өлкө тарыхында алгачкы ирет биометрикалык каттоо киргизилди. Ошол эле маалда жарандар да кайдигер карабай, шайлоого активдүү катышышы зарыл.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
EdikoKG
2015-09-21 16:53:53
Адилетсиз,шайлоонун шайтан оюндарынын жыйынтыгында мына урматтуу Алмаз мырза-сиз ажоо болуп олтурасыз.
0
ayko24
2015-09-22 12:28:22
Аман эле болун биздин президентибиз, женем иштеген мектепте ким СДПК ны шайлабаса иштен алынат деп коркуткан экен, женем менин да паспортум менен биометрикамы копиялап кетти, неге экенин билбейм. Уйумо чейин бироолор келип жатышат СДПК ны шайласаныз акча берем деп открыто айтышып, тообо эл башкарган адамдын ыйманы болсун да, макаланы окуп аябай кулкум келди.
+2
sport_lover
2015-09-22 14:20:40
ayko24, президент ошентип айтыптырбы, э? Же анын кол алдындагыларбы?
0
Santta
2015-09-22 13:44:28
«БИЙЛИК ТАЗА ШАЙЛООГО ЖАКШЫ ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИП ЖАТАТ» дейбиии? Кантип? Мугалимдерге СДПКны шайлап СДПКга агитация жургузбосонор айлык маянанар кыскартылат депппи ))))
+2
Ainura_kg85
2015-09-26 06:38:12
СДПК агитацияга келди кечээ, айылдагы шаардагы, мектеп, больница, бала бакча ж.б мамлекеттик кызматта иштегендердин баарын стадионго айдады. жогорку жактан буйрук болуп. аз келгенсип мугалимдерге ар бирин бештен адам таап барасынар дептир. Эгерде СДПКны шайлабасанар иштен кетесинер деп кысымга алыптыр. Ушул адилеттуу шайлообу? Адам укугун чектеп жатат го. СДПК келсе майрамдай мектеп окуучуларына сабак болбой стадиондо журушту. Озунчо эле бир кундук дем алыш. Башка партиялар келсе ишинди таштап не кылып журосун деп урушушат, окуучулар сабак окубай не кылып журот деп кыйкырышат. Корунуп эле турбайбы бийлик тараптан кысым бар экендиги.
+1
Zarema94
2015-09-26 18:01:51
Жанынарды жебегиле, бардык партия шайласан акча берем деп жатат бир эле СДПК эмес!
0
Tattybubu93
2015-09-27 16:23:41
Ушул Атамбаев аман эле болсунчу. Кыргыздын башына тушкон шору болду.Таза шайлоо деп башкалар айтса да СДПК и Атамбаев унчукпасын. Башка партиялардан деле бар, шайласанар акча беребиз деген, а СДПК прям шайлайсынар дер жатышат.
+1
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан