«Ала-Тоо» маалымат программасы аркылуу элди жаӊылыктар менен кабардар кылып келе жаткан диктор Чынар Капарова бүгүн бизде мейманда. Биз бул айым менен анын жеке жашоосу, жумушу жана максаттары тууралуу баарлаштык.
– Саламатсызбы? Сизди социалдык тармактардан издеп таппай койдум. Интернетке убакыт коротпогондордун катарында окшойсуз?
– Саламатчылык! Ооба, туура айттыӊыз, интернетке убактымды коротуп, ар кандай комментарийлерге башымды ооруткум келбейт. Анын үстүнө убактым да тар. Телевидениеден сырткары Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүндө сабак берем. Эртеӊ менен башталган жумушум түнкү саат 11лерде аяктайт.
– Балдарыӊыз бой жетип, сизге жардам бергенге жарап калгандыр?
– Кызым Бермет 14 жашта, «Айчүрөк» кыздар лицейинде окуйт. Келечекте эл аралык деӊгээлдеги журналист болсом дейт. Уулум Кубат 6-класстын окуучусу, спорт менен машыгат. Жакында эле Кореяда өткөн мелдешке катышып, таэквондо боюнча алтын медаль тагынып кайтты. Балдарымдын жеӊиштерин өзүмдүн жетишкендигим деп эсептейм.
– Ушул жерден балдарыӊыздын атасы жөнүндө да айта кетпесеӊиз болбойт...
– Жолдошум экөөбүз кесибимдин арты менен таанышып калганбыз. 3-курста теледе алып баруучу, кабарчы болуп иштечүмүн. Бир күнү мага «коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинен интервью алып кел» деген тапшырма берилди. Жетекчиге кирип маек алгам. Кийин ошол адам менин жолдошум болуп калды. Кубанычбек Жумакеев – милициянын полковниги, Таластын кулуну. Өзүнүн айылында аты чыккан, өз ишин мыкты билген тыӊ адам болчу. Бирок күтүлбөгөн ооруга чалдыгып, аны менен жарым жыл күрөштү. Жубай дегенди ошондо түшүндүм. Анткени оорусаӊ ата-энеӊ күйөт, бир тууганыӊ ыйлайт, балдарыӊ аталайт, бир гана жубайыӊ сенин бардык кыйынчылыгыӊа чыдап жаныӊда болот экен. Жолдошумдун дарты менен күрөшүп жүрүп баламдын тили кантип чыкканын деле баамдабай калдым. Тилекке каршы, балдарымдын атасына эркелей турган учурда анын көзү өтүп кетти. Ошентип 30 жашымда жесир калгам.
– Кайын журтуӊуз менен катышып турасызбы?
– Жолдошумдун көзү өткөндөн кийин кайненемди, кайнагамды жерге бердик. Таласта кайним, бул жакта кайын сиӊдилерим бар, катышып турабыз. Жолдошумдун экинчи жубайы болчумун. Бири-бирибизди жактырып, жаш айырмачылыгыбызга карабай баш кошкон элек.
– 9 жылдан бери жалгыз экенсиз, кайра турмуш куруу жөнүндө ойлонгон жоксузбу?
– Эл адамы болгондуктан элдин оозун карап жашап калат экенсиӊ. Кыргыз жек-жааттуу, тууган-уруктуу келет эмеспи. Эмне десе ошо десин деп кол шилтей албайм. Анын үстүнө балдарым да чоӊоюп калышты. Мен жөнүндөгү жаман ушактарды өзүм түшүнгөнүм менен балдарым түшүнбөйт. Алардын жүрөгү ооруйт деп кабатырланам. Ошондуктан көп нерседен өзүмдү чектеп келем. Азырынча турмуш куруу жөнүндө ойлоно элекмин. Бирок жалгыз эмесмин, мени түшүнгөн, колдогон адамым бар.
– Кээде элдин сөзүнөн тажап үй кожойкесине айлангыӊыз келеби?
– Бардык аялзаты сыяктуу мен деле бир учурда үй-бүлөнү тандап, үй кожойкесине айлангам. Бирок жолдошумдун көзү өткөндөн кийин белимди бекем бууп, жумушка чыгууга туура келди. Болбосо үйдө эле отурмакмын. Анткени ал мага бардык шартты түзүп берген.
– Келиӊиз, кесибиӊиз тууралуу кеп кылалы. Телеге кантип келип калдыӊыз эле?
– Бала кезде эле телевидениеге чыксам деп кыялданчумун. Максатыма жетүү үчүн Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырдым. 1-курста телеге практикага келсем, «Баластан» студиясына жиберишти. Ал жактагы эжелер «чай алып кел, нан алып кел» деп жумшашса, ошол мен үчүн чоӊ бакыттай сезилчү. 2-курста аракетчил деп коммерциялык каналга которушту. «Арноо концертин» алып барып көрдүм. Анан жетекчилик «жаш экен, улуу адамдарды жаш кызга окутканыбыз туура эмес болуп калат» деп чыгарбай коюшту.
3-курста «Ала-Тоо» студиясында штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштей баштадым. Бир күнү жетекчилик «сен эфирди алып бара аласыӊбы?» деп калды, «алып барам» десем, «анда эртеӊ даярданып кел, эфирге чыгасыӊ» деди. Толкунданып түнү бою уктабай чыккам. Чачым узун болчу, эфирге чыгам деп узун чачымды кыркууга туура келген.
– Теледе жүргөнүӊүзгө 19 жыл болуптур, ордуӊузду жаштарга бошотуп берчү күн келет дегендей...
– Өмүрүм телеге байланып калган. Ошондуктан бул жактан кеткенде кантем деп кооптоном. Бирок ал нерсеге да даяр болушум зарыл. Андыктан билгенимди жаштарга үйрөтүүдөмүн. Эртеӊки күнү артыма кылчайып, балдарды тарбиялаган турбаймынбы деп сыймыктанышым керек.
– Кесиптештериӊиздин арасында депутаттыкка аттангандары да бар, сизде андай ой жокпу?
– Мурунку жана азыркы чакырылышта сунуштар түшкөн. Мен ойлонуп көрдүм, учурда мен телевидениеге, теле мага керек экен. Жетекчилик эфирди ишенип берип жаткандан кийин азырынча иштешим керек. 5 жыл мурун саясатка аябай кызыккам. Эмнегедир менде аралашып алгандан кийин ошол багыт менен кете аламбы, 5 жылдан кийин эмне жумуш кылам деген суроо пайда болду. Бул суроого жооп табылбаган соӊ азырынча саясатка аралашуунун кажети жок го дейм.
– Түз эфирде иштеген ары кызыктуу, ары жоопкерчиликтүү болсо керек?
– Илимпоздор «түз эфирде иштеген алып баруучунун жумушу, кан басымы космоско учуп келген учкучтукундай» деп салыштырышкан экен. Бизге деле космоско учуп бара жаткандай «үч, эки, бир, нөл, кеттик!» дейт да. Команда менен космоско учуп кеткендей болобуз.
Бир жолу түз эфирде кабарларды окуп жатсам лампочка жарылып, сыныктары башыма түшө баштады. Чочуганымдан башымды кыймылдатып жиберип сөзүмдү уланта бердим. Лампочканын калдыктары желкеме түштү эле, аябай ысык экен, ошого да чыдап отурганым эсимде. Негизи теледе темирдей бекем киши гана иштей алат, жүрөгү бош, боорукер адам оорукчан болуп калышы мүмкүн. Башында ар кандай ушактарды угуп апама ыйлап барган күндөрүм болгон. «Кагылып, кагылып жүрүп как баш болосуӊ» дегендей, такшалып ордумду таптым.
– Маегиӊизге рахмат!
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg