АЛА-ТОО АЛП ЖАЗУУЧУДАН АЙРЫЛДЫ

Адабият айдыӊына ат көтөргүс салым кошкон, кара сөздүн алпы Казат Акматов 14-сентябрь күнү 74 жашында дүйнө салды. Чындыкты бетке карманган жазуучу коомдук, саясий иштерден да четте калган жок. CCCР Жогорку Советине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «легендарлуу» парламентине депутат болуп шайланган. Жазуучунун «Мезгил», «Мунабия», «Күндү айланган жылдар», «Архат» өӊдүү чыгармалары окурмандардын купулуна толуп, бир нече тилге которулган. Анын «Мунабия» повестинин негизинде режиссёр Таалайбек Кулмендеев учурда тасма тартууда.

АКМАТОВ КАЗАТЫНЫН СОӉУНА ЧЫКТЫ
Жазуучунун атасы согушка аттанып жатканда «эгер курсактагы наристе эркек болсо, атын Казат койгула» деп керээз калтырып кеткен экен. 1941-жылы согуш алааматы от алып турган кезде төрөлгөн наристеге атанын керээзин эске алып Казат деген ысым ыйгарылат. Атына заты жарашып жазуучунун өмүрү өткөнчө коомдук, саясий, маданий, чыгармачыл чөйрөдөгү баскан жолу кайнаган иштер менен коштолду. Ал кайсы жерде, кандай кызматта иштебесин алдыӊкы сапта, лидер катары таанылар эле. Адабияттагы дүбүртү айрым адамдарга жакпай, далай ирет бут тосууларга кабылган жайы бар. Бул тууралуу Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев тарыхый чындыкка токтолду:
«Мезгил» романы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөндө, комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү сыйлыкты алышына макул болгонубузга карабай борбордук комитеттин көрсөтмөсүнүн негизинде берилбей калган. Көрсө, ал сыйлык башка адамга берилиши керек экен. Ал учурда Казат КПССтин борбордук комитетинде иштечү. Ага «сыйлыкты албайм деп айт, баш тарт» десе болбой, аларга моюн толгоп чындык үчүн күрөшкөн. Бирок бийликтин укуругу узундук кылып сыйлыкты албай калган».
Эгерде талант дымактуу болсо ал өз баасын сөзсүз аларын жазуучу «Архат» романы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алганда далилдеди. Ал мейли саясатта, мейли чыгармачылыкта же жай турмушта жүрбөсүн адилеттик үчүн күрөшүп жүрүп өттү. Казат Акматовдун жалган дүйнөдөгү жашоосу да, акыйкаттык үчүн баштаган казаты да акыр аягына чыкты.

«МУНАБИЯ» – ЧЫГАРМАСЫ, КЫЗЫ, ЖЫРГАЛЫ, АЗАБЫ БОЛДУ
Казат Акматов эр ортону элүүдөн өткөндө көргөн кызына чыгармасынын атынан Мунабия деп ысым ыйгарган. Жазуучу «Мунабиям турмушка чыкканда кайын журту уруксат берсе аны менен кошо барып жашайм» деген эле. Тилекке каршы, кызы турмушка чыккан жок. Жазуучу анын таттуу балалыгына тойгону менен, анын келечегин көрө албады. Атасынын эрке кызын 2012-жылы оор жүк ташуучу унаа сүзүп кетип жан берди. Бул каргашалуу окуя Казат Акматовду алсыратты, кайгыртты, сындырды, жеӊилбеген казатка моюн сундурду, мөгдүрөттү. Кызын жерге берерде анын жанынан жай алып, «өлсөм бир мазарда жатайын, кызымдын жанына койгула» деген керээзин калтырган экен. Жазуучунун айтканын эки кылбай жакындары Мунабиясынын жанына, Байтик айылындагы мазарга жерге беришти. Анын артында 1 уул, 3 кызы калды.

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «ЭЛ БААТЫРЫН КӨЗҮ ТИРҮҮСҮНДӨ АЛСА БОЛМОК»
– Казат агай коммунисттик системде иштеп жүрсө дагы демократиянын, эркиндиктин желаргысы келишин күтүп жүргөн. Ал өз көз карашын партияга, бийликке айтуудан корккон эмес. Ошол кезде эле акыйкаттыкты айтып, талашып-тартышып, чындык үчүн күрөштөн чарчабаган мүнөзү кийин бизге үлгү болду. 1990-жылы КДК (Кыргызстан демократиялык кыймылы) түзүлгөндө жогору жактын кысымына карабастан Жазуучулар союзундагы иш бөлмөсүн бизге берип койду. Анын кабинетинде чогулуп алдыда жасалчу иштер тууралуу кеӊешчүбүз, Казат агайдын ойлорун укчубуз. Ошондо Борбордук комитеттен «эй, Казат, от менен ойнобо! Балдарды козутпа!» деп эскертүү алганына карабай аларга тиш кайрап, «асманыӊар болсо таштап ийгиле, мен силерден коркпойм» деп жооп бергени күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.
Ал өз учурунун үлгү кылар патриоту эле. Биз жакында КДКнын 25 жылдыгына карата чогулган жыйында Казат Акматовго Кыргыз Эл баатыры наамын берүү боюнча сунуш кылган элек. Маданият министрлиги өлөрдөн бир күн мурун наам берилсин деген чечим чыгарыптыр. Өлдү-өчтү болуп унутулуп калбай Эл баатыры наамынын берилишин президенттен суранабыз.

Түгөлбай Мамбетжунушов, тайпалашы: «ЧОГУУ ОКУГАНДАРДЫН ИЧИНЕН КАЗАТ БИРИНЧИ ЖЕТЕКЧИ, ДЕПУТАТ БОЛДУ»
– Казат экөөбүз Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде бирге окудук. Ал ошол учурда эле тайманбас, чындыкты бетке айткан жигит болчу. Мугалимдер менен талашып-тартышып, акты ак, караны кара деп кызыл чеке болгонго чейин барчу. Шоктугу да бир топ эле. Кыздарга тийише коём деп 3-курсунда окуудан айдалып кетти. Өжөрлөнүп жатып кайра окууга кирип, чогуу аяктаганбыз. Тайпалаштардын арасынан Казаттын китеби биринчи чыкты, арабыздан ал биринчи жетекчи болду, депутат болду. Акыркы ирет телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө «мен ооруканада жатам» десем, «көлдүктөргө көл жакпай калган окшойт, мен дагы көлгө барып ооруп ооруканада жатам. Чыккандан кийин телефон чалам, жолугабыз» деди эле. Буйрубаптыр, жолукпай калдык. Жаткан жери жайлуу болсун!

Азим Акматов, уулу: «КАРЫНДАШЫМ КАЗА БОЛГОНДОН КИЙИН ӨЗҮН ТАШТАП КОЙДУ»
– Атам каза болгондон кийин достору, акын-жазуучулар «кыргыздын тоосу кулады, күнү чыкпай калды» деп жатышат. Мен үчүн атам өлгөн жок, ал эч жакка кеткен жок. Көз карашы, кылык-жоругу, мүнөзү менен биздин жаныбызда дагы деле тирүү жүргөндөй. Балким, мен анын арабыздан кеткенин кабылдай албай жатсам керек.
Атам жаштарга жакын болчу. «Ушул бала жакшы акын болчудай экен, жазуучу чыкчудай экен, жардам берип коёюн» деп эле жүрчү. Жазуучулар атамды шопур дешчү. Анткени ал 16 жашында айдоочулук күбөлүк алып, өмүрү өткөнчө унааны өзү айдап жүрдү. Акын-жазуучулар жолугуп майрамдап калганда баарын үйлөрүнө жеткизип анан келчү.
2012-жылы карындашыбыз каза болгондон кийин өзүн таштап койду. Алыска план түзгөндү токтотуп, бир жума, бир айга гана план түзүп калган. Атабыздын көӊүлүн көтөрөлү деп китептерин чет тилдерге котортуп, Лондондон төрт китебин чыгартып бердик. Ноябрь айында «Архат» романы англис тилинде басылып чыкмак. Аны өзү көрбөй калды. Атам эч кимди кыйнабай жан берди. Каза болгон күнү эртеӊ менен мага телефон чалып, «балам, үйгө кел» деди. Шашып барсам диванда жаткан экен, 10 мүнөттөй колумду кармап отурду. «Ата, бир нерсе айтасызбы?» десем, «эмне дегенимди түшүндүӊ да» деген боюнча сөзгө келген жок.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов кызынын жанына коюлду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
street
2015-09-21 22:44:22
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
kutucsha
2015-09-22 00:50:33
Жаткан жери жайлуу болсун ,калган омур жашын жакындарына берсин Кудайым
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан