«ОРТО-САЙ» БАЗАРЫНДА «РОСИНБАНКТЫН» ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

17-сентябрда борборубуз Бишкек шаарынын эл кымгуут болгон борбордук бөлүгү – «Орто-Сай» базарында «Росинбанктын» кезектеги филиалы ачылды. Бул чекене борбор базардын Пудовкин Жукеев көчөсү тарабында жайгашкан. Эми базарга соода-сатык кылганы барган эл убакытты үнөмдөп, «Росинбанктын» чекене борборунан төмөнкүдөй кызматтар менен камсыз болушат:

• Эсептик-кассалык тейлөө
• Депозиттерди ачтыруу
• Валюта алмаштыруу
• Ыкчам акча которуу
• Эл аралык системадагы (Visa, Union Pay, «Элкарт») карталарды алуу, колдонуу, жана башка көптөгөн кызматтар.

Жаӊы ачылган чекене борбор кардарларды ыкчам тейлеп, колдонуучуларын ылайыктуу кеӊсе, жаӊы технология жана ыӊгайлуу күтүү залы менен кубандырат.
Кеӊсенин шарлар байланып, майрамдык маанай, жагымдуу атмосфера тартуулаган кире беришинде ачылыш тасмасы кесилди. Бул саамалыкта «Росинбанк» ААКсынын төрагасы Евгений Немиринский: «Бул чекене борбордун ачылышы – «Росинбанктын» кезектеги жагымдуу окуясы. Акыркы жаӊы технология менен жабдылган, жарык жана кенен кеӊседе жалпы конокторду кезиктирип жатканыбыз үчүн кубанычтамын. Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү кардарларды тейлөө үчүн бүгүнкү ачылып жаткан кеӊсебизде 20га жакын адис элди ойдогудай тейлейт деп ишендирем»,- деген оюн айтты.
«Росинбанк» ААКсы кызматтары боюнча өлкөнүн банк рыногунда адистештирилген түрдүү долбоорлору менен өзгөчөлөнүп келет. Алсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айында Бишкек шаарында Ипотекалык борбор ачылды. Бул борбордо адистер ипотека алуучу кардарлар үчүн ыкчам документтерди даярдоо кызматын ишке киргизишти. Мунун негизинде, пайыз бааларынын ыӊгайлуулугунан улам «Росинбанктын» кардарлары үчүн өз үйлөрүндө жашоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Тактап айтканда, кардарлар кыймылсыз мүлк менен камсыз болушуп, төмөндөтүлгөн пайыздар менен турак жай баасын бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Росинбанк» Кыргызстандын бардык аймактарында ири регионалдык банктарды ачуу менен жеке маркасын кармоону улантууда. Өзүнүн стратегиялык максаттарында келечекте филиалдардын санын көбөйтүп, банк кызматтарынын бир нече түрлөрүн иштеп чыгып, кардарларынын суроо-талаптарын жеткиликтүү деӊгээлде ишке ашырууну көздөөдө. Келечекте аталган банк Кыргызстандагы кардарларды тейлөө боюнча эӊ мыкты банк катары алдыга чыкмакчы.
Учурда «Росинбанкка» 130 миӊге жакын кардар ишеничин артып келет. Мындан сырткары банк жалпы Кыргызстан боюнча 800дөй жаранды жумуш орду менен камсыз кылууда.
Белгилей кетчү жагдай, кардарлар үчүн уюштурулган уникалдуу «Аптаптуу жай – 2015» акциясы аяктаарына саналуу гана күндөр калды. «Росинбанк» ААКсы сунуштаган бул пайдалуу сунуш ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин уланмакчы. Сиз бул акциянын алкагында VISA же Union Pay эл аралык системадагы карталары аркылуу ыӊгайлуу пайыздар менен колдоно аласыз. Акцияга катышкан кардарлар бул карталарда сактаган каражатына кошулган жылдык пайыздарды кыргыз сому менен 15 пайыз, ал эми АКШ доллары менен 10 пайыз негизде ай сайын алып турушмакчы. Мындагы башкы талап – сентябрь айы аяктаганга чейин VISA жана Union Pay карталарындагы каражат сом менен 15 000, ал эми доллар менен 1000 доллардан кем болбошу керек.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Pantherka
2015-09-21 10:28:31
кымбат банк!
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан