КЫРГЫЗ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАДЫ ДЕП «ПАТРИОТ» КАРМАЛДЫ

Москвада өзүн «патриот» атап, «башка улуттун өкүлү менен жүрдүӊ» деп күнөөлөп кыргыз кыздарын кордоп жүргөндөрдүн бири «20 жаштагы кызды зордуктады» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлерине 20 жаштагы кыз Майрамбек аттуу тааныш жигити аны коркутуу жана күч колдонуу менен зордуктап видеого тартып алып, өзү «патриоттордун» мүчөсү экендигин жана полицияга кайрылса тасманы интернетке жайып жиберерин айтып опузалагандыгын билдирген.
Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургунун кармашты. Суракта ал 2 ай мурун Москвага келгенин айтып берди. «Ал кыз менен Москвадагы бир ишканада иштегенбиз. Жүк ташуучу болуп иштечүмүн, ал кызга да жардам берип жүргөм. Жакшы мамиледе болчубуз. Ортобузда жыныстык катнаш болгон. Бир жолу ага «өзбектер менен байланышып мени тоготпой калдыӊ» деп катуу сөз айтып койгом. Аны урган эмесмин, чачынан кармагам»,- деп көрсөтмө берген. Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып коркутуу жолу же күч колдонуп зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
aibi8984
2015-09-21 10:48:53
Патриоттор оздору жайлап коюп, озбек менен тажике шылтап коeт экенда!
+8
Ago
2015-09-21 14:50:14
Бул жигит патриот эмес Патриот деген кыргыздын намысын тепселеген тряпка кыздарды тартипке чакырат. Бул жигит жонеле суйуу куйуу деген кыргыз.
-2
shiko
2015-09-22 01:15:40
Ago,тряпка кыздар дегенине жол болсун.жигиттсин. кыргыз нукура жигиттери.оозунарга алынар келбейт башка жеринерди жон турсун
+1
dasta
2015-09-21 15:08:36
ар адамдын оз укугу бар. патриотмун деп еле кыздарды кордой берген тууура емес ал кыздын озунон урмак тургай колу бутун сындырып койсон деле журсо журо берет ар адамдын озуно ынсап ыйман берсин ошо патриоттор колума тушсо барго чиркин алкымын жуулуп алмакын
0
temir82
2015-09-21 20:23:41
dasta,кошулам
0
Bandit_bala
2015-09-22 11:02:05
dasta, bratan kyrgyz baldary oshentse jakshy emespi kaiaktagy ozbek tajikter menen oshondoi bolgondon koro kyzdar osho jagynardy tyisanar kyrgyzda soz bargo (kunajyn kozun suzboso,buka jibin uzboit) dep beker aitkanemes ata babalar
-1
AykaMer
2015-09-21 16:41:00
Уф,ушул ХХХ патриоттор жаман нервке тийишти го... Патриот деген соз эмне экенин билишет бекен?! Патриот деп элин,жерин,аял,бала чакасын коргогон адамды айтат,кыз-келиндерди кордогон адамдарды Акмак деп айтат...эгер билсенер
0
admin_superstan
2015-09-21 17:20:40
AykaMer, эскертүү!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
0
nazi84
2015-09-21 17:26:53
Ушул "патриотторду" уйуру менен кармап жазаласа жакшы болмок. Ошондо берки "патриоттордун" созун суйлогон эркек соройлордун жаактары жап болот эле.
+1
Rifle
2015-10-04 01:56:52
nazi84,барганына 2 ай болсо , каяктагы патриот ? жон гана каалап турган бир жигит , баса калды да .
0
imanchik
2015-09-21 19:01:56
тим эле отуруп алып акылдуу болосунар да
+1
Altyn10076
2015-09-21 20:19:13
патриотторду кунолобогуло кыздарда да куно бар
-2
kutucsha
2015-09-22 00:38:34
Бироосу кармалган турбайбы эми калгандарын да табышса керек бул потриотчиктин жардамы менен
+1
nusichka
2015-09-22 19:59:20
Москвадагы патриоттор деле озбектерге, тажиктерге алданып жургон кыздар деле Кыргызстандын намысын тушуруп жатасынар. иштейм деп баргансынар иштегиле, бул жакта туугандарынар, ата-эненер кызым балам иштеп журот деп журушот. Ошол созго татыктуу болгула
-1
Shokoladka94
2015-09-23 00:14:23
Олбой эле койгула да кичинекей жеринерге алы жетпеген "патриот кыздар-балдар" аялбы эркекпи кудайдан корккулачы.
0
aihan77
2015-09-23 14:59:37
Эми зордуктаганын учун турмодо отур Чирип! Айткан показаниясы эми окшошсо бир жон эле....Кыздын да убалы бардыр....Патриот болбой ХХХ ХХХ ХХХ! Андай патриот экенсинер кыздарды,эне, эжелеринерди талаалатпай баккыла! Эркек уй булоону багыш милдети ал эми азыркы копчулук эркектер уйдо отуруп алышып кыздарын,аялын тентитип иштетип алардын салган акчаларына ичип ХХХ жургон соройлор да коп! Оздору зордуктап алып кайра тажиктер менен жатыптыр деп интернетке чыгарат да бети жок ХХХ!
0
admin_superstan
2015-09-23 15:08:34
aihan77, этика нормаларын сактаңыз!
0
kyma9183
2015-09-25 02:39:44
Ушул " патриот" соройлорго эмнеге чара корулбой келет?! Мынтип оздору келип бериптир эми чара колдоноор
0
kama_future_millioner
2015-09-27 19:39:46
ботон элде ботон жерде жакшы эле журсок экен
0
alatoositi
2015-09-30 13:18:30
Кыздар озу билет ким мн журот кимге козун кысат,зордуктабаш керек,тажик озбек мн журсо сен журбой кой,сен жакшы болсон,ар ким жасаган нерсесине озу куноолуу деп ойлойм
+1
alatoositi
2015-09-30 13:23:54
Журот да адам кыз болуп жаралгандан кийин каалаган кандай уллуттун баласы мн журуп суйлошкону укугу бар! Аны эч ким токтото албайт,чет элге тийип бактылуу балалуу чакалуу болгон аялдарыбыз бар жакшы жашаган,аларды да алып келип кордогула анда акмактар,эркек болуп бир катынды эптей албагандар бар оозуна келгенди оттошот
0
Rifle
2015-10-04 01:58:28
alatoositi,\
Мусулман мусулманга гана уйлонгондо нике шарттары толук аткарылат . Ага чейин зынаакорлук болот . хоть бактылуу жашаса дагы.
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан