Бишкекте доллардын баасы бир сутка аралыгында 3 сомго кымбаттап кезектеги рекордду койду. 15-сентябрь күнү 1 доллар 70 сом 50 тыйындан сатылса, 16-сентябрда 72,50-73 сомду чапчыды. Керек болсо бул күнү айрым акча алмаштырылуучу жайларда доллар калбай калгандыгын да айтып жатышты. Эске салсак, 14-сентябрда Улуттук Банк валюта базарына 17,6 миллион доллар интервенция жасаган болсо, 16-сентябрда 18,2 миллион доллар интервенция жасады. Валюталык интервенция – бул мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук Банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатып алынышы.
17-сентябрга карата акча алмаштырылуучу жайларда доллардын баасы 70 сомдун тегерегинде болду. Чет жерден алынып келинүүчү товардын баары доллар менен сатып алынарын эске алсак, мекенибизди кымбатчылыктын жаӊы толкуну каптаары түшүнүктүү. Эксперттер «бул чеги эмес, доллар жыл аягына чейин 100 сомго чыгышы мүмкүн» дешет.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg