Бишкекте 16-сентябрь күнү №38-мектептин окуучулары менен Республикалык Олимпиадалык резерв спорттук окуу жайынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, бычакташууга чейин жеткен.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып бычактан жаракат алган эки өспүрүм баланы көрүшкөн. Алар «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген соӊ Улуттук хирургиялык борборго да 2 өспүрүм бычактан жаракат алып түшкөнү маалым болгон.
Жалпысынан өспүрүмдөрдүн мушташынан 6 бала жабыр тарткан. Алардын төртөөнө бычак сайылган. Дагы бир өспүрүмдүн мээси чайкалып, биринин жаагы сынып кеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, №38-мектептин бир окуучусу ошол күнү бычак көтөрүп жүргөн жана Олимпиадалык резервдин окуучуларын бычактаган болушу мүмкүн. Ал эми бычактан жабыркаган окуучулардын абалы оор болуп, алар жандандыруу бөлүмүндө жатышканы маалымдалды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg