«Кыргызстан элдер конгресси» партиясынан депутаттыкка аттанган Карганбек Самаков, «Бир болдун» алдыӊкы катарында турган Игорь Чудинов жана «Замандаштын» таянар тоосу Искендер Айдаралиев шайлоо жарышынан четтеп кала жаздашты. Дегенибиз, депутат Карганбек Самаков 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталып жатат. Ал айдоо аянттарын трансформациялоого 2008-жылы премьер-министр Игорь Чудинов жана вице-премьер Искендер Айдаралиев кол коюп, макулдугун беришкен.
9-сентябрь күнү Баш прокуратура БШКга кайрылып, куйруктарындагы калбыры менен шайлоо жарышына аттанган бул үч азаматты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. БШК буга макулдук берген жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 4-октябрда шайлоо өткөндөн кийин гана бул талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн деди. Кызыгы, Самаков, Чудинов, Айдаралиев триосу шайлоодо депутат болбой калышса, Баш прокуратура тергөөсүн кадимкидей эле уланта берет. А эгер депутаттык мандат алып калышса, Баш прокуратура буларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн депутаттар корпусунан уруксат алуусу керек болот. Өздөрүнүн да эртеӊин ойлогон депутаттар коллегасын кылмыш жообуна тартууга оӊой менен макулдук беришпесине Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышындагы окуяларда күбө болгонбуз. Демек, жогоруда аты аталган үчөө кантип да болсо парламент босогосун аттап, мандат алууга аракет кылары турган иш.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg