ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ЛИЧБЕК, ЭСЕН, ЖУМАДИЛ, СИЛЕРДИ КӨП ИЗДЕДИМ»
– Мен Орунбай Холмирзаев 1986-1988-жылдары Байконур да 75505-63167 номурлуу аскер бөлүгүнүн 2-ротасында бирге кызмат өтөгөн досторумду издейм. Алар бишкектик Личбек Асанов, лейлектик Эсен Жапаров жана оштук Жумадил. Биз аталган кызматта айдоочу болуп кызмат өтөгөн элек. Тааныгандар болсо, издеп жатканымды кабарлап коюуӊуздарды өтүнөм. Мен азыр Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келип, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Панфилов айылында жашап жатам.

Тел.: 0778 06 62 67;
0554 01 48 28

«КАНАТ, ОКУСАӉ ЧАЛЫП КОЙЧУ»
– Мен 1981-жылы Орусиянын Архангельск шаарында бирге аскер кызматын өтөгөн таанышым Канат Дайыровду издейм. Канат, окуп калсаӊ байланышып койчу, күтөм.

Мидин, тел.: 0550 17 63 96

«КЛАССТАШТАР, КАЙДАСЫӉАР?!»
– Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейин 2002-жылы бүтүргөн Назгүл Түлеева, Анархан Калыгулова жана Индира Жумабекова аттуу классташтарымды издеп жатам. Кыздар, окуп калсаӊар байланышкыла. Урматтуу окурмандар, сиздерден да жардам күтөм. Таанып-билгендер болсо, аларга кабарлап коюуӊуздарды өтүнөм.

Нуржан Абакирова,
тел.: 0708 99 90 83

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.  Тел.: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан