13-сентябрь күнү ырчы Эмил Балтагулов уулдуу болуп, учурда маӊдайы жарыла сүйүнүп жүргөн кези. Эске салсак, ырчы мырзанын буга чейин 2 кызды тарбиялап келген. Сүйүнүчү тууралуу Эмил: «Быйыл уулдуу болсок экен деп аябай тиледим эле. Бирок кыз төрөлсө деле капа болбойт болчумун. Наристебиз 2 килограмм 600 грамм салмакта жарыкка келди. Ысымын ата-энем менен кеӊешип Мухаммед деп койдук»,- дейт.