«Жаӊы толкун-2012» сынагынын катышуучусу Бек Исраилов жакында үйлөнөт. Бектин жубайы болчу селкинин аты Айжаркын, белгилүү ырчы Чолпон Алсеитова мененкомпозитор Аскар Карыбаевдин кызы болот. Бул тууралуу ырчы: «Буюрса, жакында баш кошобуз, бирок той өтчү күндү тактай элекпиз. Айжаркын 21 жашта, кесиби мугалим. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 4 жыл болду. «Ысык-Көл-2011» эл аралык фестивалына катышууга баргам. Айжаркындын эжеси да бул сынакка катышкан эле, сүйүктүүм аны колдоп келиптир. Мына ошондо таанышып калганбыз»,- дейт. Ырчы мырзага бакыт каалайбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aytkulova
2015-09-21 09:06:17
Бактылуу болушсун!
+2
Gulzat86
2015-09-21 10:30:53
Эн негизгиси бири биринерге тирек болгула жашоодо.
+2
Lilia11
2015-09-22 06:56:31
Тоюнарга кубо бололу эми.
+1
luntik96
2015-09-22 18:11:23
ешигинердин алдында тапочкалар кобойсун))
0
jypar.i
2015-09-23 23:13:21
luntik96,биринчи экөө үйлөнсүн да
0
Leili
2015-09-27 09:52:17
Сулуу кыз экен Бактылуу болгула
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.