Үйдөгү казан-аяктын кагылышы, таарынып, кайра табышуу жаш түгөйлөрдүн өмүр жолунда көп эле кездешет. Белгилүү ырчы
Ильяз Абдыразаков менен жубайы
Медина тууралуу
«Алардын ортосун кара мышык аралап, ырчы жигиттин жубайы көптөн бери өз ата-энесинин үйүндө жашап жатат» деген кептер шоу чөйрөсүндө байма-бай айтылып жаткан. Таарынычтары жазылганбы, айтор, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга иле баштагандан кийин келишип алышыптыр деген жыйынтыкка келдик. Ал эми Ильяз:
«Медина экөөбүз таарынышкан деле эмеспиз, мен келишим түзүп Казакстанга кетип калгам. Ошол учурда Медина ата-энесиникинде жашап калды. Ошондон улам ажырашты деп ойлошсо керек»,- дейт.
Ал гана эмес
«Медина учурда экинчи наристесин күтүп жатат» деген кабарды кулагыбыз чалды. Ырчынын бүлөсүндө жакшылыктар көбөйүп жатканына кубанып калдык.
Эсиӊиздерде болсо, өткөн жылы
«Экарекордс» студиясынын жетекчиси, продюсер
Эрнест Уметалиев сүйүктүүсү ырчы
Чолпонайдын колун сурап, шакек такканын
жазганбыз. Кыз-жигит болуп жүргөндө казан-аяк болбосо да, кашык-вилкалар деле кагышып кетет эмеспи. Айтор, таарынычтын эпкинине бул түгөйлөр да кабылып, араздашып жүргөнүн байкагандар көп эле болгон. Эрнестке байланышканыбызда,
«биз он жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз, кээде таарынычыбыз бир жылга чейин созулат» деди.
Жакындан бери бул эки түгөйдүн дүкөндө, көчөдө чогуу, кыналыша жүргөнүн көрүп жарашкан тура деген ойго келдик. Ананчы, он жылдык мамилени бир жылда уратуу мүмкүн эместигине өздөрү деле ынанышты окшойт.