МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

– Баары жакшы болот.
Карыпбек аны сүйлөтпөй койду. Адел эрдин тиштеп гана кала берди. Убакыт өтүп жатты. Келин күн өткөн сайын сабагынан үзүлгөн гүлдөй болуп соолуп бара жатты. Анын
мындай абалына чочулаган Карыпбек дарыгерге алып бара турган болду.
– Сени врачка жаздырып койдум. Мындай абалда жүргөнүӊ болбойт. Күндө кусуп жатасыӊ, өӊүӊдөн да азып кеттиӊ.
– Мага врачтын кереги жок. Жакшы болуп кетем,- деди акырын үн каткан Адел.
– Жок, эртеӊ чогуу барабыз.
Келин аргасыз баш ийкеди. Экөө теӊ алдыда эмне күтүп турганын билбейт эле. Адел текшерилип жатканда коридордо күтүп турган Карыпбекке доктур утурлай чыгып күлүмсүрөй берди.
– Куттуктайм, жакында ата болот экенсиз. Жубайыӊыздын бир айлык боюнда бар экен.
– Кандайча?
– Эмнеге таӊ калып жатасыз?
– Бир айлык боюнда бар дедиӊизби?
– Ооба.
Кубанат деп ойлогон доктур Карыпбектин өӊү купкуу болуп турганын көрүп таӊ кала берди. «Ушул жашында жаш аялы төрөп берип жатса сүйүнбөйбү» деди ал ичинен. Карыпбек эшикти шарт жаап сыртка чыгып кетти. Кулагына «бир айлык боюнда бар» деген сөз кайра-кайра жаӊырып жатты. «Менин балам эмес» деди ичи сыйрыла. Анткени Аделдин дарыланып жатам деп жок шылтоолорду айтып өзүнө жолотпой жүргөнүнө эки айдан ашып калган эле. «Ким? Ким менен байланышы бар? Кантип бирөө менен мени алмаштырды? Оо, Жараткан, ушул жашымда мындай сыноону мага эмнеге бердиӊ?» деп жатты жан дүйнөсү куурула. Эки колу менен башын мыкчый берди.
Боюнда бар экенин уккан Аделдин жүрөгү оозуна кептелди. Мындай болору таптакыр оюна келген эмес. Эмне кыларын, эмне деп ойлонорун билбей калды. Оюн жыйынтыктай албай, шалдырай сыртка жөнөдү. Эки колу менен башын мыкчып отурган күйөөсүн көргөндө эрксизден артка кетенчиктей берди. «Өлдүм, мени өлтүрүп койгондон кайра тартпайт» деп жатты алдастаган ойлору. Карыпбек башын көтөрүп, өзүн карап турган аялын көрүп жини ташкындап чыкты. Ушул учурда аны өлтүрүп койгусу келди.
– Отур машинеге!- деди ал өкүм үнү менен.
Үйгө дегдеӊдете колунан жетелеп келди да, жулкулдатып жиберди.
– Канчык десе, кимдин баласы?! Айт, боюӊдагы кимдин баласы?!
Адел коркконунан бир ооз сөз айта албады. Ого бетер калчылдаган Карыпбек өзүн башкара албай чаап жиберди. Топтой тоголонуп кеткен аялын аяган да жок. Ошол учурда Айкөл келип калбаганда ура берип өлтүрүп коймок беле, ким билсин? Ызы-чууну угуп чуркап чыккан Айкөл Аделди уруп жаткан таякесин көрүп жини келип кетти.
– Болду, токтотуӊуз! Дагы бир жолу колуӊуз тийсе, мен да өзүмдү кармабайм.
– Ары тур, Айкөл, сен аралашпа!
– Аралашам!
Карыпбектин колун кармап коё бербей койгон Айкөл чечкиндүү үн катты. Карыпбек бир чети жээни үйдө болуп токтотуп калганына сүйүнүп турду. Энтигип туруп калды да, аргасыздан өксүп ыйлап жиберди. Айкөл биринчи жолу таякесинин көз жашын көрүп эмне кыларын билбей калды.
– Эмне болуп кетти?- деди ал.
– Эч нерсе болгон жок,- деп күбүрөгөн Карыпбек шалдырай бакча жакка басты.
Жерде жаткан Адел ушул мүнөттөрдө өлүп алгысы келип турду. Уяты, намысы жанын жеп, көзү караӊгылап турду. Башын көтөрүп Айкөлдүн да жүзүн карай албады.
– Эмне болду, жок дегенде сен айтчы?
– Менин боюмда бар,- деди келин суз гана. Айкөл жер муштап жиберди.

ххх

Ушул окуядан кийин Карыпбек кырс, каардуу, таш боор адам болуп чыга келди. Аделди болбогон жерден каарып, уруп жиберчү өнөр таап алды. Жан дүйнөсүн куйкалаган кызганычты, ызаны кантип, кайдан чыгарарын билбейт. Же биротоло ажырашып кете албайт. «Баланын атасы ким экенин айт?!» деп күнү-түнү эзе берчү болду. Адел болсо тилин тишине катып үн катпайт. Кандай кыйын күнгө таштап салып басып кетсе да, ал дагы деле Тимурдан үмүтүн үзө албай жүргөн. Карыпбекке айтса өлтүрүп коёру бышык. Акыркы жолуккандагы «убакыт бер, баары бир чогуу болобуз» деген сөзүн эстейт. Ошону эш тутуп, үмүт кылып жашап жүрдү. Тимурга жолуксам абалымды түшүндүрөм деп ойлойт, бирок күнү-түнү кайтарууда, телефонун күйөөсү алып койгон. Бир күнү Тимур кайдан-жайдан үй телефонго чалып калды.
– Алло!
– Адел, бул мен, Тимур. Кандайсыӊ?
– Жакшы, мен сени менен сөзсүз жолугушум керек. Сага айта турган жаӊылыгым бар.
– Мен дагы сени сагындым. Телефонуӊа чалсам өчүк экен. Бүгүн кечинде силердин үйүӊөрдүн жанында болом, таӊ аткыча күтөм. Бир нерсени шылтоолоп чык.
Адел телефонду коё салды. Соолуган жүрөгү кайра согуп жаткандай сезилди. «Мен билгем, ал мени унута албасын билгем» деп сүйүнүп жатты. Бирок дарбаза күнү-түнү бек болорун да жакшы билет. Айкөл уктап жатып түн ичинде кимдир бирөө аяр түрткүлөп жатканын сезди. Караса Адел экен.
– Эмне болду?
– Тимур келди, мен ага жолугушум керек. Жардам бериӊиз, Айкөл байке. Таякеӊиз менен баары бир жашай албайм, жашоомду тозокко айлантып койду. Эчен жолу ажырашып кетели дедим, бирок болбоду. Жанымды кыйнап жиберди. Тимурга бала тууралуу айтам. Ал мени болбосо да баласын кабыл алат...

(Уландысы кийинки санда)

Жакында...
Жанардын жашоосунун бир бөлүгү Москванын метролорунда өтчү. Жумушка бармай-келмей... Бирок ал капысынан дал ошол метродон өзүнө өтө эле тааныш жүздү көрүп чочуп кетти. Жок, мындай болушу мүмкүн эмес! Ал өлдү деген, азасын күткөн, канча ирет жоктоп ыйлаган адамдын жүзү болчу. Анын түбөлүккө жумулган көздөрүн, көгөргөн, муздаган эриндерин өксүп ыйлап өпкүлөбөдү беле?! Өзү көмбөдү беле?! А бул тирүү жүрөт го... Кантип?! Мындай болушу мүмкүн эмес. Көргөн көздөргө ишенүү кыйын болду. Бирок тагдыр ага бул эле эмес, мындан башка да чечилгис түйүндөрдү, ойго келбес бурулуштарды даярдап койгон болчу.
Урматтуу окурман, чыныгы жашоодо кездешкен окуялар баяндалган «Джи» сериалын сунуштайбыз. Сандан санга калтырбай окуӊуз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
samira.0907
2015-09-28 09:18:09
Биринчи,сыягы бул сериалдын буто турганына аз калган окшойт..
0
kgul
2015-09-28 09:20:57
ииий кокуй
0
aikol87
2015-09-28 09:23:41
Аз калыптыр.боюнда болуп калат деп журдум эле.
0
chubi
2015-09-28 10:22:58
МЕН -1-ЧИ
0
magic1721
2015-09-28 13:45:09
chubi,корунбойт го )
0
aytkulova
2015-09-28 14:24:40
Адел олуп эле албады ошондон коро. Куйоосу бар туруп, башкадан боюнда болуп... Айкол эле жакшы))
0
dasta
2015-09-28 17:13:00
тимур тийишпей еле жургон еле го па мойм аыркы жолугушуда бойуна бутуруп койгон окшойт бечара кызга еле кыйын болду байкуш десе
0
medina.
2015-09-28 19:56:23
Мынча аз?
0
Deniza88
2015-09-28 22:50:38
Кыйратыптыр
0
Nkvd_1993
2015-09-28 23:33:16
Эхх,,,даааагы бир жума ааа.
0
Askar.96kg
2015-09-29 19:24:16
Келинге жаман ачуум келип жатат...бирок...ий...жаман жүрөктү эзет го....
0
Missulya
2015-09-29 19:44:10
Ырас болот...эми Тимур укса качып кетет анан Айкол баланы багам дейт ошентип жашап калышса керек)))
0
amina.sapar
2015-09-30 01:02:06
Ииий жаман болду байкуш келинге,суйбогонго суйконбо деп ушуну айтса керек(((
0
mayram-akmat
2015-10-01 16:22:09
Эми эмне болот экен...
0
sabira.199890
2015-10-04 16:52:30
Тушунбодум!!! Тимур Аделге тийишпей жургон эле анан кантип 1айлык боюнда болот!
0
bermi
2015-10-05 08:35:26
emne jani sani okulbait, tuwunbodum
0
admin_superstan
2015-10-05 10:51:10
bermi, саламатсызбы!
Гезиттин жаңы саны саат 9:00дө жарыяланат.
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан