ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-сентябрдан 4-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Тажрыйба топтоп, ишти илгерилетүүгө ыӊгайлуу апта. Үй-бүлөдөгү маселелерден чоочун адамдай четтеп өтүп кетпей, өз оюӊузду айтып, жардам керек болсо кол сунууга даяр болуӊуз. Дем алыш күндөрү үйдөн сырт жакта эс алуу күтүлбөйт. Андыктан сыналгынын алдында жамбаштап жатып эс алсаӊыз болот, албетте, сизге тиешелүү үй жумуштарын бүткөргөндөн кийин.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта билим жаатында жүргөндөр үчүн жагымдуу жаӊылыктары менен эсте калат. Андан сырткары алыскы жолго чыкчулардын жолу шыдыр болуп, пландаган иши ийгиликтүү бүтүшү күтүлөт. «Бетке айткан сөздүн заары жок» деген принципти колдоном деп жакын адамыӊызды таарынтып алышыӊыз мүмкүн. Ишембиде достор менен чогуу көӊүл көтөргөн тамашалар коштолгон кече күтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Үйгө керектүү буюм сатып алууга жетчүдөй олжого ээ болушуӊуз мүмкүн. Иште сизди жаӊы долбоор күтүп турат, аткара алсаӊыз карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Үй-бүлөдө майда чыр-чатактар орун алышы ыктымал, сабырдуулук керектелет. Аптанын аягында жолдо жүрүүдө сак болуӊуз, кырсык тооруп бир жериӊизди кокустатып алышыӊыз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ийгилик жаратуу үчүн ден соолук бекем болушу керектигин эсиӊизден чыгарбаӊыз. Аптанын ортосунда түгөйүӊүз мурда сиз байкабаган кылыгы менен таӊ калтырат. Мындан соӊ түгөй тандоодон жаӊылган жокмунбу деген дилеммага кез келесиз. Дем алышта көптөн бери жолуга элек туугандарыӊыздыкына барыӊыз, аларды кубантып, өзүӊүз да эс алып кайтасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Мурда бүтпөй келген ишиӊизди аптанын башында бүткөрүп, көӊүлүӊүз тынч алат. Бирөөгө арачы болом деп чоӊ чырдын себепчиси болуп калышыӊыз мүмкүн, ызы-чуудан алыс болгонго аракет кылыӊыз. Аптанын ортосунда бойдокторду жаӊы таанышуулар күтөт, бирок ортодо жаралган мамиле көпкө узабайт дешет жылдыздар. Эс алуу күндөрү үй-чарба иштери менен алек болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чыгармачылыкта жаӊы эмгектерди жаратууга эргүү берчү апта, пайдаланып калыӊыз. Аптанын ортосунда күмөндүү сунуштардан баш тартыӊыз, болбосо юридикалык жоопкерчиликке тартылып калышыӊыз ыктымал. Эс алуу күндөрү бир агымда өтүп жаткан күндөргө өзүӊүз көрк берип, үй-бүлө мүчөлөрүнө белек-бечкек тартуулап, таттуулар менен көӊүлдөрүн көтөрүӊүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында жетекчилик сынап көрмөккө бир иш тапшырышы мүмкүн, сизден чыгармачылык жана талант талап кылынат. Эмоционалдык теӊ салмакты сактай албай, депрессияга кабылуу коркунучу бар, каранын артынан ак тилке келерин эсиӊизге алыӊыз. Апта соӊу жан дүйнөӊүз жай алып, ойлоруӊузду иретке келтиресиз, буга сиздин сүйүктүүӊүз көмөктөшөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта бою көӊүлүӊүздү ооруткан адамдан кантип өч алуунун жолун издеп кыйналасыз, өзүӊүзгө зыян келтирип албайын десеӊиз, кечиримдүү болуу керектелет. Жумушта документ иштеринде сак жана так болуӊуз. Күздүн бирде жылуу, бирде салкын абасында ооруп калышыӊыз мүмкүн, ден соолугуӊузга көӊүл буруӊуз. Эс алуу күндөрүн шаӊдуу компанияда өткөрүшүӊүз ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Идеяларга бай апта, эӊ негизгиси убагында көӊүл буруп, колдонуп калганга аракет кылыӊыз. Бейтааныш адам кокустан жардам берип, жакшы тааныш, керек болсо кол кармашып бирге жүрчү түгөй табышыӊыз мүмкүн. Сырыӊызды эч ким менен бөлүшө албай жатсаӊыз, табият коюнуна чыгыӊыз же болбосо үй жандыктары менен сүйлөшсөӊүз жеӊилдеп каласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Той-топурду эч ойлонбостон ушул аптага пландай бериӊиз. Баары сиз ойлогондой болот. Майда-чүйдө себептерден улам досторуӊуз менен араздашып кетүүӊүз ыктымал, түшүнүктүү, сабырдуу болуӊуз. Аптанын ортосунда жолго чыгышыӊыз ыктымал. Дем алыш күндөрүн эс алууга эмес, жумушка арнасаӊыз, пайдасын көрөсүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Каржы жаатында кыйынчылыкка учурайсыз, андыктан көп суммадагы акча кетчү нерселерди сатып алуудан баш тарта туруӊуз. Апта маанайыӊызды көтөрчү жаӊылыктарга бай. Бейшемби, жумада ашып-ташкан энергияӊыз менен бир топ ишти алга жылдырууга жетишесиз. Апта соӊун өзүӊүзгө арнап, спорт залга, сулуулук салонуна барыӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Балык жылдызындагыларды ийгилик кошточу апта. Жумушта керектүү байланыш, ийгиликтүү кызматташуу күтөт. Ал эми жеке жашоодо түгөйүӊүз менен түшүнбөстүктөр чыгып, маселе чечилгиче бир топ нервиӊиз корошу мүмкүн. Мындай ызы-чуунун алдын алып, сүйүктүүӊүзгө романтикалуу кеч тартуулап, көӊүлүн көтөргөнгө аракет кылыӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан