«ЖАМИЙЛА» СОГУШТА ДА МАХАБАТ ЖАШААРЫН ДАҢАЗАЛАГАН ТАСМА
Француз жазуучусу Луи Арагон Чыӊгыз Айтматовдун «Жамийла» повести тууралуу «Махабат жөнүндөгү эӊ мыкты баян» деп айткан. 1968-жылы орус режиссёру Ирина Поплавская чыгармага жан киргизип тасма кылып тартып, ал махабат тууралуу мыкты фильмге айланды. Аны азыр да баары сүйүп көрүшөт. Кайра-кайра көргөндөн тажабаган «Жамийла» тасмасынын таржымалына кайрылып көрдүк.
ТАСМАГА ЖАН БЕРГЕНДЕР
Режиссёру – Ирина Поплавская
Сценарийин жазган жана текстти окуган – Чыӊгыз Айтматов
Оператору – Кадыржан Кыдыралиев
Жанры – Драма, мелодрама
Узактыгы – 1 саат 22 мүнөт
БАШКЫ РОЛДОРДО:
Жамийла – Наталья Аринбасарова
Данияр – Сүймөнкул Чокморов
Садык – Алтынбек Кенжеков
Сейит – Назрет Дубашев
Жаӊыл – Алиман Жангорозова
Осмон – Мухтар Бахтыгереев
«Чамдагыла-чамдагыла, келиндер, Ана-мына дегиче келип калат эриӊер». Бул согуш убагындагы кемпир-кесектин келиндерди сооротуп айткан саптары. Ушул сыяктуу түгөйүн зарыгып күткөн жаш келиндердин оюн, зарын, муӊун, сагынычын жазуучу Жамийланын образы аркылуу ачып берген жана бул тасмада да мыкты чагылдырылган.
Согуш учурунда Осмонго окшош катынпоздор да болгон. Жеӊесин кызганган Сейитти Осмон ыргытып жиберет эмеспи. Назрет Дубашевдин айтуусунда, бул эпизодго даярданып жатканда аны түртүп эле койгон экен. Тартуу учурунда чындап эле ыргытып жибергенде денеси бир топко чейин ооруптур. Аталган эпизодду актёр бир дубль менен ойногон.
Даниярды тамашага салабыз дешип чоӊ капка толтура буудай салышат эмеспи.Тасмадан көргөндө качан кулап кетет экен деп аяп отурасыӊ. Бул эпизоддо актёр Сүймөнкул Чокморов жыгачтын таарындысын (опилка) көтөргөн.
Бул үйлөрдү атайын согуш маалындагыдай кылып жасашкан. Тасманын ушул бөлүгү Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай айылында тартылган.
Жамийла Даниярга ырдап кой деп кайрылган эпизод Чүй облусунун Кой-Таш айылында тартылган.
Садык согуштан кайтып келип Сейит тарткан сүрөт аркылуу колуктусу башка менен кеткенин билет. Тасмадагы сүрөттөрдүн айрымдарын Назрет Дубашев өзү тарткан.
Данияр менен Жамийла ээрчишип кетип калган эпизодду тартуу учурунда Сейиттин ыйлаган жери бар. Актёр образга кирүү үчүн 15 мүнөт даярданып, чын эле жеӊеси кетип жаткандай ыйлаган экен.
Султан Төрөбеков
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Мыкты тартылган кино. Танкалганым неге азыркы кинолор мурдагыдай эмес, канча тартышса деле,аткарышса деле чындык жок. Киного кирип кетишпейтда аткарып жатканда. А мурдагы эски ак-кара кинолорду ким айтат сапаты жаман, актерлор жаман деп? Актерлор азыркы киного жан-дуйносу менен кирип кетпегенден окшойт.
Мен Жамилага ото чон баа берем. Уят, эл эмне дейт дебей, суйуусу учун курошкон, суйуусуно жеткен.Мен да Жамиланын ордунда болгонумда Данияр менен кетип калмакмын.
Mahabbat, суйуу менен жерге кирсин , биздин кыргыз кыздарыбыз намысын сактай албай калган беле илгертен эле ?
Чон энем эле уруша берет азыр суйдум куйдум дейсинер деп корсо мурункулар деле дадил эле суйгон экенда.
Менин ысымым Жамиля экенине сыймыктанам))
jama9210,Чыгармага таянып сыймыктансан анда жаныласын , чыгармадагы Жамийла ХХХ даназалаган кыз .
Rifle, этика нормаларын сактаңыз!
Жамийла деген ысымды уксам эле женил ойлуу кыздарды элестете берем хи-хи-хи...
bela77, чыгармада женил ой болгон. Чынгыз Айтматов эмне максат менен жазды экен, кыргыздын келиндери ушундай женил ой деген максаттабы ?
Rifle,кайсы жеринен көрдүң жеңил ойду. Жамийла күйөөсүнө өз эрки менен чыккан эмес да.Ал эми Даниярды сүйдү, ошо өзүн сүйбөгөн, баалабаган адам менен өмүр бою жашаш керек беле.Күйөөсү фронттон кат жазганда Жамийланы сурап да койгон эмес
bela77, булсенин улуу жазуучубуздун чыгармасын окубаганың, же окусаң да түшүнбөгөнүң хи-хи....
Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган кинолор баардыгы жандуу жана терен маанилуу
Чынында Бул чыгармада кыргыз менталитетине туура келбеген окуя чагылдырыган.Куйооосу ата мекенди коргойм деп согушта журсо башкага турмушка чыгып кеткен аялдын окуясында суктанаарлык эмне бар
Jama 9210 сенин оордунда болсом ушул чыгарманнын аптынан уялмакмын
Мен биринчи жолу Жамийла повесттин 5 жашымда окуп чыккамын. Алгач Жамийлага аябай катуу жиним келген)) Күйөөсү майданда эл-жерди коргоп, кан төгүп согушуп жүрсө, каяктагы Данияр деген казак жигити менен качып кетти деп. Кийинчерек бой жетип чоңойуп кайрадан окуп чыгып Жамийланы түшүнгөнмүн. Чыгарманы жамандап, же башкача нукка бургандарды жамандагым келбейт себеби ар кимдин түшүнүгү ар башка.
basyz-kaman., тушунук коп ,кыргыз кыздын намысы бироо !!!
Rifle,азыр кыргыз кыздары кыргыз тилинде сүйлөбөйт,тамеки чегип, ичкилик ичип, сөгүнүп жүрүшөт, албетте баардык кыздар эмес.Кээ бир кыздар үй-бүлөөлү эркектер менен көңүлдөш болуп алгон. Ал эми сойку кыздарчы... Ошондой кыздардын жанында Жамийла таптаза деп ойлойм.
Жамийланы күйөөсү таанып билбей туруп эле ала качып алган дагы көп өтпөй согушка аттанат. Ай сайын кат жазат. Жамийла байкуш почточудан кат келсе сүйүнүп тосуп алат, күйөөмөн кат келиптир деп, ал эми катта Жамийла тууралуу эч нерсе жок, каттын кыскача мазмууну "Апа кандайсыздар? эл-журт аманбы? сарала уй туудубу" деген сыяктуу сөздөр Жамийла тууралуу эч нерсе жок, болгону "баякы жүрөбү" деген эки ооз сөз жазылган.
Чыңгыз Айтматов бул чыгармасы менен тааныбай билбей туруп кыз ала качууга каршы пикирин билдирген, сүйүүнү даңазалаган! "Карабасаң катын кетет, Бакбасаң мал кетет" деген соз бекеринен эмес да.
Урматтуу супер КГ жамааты! Электрондук китепче кылып кыргыз тилинде Чынгыз Айтматовтун чыгармаларын жасаса болобу??? же барбы мен билбейминби
Araika,болот . мен жасап бере алам . каалаган форматта даярдай алам, жана шрифтерин сапаттуу кылып. Болгону китеби керек , анан убактыма толонуз.
Кино жакшы тартылган . Бирок эч киминер ойлонуп корбодунорбу ? Жамийланын куйоосу согушка кеткен, ал эми кылган иши ойноштукка жататго?
Мен ойноштук деп тушуном . Жакшы жаман болсо да никедеги келин .
Rifle,ойнош болгон деш туура эмес деп ойлойм, болгону өз сүйгөнүн таап кетти. Ушул заманда ушундай характеристика беребиз,мындан ары эмне болот.Өткөн кылымда мынтип сынагандар болгон эмес, биздин аң-сезимибиз артка кетип бара жатабы???