КЫРГЫЗСТАНДА КЫМБАТ СААТТАРДЫ КИМДЕР ТАГЫНАТ?

Кол сааттар кээ бирине жөн гана аксессуар. Кай бири үчүн адамдын кадыр-баркын, беделин белгилеп турган өзүнчө көрсөткүч. Биздин төбөсү көрүнгөн мырзалар кандай саат тагынышат? Айрымдарына собол узаттык.

КОЛ СААТТАР ТУУРАЛУУ...

  • Дүйнөдөгү эӊ кымбат кол саат «201-Сarat Chopard» деп аталат. Анын баасы 25 миллион АКШ долларын чапчыйт. Сааттын циферблатынан мурун анын айланасындагы бриллианттар башты адаштырат. Баалуу таштар жалпысынан 200 каратка жетет.
  • Эӊ биринчи колго тагылуучу сааттар 19-кылымдын башында жасалгандыгы айтылып жүрөт. Ал саат Наполеон Бонапарттын туугандарынын бирине арналган дешет.
  • Швейцария сааттардын мекени аталганы менен, Япония дүйнөдөгү сааттардын 60 пайызын жасап чыгарат.
  • Сааттардын жарнамалык сүрөттөрүнүн дээрлик бардыгында убакыт 10:10 же 8:20ны көрсөтүп турат. Муну мистика деп айткандар да бар. Бирок андай эмес, бул тек гана сааттын атын жебелер жаап калбашы үчүн колдонулат.

БИЛЛ ГЕЙТС МЕНЕН АСКАР САЛЫМБЕКОВ БИР МАРКАДАГЫ СААТ ТАГЫНЫШАТ
Маӊдай тери, ак мээнети менен байлыкка жете алган адамдын кол сааты кандай болду экен деп Кыргызстандын №1-ишкери Аскар Салымбековго да кайрылып көрдүк. Ал: «Бир нече саатым бар. Кай бирин белекке беришсе, кай бирин өзүм сатып алгам. «Ulysse Nardin», «Patek Philippе» саат маркаларынын моделдерин тагынып калам. Канча сумма коротуп алганым сыр болсун»,- деп жооп берди.
«Patek Philippе» сааты тууралуу маалыматтарды карасак, бул сааттар Швейцарияга эмигрант болуп барган поляк улутундагы Антоний Патек жана таланттуу саат устасы Адриан Филипп тарабынан 1851-жылдан тарта чыгарыла баштаган. Жалпысынан алганда, бул марканын алдында ушул күнгө чейин 600 миӊ даана саат чыгыптыр.
Атактуу адамдардын арасында Альберт Эйнштейн, Пётр Чайковский, Лев Толстой, Пабло Пикассо, Билл Гейтс жана биздин Аскар Салымбеков сындуулар «Patek Philippе» сааттарынын сүйүүчүлөрү. Кошумчалай кетчү жагдай, бул сааттардын эӊ арзан делгендери 10-12 миӊ доллар турат.

ПУТИН, СЕЛИМ III, НАПОЛЕОН ТАГЫНГАН ҮЛГҮДӨГҮ СААТ СУЛАЙМАНОВДУН КОЛУНДА
Кыйын чыкма мырзаларыбыздын бири Алтынбек Сулаймановдун социалдык тармактарындагы өздүк баракчаларына илген сүрөттөрүндө көрктүү сааттарды тагынып түшкөнүн көрөсүз. Телефон аркылуу байланышканыбызда: «Мен «Hublot,» «Breguet», «Patek Philippе» деген фирмалардын кол сааттарын тагынып жүрөм. Баалары сыр бойдон эле калсын»,- деп жооп берди.
«Breguet» кол сааттары туурасында сөз кылсак, алар мыкты сапаттагы сааттардын мекени болгон Швейцариядан чыгат. Эӊ эле арзан дегендери 10 миӊ доллардан башталып, бир нече миллионду чапчыйт.
1775-жылы франциялык Абрахам-Луи Бреге аттуу уста Парижде саат дүкөнүн ачып, анын колунан чыккан кереметтер француз элитасынын арасында абдан популярдуу болуп кеткен. Кийин Бреге мырза Швейцарияга көчүп кетип, ал жактан да өз ишин уланткан. Бирок акыр аягында мекенине кайтып, өз сааттарын дүйнөнүн булуӊ-бурчуна сата баштаган. Бул сааттарды Франциянын императору Наполеон Бонапарт, Осмон империясынын султаны Селим III,
Британиянын айтылуу өкмөт башчысы Уинстон Черчилль, Орусия президенти Владимир Путин өӊдүү аттуу-баштуулар тагынышкан.

МАМАТКУЛОВДУН СААТЫНЫН БААСЫ 10 000 ДОЛЛАР
Эстрада жылдыздарынын арасында көзгө дароо урунган сааттарды тагынып жүргөндөр саналуу эле. Алардын бири Расул Маматкулов. Колундагы сааты тууралуу: «Бул саатты өзүм сатып алгам. Баасы тууралуу айтсам мактангандай болуп калам го. Жакшы эле баага алгам. «Ulysse Nardin» швейцариялык саат маркасынын алдында чыккан»,- деп билдирди. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ырчы мырза бул саатын 10 миӊ долларга алган.
1846-жылы пайда болгон «Ulysse Nardin» саат ишканасы Улисс Нардин аттуу адам тарабынан түптөлгөн. Саат жасоо өнөрүн ал өз атасынан жана эӊ мыкты саат усталарынан үйрөнгөн. 1983-жылы ал ишкананы Рольф Шнайдер деген ишкер сатып алып, компанияны мурункудан да күчтөндүргөн. Учурда «Ulysse Nardin» компаниясынын Швейцарияда жана Гонконгдо филиалдары бар. Аталган компаниянын эӊ популярдуу сааттарынын катарын «Трилогия» деп аталган саат коллекциясы толуктап турат. Коллекциянын биринчи модели «Astrolabium Galileo Galilei» деген ат менен чыгып, бул саат жергиликтүү убакытты, ай менен күндүн тутулуу мезгилдерин жана асмандагы негизги жылдыздардын жайгашышын көрсөтө алган. 1989-жылы бул сааттар Гиннестин рекорддор китебине эӊ татаал механикалык саат деп кирген.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
Kunnur
2015-09-30 22:31:10
мен телефонумдагы эле саатты коруп коем.ошол деле жетиштуу
0
lenovo820
2015-10-01 02:53:26
Мен дагы козду жумуп саат алат окшойм.
-1
Umar.
2015-10-01 16:27:35
Jakshy, birok bular bizge emes.
+1
jikitai
2015-10-01 17:41:00
Саат кымбат арзанынан айрымасы кайсы алтын бсо бриллиант бсо мейли дейт элем.Анан корунушу жонокой сааттарга окшош го кантип 10$болот тан калам.
-1
argenais
2015-10-02 20:00:02
кымбат саат келечекти кошо корсотот го)))))
-2
Deniza88
2015-10-03 14:47:28
Биз жонокой эле кишилерденбиз, жонокой эле саат тагынабыз ))))))
+1
Talgat87
2015-10-04 08:27:09
Баарибир менин саатыма жетпейт, за то менин саатымын канкулятору бар. Баасы 159.9тыйын)))))
+1
snegurochka11
2015-10-04 13:40:55
Меники 50мин руб.саат.6 жашыман бери саат тагынам,сааты жок журо албайм кочодо негедир. Кокус унутуп калган болсом колуму карай берем
0
arabica
2015-10-05 00:45:35
Ооохоо яман экенсинер ааа?
0
arabica
2015-10-05 00:46:31
Ооохоо яман экенсинер ааа?
0
wolk85
2015-10-05 01:51:38
Охоо яман мактанат экенсинер ааа? Менин деле саатым бар кандай саат экен айтпайм бирок
0
uzgen5565
2016-01-20 21:07:09
мен вобще саат тагып журо албай алам бирок бир эки кундо бир жерге таштап койом
0
Adilet2014
2016-03-17 05:31:05
Албетте саат такканды жакшы кором, бирок кол саатымды эмес телефондун саатын карайм. Мен "BURBERRY" деген саат тагынат экенмин. Анча деле кымбат эмес.
0
Gulmira015
2016-04-13 16:39:48
мен эч саатсыз журо албайм,6 жашымда апам саат алып берген ошол кундон баштап колумдан саат тушпойт!
0
Nursultan.92-19
2017-01-16 13:07:22
менин Стамбулдан алган саатым бар chapp ylduz деген баасы 16000$ге алгам боосу алтын айгеги бриллянт
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан