ОКУУЧУЛАРДЫН БЫЧАКТАШУУСУНА ЭМНЕ ТҮРТКҮ БОЛДУ?

Быйылкы окуу жылы мектеп окуучулары катышкан бир нече кандуу окуялар менен башталды. Бешиктен бели чыкпай жатып «кандуу разборка» уюштурган окуучулар жалпы коомчулукту тынчсыздандырып, тиешелүү кызматтагыларды «ойготту».

6 ӨСПҮРҮМ БЫЧАКТАЛЫП...
2015-жылдын 16-сентябрында саат 21:30 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунда Бишкек шаарындагы №38-мектеп-гимназиясынын жана «инкуб» деп белгилүү болгон Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин окуучулары өз ара мушташа кетишкен. Массалык мушташка 23 окуучу катышып, алардын ичинен 6 өспүрүм жаракат алган. Жаракат алган балдарды жергиликтүү тургундар ооруканага жеткиришкен.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бычактан жаракат алган окуу­чуларга операция жасалганды­гын жана алардын абалы бүгүн­кү күндө оор, бирок туруктуу экен­дигин билдирди.

Жаракат алгандар:

1. 1998-жылы туулган Аскар Бактыбеков. Бишкек шаарындагы №38-мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу. Бычактан жаракат алган.
2. 1999-жылы туулган Эрнат Асылбек уулу. Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин 10-классынын окуучусу. Бычактан жаракат алган.
3. 1999-жылы туулган Данияр Өмүрбек уулу. Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин 10-классынын окуучусу. Бычактан жаракат алган.
4. 1999-жылы туулган Руслан Өмүралиев. Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин 10-классынын окуучусу. Бычактан жаракат алган.
5. 1998-жылы туулган Бекулан Бактыбек уулу. Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин 11-классынын окуучусу. Башы жарылган.
6. 1999-жылы туулган Ренат Сатаев. Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин 10-классынын окуучусу. Жаагы сынган.

«ШЕКТҮҮ ТАШКЕНТКЕ КАЧМАКЧЫ БОЛГОН»
Свердлов РИИБинин Аламүдүн-1 кичи району боюнча жашы жете электер менен иштөө инспектору Тариел Алыбековго байланышып, окуя тууралуу маалымат алдык:
– Мушташ учурунда балдарды бычактаганга шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Мирлан Сапарбек уулу 17-сентябрда колго түшүрүлгөн. Ал Бишкектен Ташкентти көздөй кетип бараткан маршруттук таксиден кармалды. Маалым болгондой, кылмышка шектүү мурда Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №1-орто мектепте окуган, учурда Балыкчы шаарында жашайт. Анын окуя болгон маалда ичимдик ичпегени такталды. Ал күнөөсүн моюнуна алып, балдарды сайган аӊчылык бычагын кайда жашырганын көрсөтүп берди. Учурда анын үстүнөн «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Кара-Балта шаарында жайгашкан жашы жете электер колониясындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Массалык мушташты уюштургандар аныкталса, алардын үстүнөн да «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Азыркы тапта тергөө иштери уланууда.

«ДОСТОРУМА БОЛУШТУМ»
Балдарды бычактаганга шектелип кармалган Мирлан Сапарбек уулу сурак учурунда эмне себептен бул кадамга баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Ошол күнү №38-мектепте окуган досторум менен спорт мектептин балдары уруша кетишиптир. Мен досторума болушуу үчүн баргам. Аламүдүн-1деги интернет клубдан спорт мектепте окуган балдарды көрүп калып ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетти. Алар телефон чалып башка досторун чакырышкан экен, алар келгенде мушташ чыгып кетти. Мен сумкама сала барган бычак менен туш келди сайгылай берип, адашып өзүбүздүн балдардын бирөөсүн да сайып алыптырмын.

«БИЗ АЖЫРАТАЛЫ ДЕП БАРГАНБЫЗ»
Бычактан жаракат алгандардын бири Руслан Өмүралиев менен ооруканадан жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Ошол күнү бир классташым телефон чалып, «интернет клубга келчи, чоӊ балдар тийишип жатышат» деди. Бир топ балдар болуп арачалап коюу үчүн интернет клубга барсак, тигилер жок экен. Караштырсак, №38-мектептин алдында тирешип турушуптур. Урушалы деген оюбуз жок болчу. «Ынтымактуу бололу» деп аларды элдештирип жатсак эле бирөөсү артыма бычак сайып жиберди. Жерге жыгылдым. Андан соӊ Даниярды сайды. Ошентип мушташ башталып кетти. Бычак сайган баланы таанычу эмесмин. Учурда абалым жакшы. Тамак ичип калдым, буюрса, айыгып кетем.

«БАЛДАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨШСӨ, БУЛ ОКУЯ БОЛМОК ЭМЕС»
Руслан Өмүралиевдин жездеси Ильич Касымбеков буларды кошумчалай кетти:
– Русландын спортко болгон шыгын байкап ата-энесинен уруксат сурап, шаарга алып келип спорт мектепке окутуп койгом. Биздин үйдө жашап жүрүп уулумдай эле болуп калган. Азыр абалы туруктуу болгону менен оор. Бул эки мектептин окуучулары илгертеден эле бири-бири менен урушуп жүргөнүн укканбыз. Милиция кызматкерлери, мектептин мугалимдери убагында балдарды жакшылап көзөмөлгө алышса, балким, мындай окуя болмок эмес.
Бул окуянын чыгышына себепчи болгон классташтарынын бирөөсү да жаракат алышпаптыр. Сыягы, буларды таштап качып кетишкен окшойт. Сураштырсам, окуудан чыкпай, жакшынакай эле жүрүшүптүр. Бул окуяга тиешеси бар ар бир окуучу күнөөсүнө жараша жазасын алышы керек деп ойлойм.
Бул окуяны дыкат иликтеп чыгуу үчүн Дене тарбия агенттиги комиссия түзгөн. Калк арасында спорт мектебинин окуучуларынын башкаларга салык салары көп айтылып келет. №38-мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Чолпон Барпиева да жергиликтүү маалымат булактарынын бирине бычак сайган бала алардын окуучусу эмес экендигин, спорт мектебинин окуучулары мурун №38-мектептин айнек-терезелерин талкалап кетишкенин, кийин да мектепке келип алдынан чыккан балдарды сабашканын билдирген.

«БИЗДИН ОКУУЧУЛАРДЫН САЛЫК САЛУУГА УБАКТЫЛАРЫ ЖОК»
Ал эми Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин директору Муратбек Кыбраев жогорудагы ой-пикирлерди четке кагат:
– Биздин мектептин окуучуларын каралагандын ордуна алар менен сыймыктанышыбыз керек. Окуучуларыбыздын көчөгө чыгып мушташууга же салык салууга убактылары жок. Машыгуудан колдору бошобойт. Күнүгө эртеӊ менен жана түштөн кийин 2 сааттан спорт менен машыгышат, анан тамагы, окуусу, өз алдынча даярдануусу бар. Бул окуя балдар ошол күнү машыгуудан кийинки мончого түшүү үчүн тыныгуу маалында болуп кетти. Бала деген бала да, аларды эч жакка жибербей, мектептин ичине камап коё албайбыз. Ошол күнү биздин окуучулар интернет клубда отурганда бейтааныш балдар келип тийишкен экен, ушундан улам бул окуя болуп кетиптир.
Бычактан жаракат алган балдардын бардыгы өлкө ичиндеги, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып жүрүшчү. Жакында өтчү чоӊ мелдештерге даярданып жатышкан.
Мындан 5-6 жыл мурда да бул эки мектептин окуучулары болбогон нерсенин айынан урушушуп, элдештиргенбиз.
«Спорт мектептин балдары салык салышат» деген болбогон кеп. Бул окуядан соӊ убагында түшүндүрүү иштерин өткөрбөгөндүгү үчүн ошол күнкү нөөмөттөгү тарбиячыларга, класс жетекчилерге сөгүш берилди. Мындан тышкары спорт бөлүмүнүн жетекчисин, тарбия иштери боюнча бөлүмдүн жетекчисин жана окуу бөлүмүнүн завучун тергөө иштери аяктагыча жумуштарынан четтеттик. Мушташка катышып жаракат албай калган балдардын кимисинин күнөөсү канчалык экенин азыр милиция тергеп жатат. Тергөө иштери аяктаган соӊ биз ошого жараша окуучулардын ар бирине чара колдонобуз.

МУШТАШТЫН АЙЫНАН 2 ОКУУЧУ КАЗА ТАПТЫ
19-сентябрь күнү да Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин биринин окуучусу бычактан жаракат алган. Маалыматтарга караганда, ошол күнү лицейде футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, оюндун жүрүшүндө 2-3-курстардын студенттеринин ортосунда чыр чыккан. Иш-чара бүткөн соӊ алар мушташып, жыйынтыгында 18 жаштагы М.К. аттуу жигиттин моюнуна бычак сайылган. Ал ооруканага жеткирилгени менен, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Бул факт боюнча «ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 15 жаштагы Ж.Н. аттуу бала кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткан чагы.
Ушул эле күнү Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектепте танапис маалында 11-класстын окуучусу Жайылбек Таалайбеков 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти жүрөк тушка катуу уруп салган. Өзүн жоготкон Эркинбек ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей көз жумган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кандуу окуя, өлүм менен аяктаган окуучулардын чыры эмнеде?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Pantherka
2015-09-28 10:15:30
Ата -энелер куноолуу, бардык эле балдар бул убактан отот, анан контр страйк ойношот анан кантип бычакты колдонушпасын.
+1
mbk
2015-09-28 12:32:14
«Спорт мектептин балдары салык салышат» деген болбогон кеп. болбогон кеп эмес болгон эле кеп.
+5
TILEK.8
2015-09-28 14:21:48
тарбия уйдон башталат мектептен чыналат мектепте тарбияны чынаш учун атайын програма тузу зарыл ата журтун суйу жана инилерин жат болсо да оз инисиндей кору жагына угуттой турган биз эржигиттер ата мекен коргого милдетту мектептен баштап ата журтту ага ини эже карындашка куйумду озунон улуну урматтап кичуну сыйлай турган кылып тарбыяло зарыл а бизде тетири жагана кетуудо ушу учурдан баштап чондор киришу зарыл бул жаш муун биздин келечегибиз ойлонгула тарбия беручулор мугалим жана ата эне
0
Ledi89
2015-09-28 15:05:20
Ата-эне лерге кыйын, канча умут менен чойонтууп окуутуп атса жаш эле олуп калса баланын куйутуно чыдаш кыйын. Ата-энесине саабыр берсин. Мугалим дер жетишпейт да канча айтса деле каны кайнап турган маалда балдарга жетиш кыйын соз!
0
aydarken
2015-09-28 16:09:33
Мен ойлойм мугалимдерде эмне куноо деп ,алар бычакташкыла деп окутпайт да,куноо окуучулардын озундо сабактан чыгып алышып билгенин кылыпатышат,а мугалимдер ата энелер каяктан билет балдары эмне кылыпатканын оздорунчо бригада болупалышып,
+1
bayana1987
2015-09-28 19:22:47
Ушул инкубдун балдарынын чыры бүтпөдү. Эсиңиздерде болсо былтыр да мушташышкан. Иним окуп бүткөнчө мен тим эле тозокто жашагам. Эмне болуп кетет деп. Араң бүтүрүп анан Москвага кетирип жибердик. Балдар сумкасына китеп дептер эмес, бычак сала жүргөн заманга жетип калыптырбыз чиркин.
0
gul-bibi9109
2015-09-29 06:04:00
Жумагалдагы мектеп окуучусунун уйун карасан жети бир туугандын экинчиси экен,атасы кайтыш болгон экен. Он гулунон бирда гулу ачылала элек. Кокурок чапкылаган депутатар ырчыларга эле канча акча кеттирип жатат ушундай нерселерге жардам берсенер боло. 9 класстагы баланы олтургонду эч ким сурабайт суруштурбой элдин баары эле шайлоо менен болуп калды кайсыл депутатын акчасым жесем экен деп!
+2
balzak
2015-09-29 10:39:21
оздорунчо эле "рэкетир" элестетип алышкан окшойт,ал деген кино да,ата-энелерине эле жаман болуптур
+1
Adiletgo
2015-09-29 13:35:05
Ошто ушундай балдар кобойгон айрыкча залдын балдары Мухаммед Умардын оздору тийиштик кылышат
+1
nura.177
2015-09-29 23:10:18
Эмне
0
Azura
2015-10-01 10:21:28
38 мектепте окугам, балдарыбыз эшикке чыга албай эле журушчу,инкубдун балдары журот деп,кундо келип акча чогултуп кетишчу...азыр деле ошол корунуш
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан