Үстүбүздөгү жумада, тактап айтсак, 22-сентябрда, «Майдан.kg» гезитине учурда шайлоо жарышына аттанган партиялардын бири тууралуу ойлонто турган макала жарык көрдү. 2010-жылы Ош менен Жалал-Абадды кызыл кыргынга алып келген Июнь каргашасын уюштургандар деп табылып, учурда Кыргызстанга жолой албай жүргөн өзбек сепаратисттери Кадыржан Батыров жана Иномжан Абдурасуловдун адамдары аталган партияны түптөгөндөр менен активдүү байланышып жатканы айтылат, макалада. Канчалык чындыгы барын, албетте, убакыт көрсөтөт. Ошентсе да, абайлап, баам сала жүргөн оӊ.
Макала эч өзгөртүүсүз берилди.
«Кыргызстанды биз гана жыргатабыз. Өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн өндүрүштү өркүндөтүш керек. Биз 100 завод курабыз» деп көкүрөк каккан «Кыргызстан» партиясынын кара өзгөй планы калкып чыккан кези. Партиянын негиздөөчүсү, «Аю» компаниясынын президенти, «алкомагнат» Шаршенбек Абдыкеримов мындан беш жыл мурда жүз берген Июнь коогалаӊынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири саналган Иномжан Абдурасуловдун мүлктөрүн, бизнесин сатып алганы ашкереленгенде «Абдыкеримов бизнес дегенде улут кызыкчылыгын да ойлобой калганбы?» деп коомчулук нааразыланган эле.
Бул «алкомагнат» менен ал тикелеген «Кыргызстан» партиясынын «ичтен чыккан ийри жыландыгынын» алгачкы эле белгиси тура. Көрсө, «кыргызстанчылар» 4-октябрдагы шайлоодо өзбек сепаратисттеринин колдоосу менен парламентке келип, кийин аларга «келиндей жүгүнө кызмат кылууну» мерчемдеп жатышыптыр. Кадыржан Батыров, Жалаллидин Салахудинов, Иномжан Абдурасулов өӊдүү кыргыз-өзбектин ортосуна от жаккан, жүздөгөн бейкүнөө адамдын өлүмүнө себепкер болгон «ички душмандардын» колдоосун алууну максат кылган «Кыргызстандын» лидерлери эртеӊки күнү мамлекетибизди гүлдөтпөй эле кууратып салуудан да кайра тартышпайбы? Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн окуянын чоо-жайын кенен баяндайлы.
Ушул жылдын 23-24-августунда кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги санаторийлердин биринде «Кыргызстан» партиясынын Шаршенбек Абдыкеримов, Азизбек Турсунбаев, Алмазбек Дыйканбаев, Ахмаджан Рахимов сындуу тыӊ чыкмалары Ош жана Жалал-Абад облусундагы өзбек диаспораларынын лидерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Ахмаджан Рахимов ордолуу Оштогу «ала допучан» туугандардын чечермандарынын бири болсо, Т.Хамдамов Жалал-Абад облусундагы Аксы району, Т.Гиязов Ала-Бука району боюнча өзбек диаспорасын көзөмөлдөйт. Ушул жерден маанилүү жагдайга токтололу. Т.Гиязов кадимки Кадыржан Батыровдун оӊ колу болуп саналат.
Эӊ кызык жери, «Кыргызстандын» «чайлашуусуна» Өзбекстандын кримдүйнөсү жана бизнес чөйрөсүндө Салимбай байбача (кээ бир маалыматтар боюнча Салимбай чайханачы) каймана аты менен таанымал Салимбай Киргизбаевич Абдувалиевдин Шомурод Шофайзиев аттуу ишенимдүү кишиси катышканын жеке булагыбыздан маалымдашты. Ага сөз кезеги келгенде өлкөдөгү өзбек боордошторун «Кыргызстанга» добуш берүүгө үндөгөнү бизге чейин угулду. Сөз арасында Салимбай байбачанын Өзбекстандагы бизнестерин Кыргызстанга которуу ниети бардыгын, ошол эле маалда партия жетекчилерине Өзбекстанда бизнес ачууга көмөктөшүүгө даяр экендигин айтты дейт.
Ш.Шофайзиевдин колдоосуна ыраазычылыгын билдирген Шаршенбек Шайлообекович Салимбай Абдувалиев менен биргеликте өлкөнүн түштүк чөлкөмүндө жаӊы ишканаларды ачууну пландап жатканын, анда негизинен «ала допучандарды» жумушка тартарын убада кылыптыр. Ошондой эле «Кыргызстан» Жогорку Кеӊештин босогосун аттаса, 400дөн 1600гө чейин ар кыл деӊгээлдеги мамлекеттик кызматтарды алышарын, өзбек өкүлдөрүн дагы жогорку кызматтарга тартарын баса белгилеген экен.
Ахмаджан Рахимов Оштогу кандаштары бул партияга добуш берерин айтып, Жалал-Абаддагы боордошторун дагы добуш берүүгө үндөгөндө, Сузак менен Базар-Коргон райондорунан келгендер шайлоодо кимге добуш берерин ар бир жаран өзү чечиши керектигин ачык билдиришкен.
ШАРШЕНБЕК АБДЫКЕРИМОВ ӨЗБЕК СЕПАРАТИСТТЕРИНЕ КАРЫЗДАРБЫ?
Өзбекстандагы кримавторитеттердин бири Салимбай байбачанын «Кыргызстан» партиясына жан тартары белгилүү болду. Ушунун өзү «Кыргызстандын» Кадыржан Батыров, Жалаллидин Салахудинов, Иномжан Абдурасулов өӊдүү 2010-жылдын июнунда Кыргызстанда «кандуу булоон» уюштурган эл душмандарынын долбооруна айланып калганын айгинелебейби? Себеби, биринчиден, «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 57-сапта турган Ахмаджан Рахимов Кадыржан Батыровдун оӊ колу экенин жогоруда жаздык. К.Батыров менен С.Абдувалиев эзелтен ынак достордон.
Экинчиден, Шаршенбек Абдыкеримов Иномжан Абдурасуловго таандык бизнес объектилерди сатып алганы тастыкталды. Бул жөн гана дал келүүчүлүк дейсизби? Жо-ок, ушунун өзү Абдыкеримовдун өзбек сепаратисттери менен бизнес өнөктөш экендигин, алар менен тамыры бир экендигин ырастайт.
2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин Жалаллидин мырза өлкөдөн безе качканы маалым. Учурда Ташкентте пахта бизнесин гүлдөтүүдө. Ара чолодо Дубайга каттап, ал жактагы ишкерлигин да көзөмөлдөп турарынан кабардарбыз.
Жыйынтыктап айтканда, «Кыргызстан» партиясынын жетекчилери Салимбай байбача жана эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров баштаган өзбек сепаратисттери менен тыгыз байланышта болгонун баяндадык. «Кыргызстан» парламентке шайланып келсе, ириде мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгын эмес, эки элдин ортосуна от жаккан «журт бузарлардын» арыгын чаппасына ким кепилдик боло алат? Дагы тагыраак айтсак, «кыргызстанчылар» өзбек сепаратисттеринин жакындарына берген убадаларынын өтөсүнө чыкканга чейин эле беш жылдык мөөнөт зымырап учуп кетет. Анан кайрадан кийинки шайлоонун камын көрүшөт. Дагы толгон-токой убадаларды беришет. Эгерде мындай басыгынан жазбай бара беришсе, анда өлкөбүздүн түштүк аймагын булар биротоло өзбек сепаратисттеринин карамагына өткөрүп берип коюшпайбы? Анда алар партиясынын атын «Кыргызстан» дебей эле башкача атап алышса туура болмоктур...
«Майдан.kg», №39 (216)