«БОРЩ ЖАСАГАНДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН»
Бишкектеги №91-лицей мыкты ашпозчуларды даярдап чыккандыгы менен таанымал. Лицейдин биринчи курсунда окуп жаткан Кутман Уланбек уулу ашпозчу кесибин тандап, сынак аркылуу окууга тапшыруу мүмкүнчүлүгүн утуп алган. Анын ашпозчулук билим алуу кадамы алгач башка сабактан башталган. Ысык-Көлдөгү «Аймактык стипендия» программасы аркылуу ашпозчулук кесипти окуп жаткан лицейдин студенттери медициналык билим алуу үчүн «Кызыл жарым ай» коомуна келишкен. Бул жерден алар жүрөгү кармап жыгылган, эсин жоготкон, дем жетпей калгандарга дарыгерлер келгиче жасалма дем алдыруунун ыкмаларын жана жаракат алганда, денеси күйүп калганда кандай жардам көрсөтүү керектигин окуп, үйрөнүшөт. Алган билимдери күнүмдүк турмушта дагы пайдасы тиерин айткан «Кызыл жарым ай» коомунун бул багыттагы тренери Игорь Ким бир нече жыл мурда көлгө чөгүп бараткан өспүрүмдү «Кумтөрдүн» кызматкерлери көрүп калып, аны жээкке чыгарып, жасалма дем алдыруу менен өмүрүн сактап калганын айткан. Буга чейин билбеген нерселерин «Кызыл жарым ай» коомунан үйрөнгөнүн, эми көчөдө баратканда бирөө эсин жоготсо ага кандай жардам көрсөтүүнү билерин айткан Кутман окууга кандайча тапшырып калганын айтып берди:
– Анкета толтуруп жатканда тандоо турунан жана сынактан өтүп кетеримди күткөн эмесмин. Мектепти аяктаганда ашпозчу болсом деген тилегим мына ушул программанын аркасы менен орундалып жатат. Үйдө жүргөндө борщ жасаганды жакшы көрчүмүн. Эми дагы башка тамактын түрлөрүн мыкты жасаганды үйрөнүүгө умтулам.
«АШПОЗЧУ БОЛСОӉ АЧКА КАЛБАЙСЫӉ»
Ашпозчу студенттерди жетектеп «Кызыл жарым ай» коомунун окутуу борборуна алып келген №91-лицейдин мугалими Асият Жайлоокеева да аталган «Аймактык стипендия» программасынын алкагында окууну аяктаган. Ал өзү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тамга айылынан болот. Ал 2000-жылы туулуп-өскөн айылдагы орто мектепти аяктаган соӊ апасынын сунушу менен «Аймактык стипендия» программасы аркылуу ашпозчулук кесибине тапшырган. Себеби ошол жылдары өзү каалаган жогорку окуу жайда окууга үй-бүлөлүк шарты туура келбегендиктен, апасы кызынын жок дегенде ашпозчу кесибинин ээси болушун каалаган. Бул тууралуу эскерген Асият кантип ашпозчу болуп калганы тууралуу мындайча баяндап берди:
– Мен мектепти бүткөн жылы жогорку окуу жайларынан билим алуума үй-бүлөбүздүн материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошондо апам «ашпозчулук кесипти окубайсыӊбы? Ашпозчу болсоӊ курсагыӊ ток, капчыгыӊда акчаӊ да дайыма болот» деп аталган программага катышуумду сунуштады. Апамдын айтканын угуп, катышып окууга өтүп кеттим. Эки жыл окуп, лицейди аяктаган соӊ өзүм билим алган жайда мугалим болуп эмгек жолумду баштадым.
Асият билимин жогорулатуу үчүн технолог кесиби боюнча Кыргыз техникалык университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, ошол кездеги президент Аскар Акаевдин тушунда мамлекеттик резиденцияда ашпозчу да болуп иштеген. Бирок апасы «президенттер келет-кетет, силер да алмашасыӊар, андан көрө мугалимдик кесибиӊди эле аркалай бер, ошол жерден баар табасыӊ» деп кеӊеш берет. Бул ирет да эненин сөзүн эки кылбаган Асият «Резиденциядагы жумушумдан сырткары мени менен бирге окуган тайпалаштарым «Кумтөргө» анкета толтуруп көр, балким, жумушка кабыл алып калар» деп ушул күнгө чейин чакырып жүрүшөт. Ошондой эле экономика жаатында да экинчи жогорку билимим болгондуктан мен практикадан өткөн Каржы министрлигине да кел дешүүдө. Бирок апам айткандай, лицей менин жашоомдун негизги өзөгү болуп калган. Өз алдымча жашоого болгон кадамым мына ушул жактан башталган. Окуу жайдын жетекчилиги да кетпешимди суранып, шарт түзүп берели деди. Ордумду ошол жерден тапкан соӊ окуу жайдагы ишимди эле улантууну чечтим»,- дейт.
Ардактуу кесибин аркалаган айым жайкысын көлгө барып пансионаттарда ашпозчу болуп кошумча акча тапса, шаарга келгенде дем алыш күндөрү той-топурларда салаттарды жасоого буйрутма алып, капчыгынан акча үзүлбөйт. «Ашпозчу болсоӊ ачка калбайсыӊ» деген ушул да. Асият айым сөзүнүн соӊунда ал катышкан «Аймактык стипендия» программасынын бүтүрүүчүлөрү бир туугандай эле болуп каларын жана дайыма алар менен байланышта экенин айтат. Ошондой эле алардын баары иш менен камсыз болуп, үй-бүлө күтүп, жашоодо өз ордуларын табууга жетишерин кошумчалады.
СӨЗ СОӉУ
Акыркы жылдары Кыргызстанда орто кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору экенин турмуш өзү көрсөтүүдө. Бир кездери мектепти аяктагандардын баары эле папке көтөрүп, экономист, юрист болууну каалагандыктан жогорку окуу жайларын бүтүрүүгө ашыгып, өндүрүш тармагына керектүү адистердин саны кескин кыскарып кеткен. Бирок андай жумуш оруну чектелүү болгондуктан жогорку билимдүүлөрдүн дээрлик 75 пайызы өз кесиптери боюнча жумуш таба алышпай дипломдору чаӊ басып жатары белгилүү. Ал эми орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү жумушсуз калышпайт. Ошондуктан «Кумтөр» компаниясы да орто кесиптик билим берүүгө багытталган программаны бекеринен ишке киргизбесе керек.
«АЙМАКТЫК СТИПЕНДИЯ» ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ:
«Аймактык стипендия» программасы «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен 2000-жылы ишке киргизилген. Билим берүүгө арналган социалдык багыттагы бул долбоор аркылуу көл жээгиндеги мектеп бүтүрүүчүлөрү тандоодон өткөн соӊ ашпозчуларды даярдаган №91 жана автоунаа механиктерин, ширетүүчүлөрдү даярдаган №27-кесиптик лицейлеринде бекер билим алышат. Алардын окуусунан тартып жатакана, тамак-ашы жана ай сайын берилүүчү стипендиясы кен казуучу ишкана тарабынан каржыланат.
Ошондой эле кендеги заманбап өндүрүштүк техникалар менен жакындан таанышып, билим алуусу үчүн механиктерге ал жактан практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул үчүн алар компаниянын окутуу борборлорунан кенге баруудан мурда коопсуздук техникалары жана медициналык биринчи жардам көрсөтүү боюнча окууларга катышып, сынак тапшырышат. Сынакты ийгиликтүү тапшырган механиктер гана кенде иштөөгө уруксат алышат.
Мындан улам №91-лицейге тапшыргандар механиктердей болуп кошумча окууларга катышчу эмес. Бирок быйылкы жаӊы планга ылайык компания ашпозчуларга да медициналык билим берүүгө өттү. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын окутуу борборунун жетекси Норман Бобосел: «Биздин компаниядагы бардык кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча окутулат. Ошондой эле бул студенттер ашканада ысык тамактарды даярдашат. Жакынкы апталарда аталган окуу жайлардын мугалимдерин да окутууну пландаштырып жатабыз. Мындан алган билимдери жумушта гана эмес, үйлөрүндө дагы кереги тиерине ишенем»,- дейт.
Абай Алыкулов