Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Полковник Машин Намангендеги аскер туругунан «марш» менен чыкты. Отряд Сефит-Буландан оӊго бурулуп, күн чыгышты карай жүрүп, Бозбу тоосунан имерилип, андан ары Нарын боюна чыгып кетмекчи.
– Түземчилер...
Полковник кабагын бүркөй карады. Тээ күдүрөйгөн калыӊ жаӊгактан бери чыгып турган он чакты кишини көрдү.
Үрөйү учкан он кишинин ичинен башында аппак селдеси бар, жалаӊ кымкап тон кийген адам алдыга басып тосуп чыкты. Белдеринде ак жоолук. Колдору боорунда.
– Ассалому алейкум, адам атанын ыкыбалдуу балдары!..
Тилмеч которду:
– Бул багыттагы кара кыргыздын бир бийи, орус үчүн берилген ак ниет адаммын дейт. Урматтуу төрөлөрдүн келерин угуп көп тартуу менен, ак даам менен, ак көӊүлүн алаканына салып тосуп турган адаммын дейт. Ибн-Караш Абил бий экен...
– Э, ошондой бекен!- деп койду полковник Машин.
– Келгиле... Төрүбүзгө өткүлө... о, адам атанын ыкыбалдуу балдары...- деп жер мөгдөп келип, Абил полковник Машиндин үзөӊгүсүнө жетип тооп кылды. – Келгиле...
Тилмеч которду. Полковник атын темине берди:
– Эмне экен, сүйлөшпөскө, мейман болбоско эмне?! Кызык да бу...
Топ жаӊгактын четине жетип, Абил ийилип токтой калды:
– Келгиле, азиз меймандар, ыкыбалдуу меймандар... Жол азабы белгилүү, атка урунуп, чаалыгып, чаӊкап калгандырсыӊар, аттан конгула, мына майдан, мына саябан, эс алгыла, азиз меймандар...
Тилмеч которду. Полковник аттан түштү. Адъютанттан мурда жетип Абил өзү атын алды.
Жигиттер буттары чөпкө илешпей заматта узун-узун дасторкон жайып, тик турган аюудай чоӊ чаначтарды муздак көлөкөдөн сүйрөп чыгып, дасторконго бышкан этти жайнатып жиберишти. Ары жакта үч жүз отряд күрү-күү болуп, көлөкө кууп, суу бойлоп түшүп жатты.
– Кана, улук төрөлөр... дасторконго... даамга...
Полковник отура бербеди. Абилди шектүү тиктеп, көӊүлүнө бирдеме келип, ошол аны токтотуп турган өӊдүү болду. Абил муну тилмечисиз түшүндү:
– А...- деп леп этип эӊилип, эттен бир үзүп оозуна салды, – мына... мына...- деп дасторконду кыдырып ар даамдан ооз тийип, ар чаначтан пиялага куйдуруп бирден ууртап
чыкты.
Карап турган аскерлер бапырап күлүп, дасторконго жутунуп калышты.
Түш оогонго чейин отурушту. Аркы сөз, берки сөз айтылды. Эки жак үйүр алышып кетишти.
Суусунга келгенде караламан аскерлер эч тартынбай кымызга киришти. «Во! Эӊ сонун кумыс!» дешип тамшанып ичип жатышты.
Абил мунун баарын угуп, баарын көрүп отурду.
Мына ушул учурда наркы жашыл адырдан Көл-Мазар тарапка карай чубап, көп эл көрүндү. Полковник элтейип тиктеди. Тилмеч да колун серелеп карай берди.
Абилдин жүрөгү солк этти. Алмамбеттин акылын уурдап, Бекназардын өлүмүн карактап келип отурганы кылт этип эсине түштү.
– Э...- деди иреӊи карайып, ойго батып, – бу эл... Өлүк көтөрүп баратышат көрүстөнгө...- деп түшүндүрдү. – Улук төрөнүн ыкыбалы белем, бир катуу жаак душманыӊар бар эле, ошол күнү кече силердин келер алдыӊарда өзүнөн өзү кан кусуп өлүптүр, ошону жерге жашырууга көтөрүп баратышкан го...
Тилмеч түшүндүргөн соӊ полковник көӊүлү жайланып, кайра кызыгып дүрбү салып карай баштады.
Эӊ алдында төрт балбан жигит ийиндеп табыт көтөргөн. Туягына түшүрө кара тул жабылган баатырдын аргымагы, наркескен кылыч кынсыз ээрдин кашына илинген. Улам бири алмашып, улам бири талашып, табытты көптөп көтөрүшүп, баатырга эӊ акыркы кызматын кылышып, эӊ акыркы пенделик карызын өтөшүп, кары, жаш мөгдөп, бири-биринин этегин кармаган сыяктуу, уюктуу кумурсканын көчү сыяктуу сенделип, эл мөгдөп, жай чубап көк жашыл тоо этектеп өтүп баратты.
Көрүстөнгө жакындаганда көр казгандар утурлай басып, эл дуу туруп өкүрүп жиберишти, шаша чуркаган көр казгандар табытты колдон алып жүрүп беришти. Элдин чуусунан тоолор каӊгырап, кошо өкүргөндөй кош жаӊырыктап, бардык жандуу дем тартпай аваз кылгандай, чөп башы ыргалбай, булак токтоп, чымчык үркүп, жер менен асманга ый толуп кетти.
Полковник дагы бир пас тиктеп, анан ордунан козголду:
– Ну-с, ыракмат, кадырлуу бий...
Меймандын аттанууга ниет кылганын тилмечсиз түшүнүп:
– А...- деп Абил ары жакка карай үн салды. – Йе, Карачал...
Карачал ушул гана белгини күтүп отургансып, колжоё басып келип, күмүш табакка бүтүн бышырылган казды салып, кош колдоп көтөрүп келип калды.. Полковник каздан мурун пил сыяктанган жапайы балбандын өзүнө таӊыркап тиктей берди.
– Эӊ акыркы даамды татып аттангыла, төрөлөр куш этин жакшы көрөт дегенинен,- деп калды Абил. Тилмеч которду. Полковник:
– Э, бул эмнеӊер, достор?!- деп эми каягыбызга жейбиз дегендей түр кылды.
– Жо... алыӊыз, улук төрө, алыӊыз...- деп полковниктин табити тартпай турганын көрүп күйпөлөктөп кетти. – Тууганым, айтчы, жок дегенде санын айрып көрсүн, ооз тийсин...
Полковник меймандын сылыктыгын гана кыя албай, күмүш табакты алдына тартып, каздын ичи шооно менен тигилип турганын көрүп кайра көӊүлү жипкирип, башын чайкап, ошентсе да каздын санын тарта бергенде, эзиле бышкан эт тез айрылып, ичинен майга аралашып, бир нече алтын теӊге куюлуп түшө калды. Полковник бир кур нестее калып, Абилди кыя карай берди. Абил жумшак жымыйып, башын акырын ийкеди. Тилмеч ары карап көрмөксөн болду. Полковник андан нары эмне кыларын билбей, же колун тартып ала албай, же ичине алтын шыкалган килейген казды ары түртө албай, отуруп калды.
– Якши киргиз...- деди ал «кетерде көрөлү» деген сөзү эми эсине келбей. Абил леп сыӊар тизелей калып:
– Тийсе курсак бөксөргөндө тиер кереги...- деп казды күмүш табагы менен дароо дасторконго ороп, полковниктин кайыш жан баштыгына салып, тору кашка аттын канжыгасына өзү бөктөрдү.
Полковник Абилди тиктеп туруп:
– Якши киргиз...- деди, билген сөзүн дагы кайталады.
Жөнөп калышты. Полковник Абил менен кол алышып көӊүлү ачылып коштошту. Абил анын колун коё бербей туруп:
– Тууганым абзий,- деп тилмечке карады, – айтчы, айланайын, төрөгө бирдеме деп күбөнама жазып таштап кетсин, антпесе биздин эл, өзүӊдүн кабарыӊ бардыр, тентек эл, ар кандай сөз чыгышы ыктымал, мен аларга көрсөтө турган болоюн, ары да артыӊардан дагы башка төрөлөр келип калышы мүмкүн, жаман айтпай жакшы жок, алар кандай кабак менен келишет, аларга көрсөткөндөй болоюн!
Ишинен кам калтырбаган бу кишиге ичинен таӊ калып, тилмеч суроосун которду. Полковник Машин токтолуп турган жок, кагаз алып, каламын тез-тез шилтеп: «Биз тоо аралап келатып кара кыргызга кездештик. Бийи Ибн-Караш Абил бизди кубаныч менен тосуп, жакшы мамиле көрсөттү. Ошон үчүн бул элдин, анын бийинин орус бийлигине жаман ою жоктугуна күбө болуу менен бирге, бизден кийин кокус келип калчу «марш» кылган отрядына буларга ырайымдуу мамиле кылуусу керектигин эскертебиз» деп кол койду да, Абилге сунду. Дастан болор өлүм эсинен чыгып, Абил кочушун сууга тоскондой эӊиле калып, кош колдоп алды.
Отряд андан ары жүрүп кетти. Абил кийин орус акимчилиги келгенге дейре падышадан алган өзгөчө жарлык катары өз аймагына көп жылы чарк имерип «тоӊ бийлик» кылышына укук болуп берген ошол кагазды көзүнө сүртүп, тооп кылып, көлөкөсү узарып, үӊкүйүп калып калды...

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jetinur90
2015-09-28 23:04:10
буттубу ошондо? Эми кайсы чыгарма сериалда?
0
bazarkyl
2015-10-01 13:51:23
администрация кыргызча жакшы китептерди көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн берсеңиздер сураныч. Бир шилтеме ачып койуңуздарчы сураныч! Жо болбосо бир шилтеме көрсөтүп койсоңуздар мен көчүрүп алганга.
0
mambet25
2015-10-01 15:24:12
Жаш кезде Т.Сыдыкбековдун "Кок Асабасын" окудум эле ошону берсе сонун болот эле,бутум сынып жаткан кезде экоону тен окудум эле
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан