САРЫМСАК – БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮ БАКЧУ ӨСҮМДҮК

Кыргызстанда жумуш жок деп чет жерге акча табуу үчүн кеткен мекендештерибиздин саны арбын. Ошону менен катар өз мекенинде жер иштетип, маӊдай тери менен тапкан акчасына үй-бүлөсүн баккан дыйкандар бар. «Эр эмгегин жер жебейт» демекчи, сарымсак айдап, үй-бүлөлүк казынасын толтурган дыйкандардын бирине сөз берсек.

Бурулуш Карасартова, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая-Поляна айылынын тургуну, дыйкан:
– Мен өзүм мугалим болуп иштечүмүн. Азыркы заманда баары акчага келип такалат эмеспи. Ошондуктан кесибимди дыйканчылык менен алмаштырып жибердим. Жети-Өгүз аймагында картошка, сарымсак сыяктуу өсүмдүктөр аябай жакшы өсөт. 6 жылдан бери Бишкектин «Ош базарында» иштейм, акыркы 4 жылдан бери сарымсак сатам. Өзүн толугу менен актап, бир үй-бүлөнү баккан ак жолтой өсүмдүк. Студент баламды деле атасы экөөбүз сарымсактан тапкан акчага окутуп жатабыз.
20 сотых жерге айдайбыз, 300 килограммдай үрөн кетет. Жакшы карап-бакканыӊа жараша 2-3 тоннадан көп сарымсак алууга болот. Казып алгандан кийин үрөндүгүн алып калып, калганын жыл бою отуруп өзүм сатам. Анын үстүнө бул жылы кымбат болду, майда-чоӊуна жараша килограммын 180-250 сомго чейин сатып жатам.
Көлдүн абасы салкын болгондуктан сарымсак көпкө сакталат, кардарлар да атайын «көлдүн сарымсагы барбы?» деп издеп келишет. Сарымсак жерди арыктатып жиберет. Ошондуктан картошка экөөнүн жерин жыл сайын которуштуруп айдап турабыз. 2-3 жылда бир үрөндү да алмаштырыш керек, антпесе сарымсактын түбү майдаланып кетет.

ЧЫГАША

20 сотыхка 300 килограмм үрөн кетет (1 гектар жерге 1200 килограмм). Үрөндүн килограммы – 100-120 сом. 300х120 = 36 000 сом.
Жерди айдатып-малалатканга болжолдуу 50 литрдей (литри 35-37 сом) солярка коройт. 50х37 = 1850 сом.
Жер ижарага айыл жергесинде 20 сотых – 2000 сомго, шаарда 4000-5000 сомго берилет (айыл жергесинде 1 гектар жер 10 000 сом, Бишкектин айланасында 15-20 000 сом).
36 000 (үрөн)+1850 (күйүүчү май)+4000 (шаардагы жер ижарасы) = 41 850 сом
(каарманыбыздыкы жер, үрөн өзүнүкү)

КИРЕШЕ

20 сотыхтан орточо эсеп менен 3 тонна сарымсак чыгат.
Килограммы дүӊүнөн сатылса 120-130 сом
3000х130 = 390 000
390 000-41 850 = 348 150 сом таза киреше
Чекене сатканда орточо эсеп менен килограммы 200 сом.
3000х200 = 600 000 сом
600 000-41 850 = 558 150 сом таза киреше.

«Экотеплица» компаниясынын агроному Саамыйбек Султанов сарымсакты өстүрүү боюнча кеӊеш берет:

Топурак
Сарымсак жерди арыктатып жиберет. Андыктан ал жерди 3-4 жылда бир которуп туруу зарыл. Август айында сарымсак толугу менен казылып алынгандан кийин топуракка малдын (тоок, уй, кой, жылкы) кыгын чачып коюу керек. Күзгө чейин кык топурак менен аралашып, жакшы жер семирткич болот.

Отургузуу
Сарымсакты топурак муздаган кезде, башкача айтканда, сентябрдын аягынан баштап октябрь ичи отургузуш керек. Солдордун арасын кетмен баткыдай 10-15 сантиметр, сарымсактын тишчелеринин араларын 10 сантиметрден кылып 5-7 сантиметр тереӊдикте отургузабыз.

Үрөн
Сапаттуу сарымсактын өӊү сыя көк түстө. Канчалык көп сакталып эскирген сайын өӊү агарып, кабыгы калыӊдай баштайт. Андан сырткары ГМО менен өстүрүлгөн, Кытайдан келген сарымсактардын өӊү апакай, чоӊ болот. Үрөндүк сатып аларда ГМОдон абайлаӊыз, анткени алар түп байлабайт. Жаӊы үрөн алганга аракет кылыӊыз, антпесе 2-3 жылдан ашкан үрөн эскирип, сарымсак майдаланып кетет.

Сугаруу
Аба ырайы ысык аймактарда 5-6 ирет, салкын жерлерде 2-3 жолу сугарылат. Жалбырагы бүрүшүп, куурап, сугаруу керек экенин өзү эле кабарлайт. Топурагы семиз, убагында отолуп, сугарылып турган сарымсакка курт түшпөйт, оорубайт. Эгер ашыкча сугарып жиберсе, ортолору карарып, чирип кетет.

Өзөк
Сарымсактын өзөгү май-июнь-июль айларында үзүлөт. Эгер өзөгүн албай койсо, сарымсак тишчелерге бөлүнбөй калат. Өзөктү эртеӊ менен эрте же кечке жуук жумшак кезинде кол менен үзүп же кайчы менен кыркып алуу керек. Сарымсактын бою узарып баратса, сабагын байлап коюу зарыл. Антпесе түбү азыктанчу заттардын баары сабагына кетип, сарымсак майдаланып же болбосо такыр эле түп байлабай калат.

Жыйноо-кургатуу
Август айында казылат. Казып алгандан кийин топурагын жакшылап күбүп, сабагынан өрүп, көлөкө, шамалдап турган жерге илип коюу керек. Же болбосо сабагынан 10 сантиметрдей калтырып кесип, көлөкө, шамалдап турган жерге кургатабыз. Бул өсүмдүк суукка чыдамдуу, андыктан кышкысын эшик-терезеси жабык сарайга төгүп, үстүнө таар жаап коюу керек. Сарымсакты муздаткычта сактаганга болбойт, чүрүшүп, сапатын жоготот.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сарымсак өстүрүп, үй-бүлө бакса болот
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Arslanbek
2015-09-28 19:30:13
Жакшы кенеш
0
Arslanbek
2015-09-28 19:30:40
Жакшы кенеш
-1
Arslanbek
2015-09-28 19:31:05
Жакшы кенеш
0
Birimdik5555
2015-09-29 02:04:11
Жакшы кенеш экен,сарымсак эксек окшойт
0
briliant87
2015-09-29 10:15:01
Мен эксем эч эле чонойбойтда,майда болуп калат.
0
enka
2015-09-29 19:26:37
Жакшы жанылык экен ))
0
aselichka
2015-09-30 21:49:43
Уронду кантип билебиз жаны же эски экенин?
0
beben
2015-10-01 12:59:32
Мен суранган капуста жонундо маалымат дагы чыкпаптырда ... бирок жакшы кенеш экен рахмат .
0
Boldukan86
2015-10-01 18:26:13
рахмат. эксембии деп жаттым эле эми точно эгем.
+1
oomat
2015-10-01 20:54:54
жакшы кенеш чыгымына тобокел кылыш керекго
0
acer7250
2015-10-02 11:39:34
Жазында картошка эгип андан кийин аны жыйнап алган сон кузундо сарымсакты эксе болобу картошканын ордуна? Кенеш берип койгулачы билгендер болсо
0
Shekeev969798
2015-10-03 10:12:51
Жок болбойт картошка жердин кучун алып койот да
0
Nur1k_
2015-10-03 16:46:20
Досум экөбүз эгип бизнес кылсакбы деп жаттық эле буюрса кылабызго) )
+1
kanatake
2015-12-04 21:45:13
шор баскан жерди кандай кылып шорун кетирсе болот кенеш берип койосуздарбы
0
admin_superstan
2015-12-07 15:57:35
kanatake, саламатсызбы!
Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
bagira77
2017-04-06 04:48:13
Кантип кочурсок болот?
0
admin_superstan
2017-04-06 09:22:18
bagira77, бул шилтеме аркылуу кириңиз: http://www.super.kg/media/stv/150455/
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан