Кубанычбек Адылов, актёр: «КАРАКОЛДОГУ ОКУУМДУ ТАШТАП АЛМАТЫГА КЕЛЕ БЕРГЕМ»

«Уурунун махабаты» тасмасын көргөн көпчүлүк айымдардын эсинде андагы кримтөбөлдүн образын жараткан мырза өзгөчө көз карашы, келбети менен сакталып калса керек. Бул ролду аткарган Кубанычбек Адыловду казак эли дагы мыкты актёр катары жакшы таанышат. Себеби Кубаныч мырза көп жылдан бери Казакстанда жашап жана эмгектенип келет. Чет өлкөдө өз өнөрүн тартуулап жүргөн мекендешибиз менен болгон чакан маекти окурмандарга сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Кубаныч? Маегибизди Казакстанга кантип отурукташып калдыӊыз эле ошондон баштасак?
– Өзүм борбор калаабыз Бишкекте эле төрөлгөм, ата-энем Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынан болушат. Ата-энем партия кызматкери болгондуктан, балалыгым аларды кайсы жерге жиберишсе, ошол жакка көчүп жүрүп ар жерде өттү. Мисалы, мектепке баргыча Чолпон-Ата шаарында жашадык. 1-класска Ак-Суу айылындагы мектепке барсам, 2-3-класста Караколдо, 4-11-класста Оргочор айылында окугам. Караколдогу азыркы Касым Тыныстанов атындагы университет биздин убакта педагогикалык институт болчу. Мектепти аяктагандан кийин ошол институттун география факультетине тапшырып, бир жылдан соӊ окуумду таштап Алматыга келе бергем. 1991-жылы Алматыдагы Искусство академиясына тапшырып, биротоло Казакстанда калып калдым.
Мендеги актёрлук шык бала кезде ойгонгон деп айта албайм. Чыгармачылыкка болгон кызыгуум Искусство академиясына тапшыргандан кийин башталды. Ата-энем экөө теӊ чыгармачылыктан алыс адамдар эле. Тилекке каршы, экөөнүн теӊ көзү өтүп кеткен, мен алардын жалгыз уулумун. Атам тараптан бир агам бар, бирок аны менен катышпайм. Туугандарымдын баары Ысык-Көлдө турушат, Караколдогу үйүмө тез-тез каттап, туугандардан кабар алып турам. Учурда Алматыдагы Т.Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясында мугалим жана Республикалык немис драма театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенем. Акыркы жылдары окутуучулук жана режиссёрлук менен алекмин. Жан дүйнөмө театр жакын, ошон үчүн искусствонун ушул тармагында эмгектенүүнү эп көрдүм.
– Кыргызстанда 20 жылдай, Казакстанда 20 жылдан ашуун жашаптырсыз. Айтсаӊыз, кайсы өлкөнү Ата Мекеним деп эсептейсиз?
– Мен үчүн мекен – бул менин балалыгым, ата-энемдин үйү болуп эсептелет. Ата Мекеним Кыргызстан же Казакстан деп бөлбөйм, мага эки өлкө теӊ бирдей, анткени экөөнү теӊ жакшы көрөм.
– «Уурунун махабаты» тасмасына кантип тартылып калгансыз?
– Караколдогу үйүмдө жүрсөм, Бишкектен коӊгуроо кылып аталган тасмага «видеотандоодон өтүп көрбөйсүзбү?» деп сунушташты. Барсам жактырышты окшойт. Ошентип тартылып калгам. Мени кантип таап алышкандыгы тууралуу кабарым жок. Бул тасма менин кыргыз киносундагы алгачкы эмгегим.
– Кримтөбөлдүн ролу сиздин келбетиӊизге абдан жарашкан, «Рэкетирдеги» Саяндын, «Бригададагы» Саша Белыйдын ролун аткарсаӊыз деле жарашмак экен...
– Саяндын да, Беловдун до ролун ойномок эмесмин. Андан көрө Достоевскийдин князь Мышкинин, Сервантестин Дон Кихотун, Гётенин Фаустунун образынын үстүнөн эргүү менен иштемекмин. Театрдан өзүмдү таптым жана сүйүктүү кесибим менен алектенип жүргөнүмө бактылуумун. Эӊ күчтүү эргүүнү, адреналинди театр сахнасынан гана сезе алам. Театр – бул адамдар менен болгон жандуу байланыш, энергия алмашуу. Сен ойноп жатканда залдагы жымжырттык, миӊдеген көздөр сенин кыймыл-аракетиӊди көз жаздымда калтырбай карап турганы кайталангыс сезимдерди тартуулайт.
– «Уурунун махабатындагы» каарманыӊыздын жоруктары алгач сценарийди окуганда сизди таӊ калтырдыбы?
– Актёр аткарган ролунун жактоочусу болушу керек. Эгер кинодогу каармандын жоруктары актёрго түшүнүксүз болсо, анда ал ролду ийинине жеткирип ойноо мүмкүн эмес. Образ ошол ойдон чыгарылган каармандын жоруктарынын кошулмасынан жаралат. Андыктан актёр ал образды аткарардан мурун өзү үчүн анын тасмада кыла турган жоруктарын актап алышы керек. Мен аталган тасмадагы каарманыма такыр окшош эмесмин. Мүнөзүм, жашоодогу принциптерим башкача, бирок кримтөбөлдүн образын көрүүчүлөрдүн купулуна толгудай кылып аткарганга аракет кылгам.
– Айтсаӊыз, көпчүлүк актёрлордун максаты Голливудду багындыруу эмеспи, сиздикичи?
– Максатым бир эле нерсе – өзүмдү өзүм өнүктүрүү. Али өзүмө белгисиз болгон жаӊы тараптарымды, таланттарымды ачуу. Аларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү. Ал эми Голливуд мени такыр тарткан эмес жана тартпайт дагы. Кыялым – улуу режиссёр Анатолий Васильев менен жолугуп, театр оюндарынын теориясы боюнча баарлашып, пикирин угуу.
– Казак туугандар сизди кайсы тасма аркылуу таанышат?
– Баш-аягы 10-15тей тасмага тартылгам. Алардын ичинен Казакстанда тартылган «Станция любви» деген тасма мага атактуулук алып келди. Атактуулук дегенде жылдыз болуп кетүү эмес (күлүп). Ушул тасма аркылуу мени казактар таанышат дегеним. Өзүм популярдуулукка терс көз караштамын, бул нерсе менин эркиндигимди, жеке жашоомду чектеп койчудай сезиле берет. Азыркы иштеп жаткан жумушум жылдыз оорусу, жылдыз болуп кетүү дегенге такыр тиешеси жок. Бул түшүнүктөр көбүнчө шоу-бизнеске туура келсе керек.
– Уруксат берсеӊиз, жеке жашооӊузга да тийишип өтөлү. Канча жаштасыз, бойдоксузбу же үй-бүлөлүүсүзбү?
– 42 жаштамын. Жубайым казак кызы, кесиби актриса. Экөөбүз Искусство академиясында бир курста чогуу окуп жүргөндө таанышканбыз. Эки кызыбыз бар, улуу кызым Асел 21, кичүү кызым Асем 14 жашта.
– Учурда кыргыз киносу өнүгүү жолунда баратат. Сиздин оюӊузча, дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн дагы кандай аракеттерди көрүшүбүз керек?
– Бизде таланттар абдан көп, бирок дүйнөлүк деӊгээлге чыгуу үчүн бул жетишсиз. Бизге таланттар эмес, профессионалдар керек. Анан татыктуу каржылоо сөзсүз болушу кажет, каржы маселесин көтөрбөсө, кинонун өнүгүүсү тууралуу кеп козгобой эле койгон оӊ.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат!

«Жубайым да актриса болгондуктан, үй-бүлөгө кенен убакыт бөлө албасымды жакшы түшүнөт».

«Кесип тандоодо жаӊылбаганыма сүйүнөм, анткени театрсыз жашоомду элестете албайм».

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
jaskaaa
2015-09-28 12:03:35
Жаш корунот экен
+2
aytkulova
2015-09-28 16:07:48
Кызы 21 ге чыгып калыптыр, чын эле жаш корунот экен.
+3
Altynbekova.01
2015-09-28 17:49:12
Мен да 21 жаштамын. Атым Асел. ☺☺.ишинизге ийгилик.
0
ganadik87
2015-09-29 19:48:45
Да менин агам болот экен. Менин да атам Жети Огуздун Ак Терек айылынан. Ийгилик сизге
-1
Drongo
2015-10-04 20:55:06
Оо,Караколдук жердешим,ишинизге ийгилик.
-1
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан