КҮЗДҮН ЭӉ КЕРЕКТҮҮ КИЙИМДЕРИ
Көзгө уруна турган ашыкча элементи жок белден келген булгаары күрмөлөрдүн кыскалары бул күздө саркеч кийимдердин сап башында турат. Аны сиз кыска жана узун көйнөктөр менен кие аласыз. Толук айымдар болсо мындай күрмөлөрдүн бир аз чыпташканын тандашы керектигин стилисттер эскертишет. Антпесе бош күрмө ого бетер толук көрсөтүп коёт. Ошондой эле учурда айымдар рюкзагы моданын артынан кууган кыздардын гардеробунан татыктуу орун ээлөөдө. Анан да бул күздө образыңызды рюкзак менен толуктап алсаңыз ашыкча болбойт.
Мырзалар үчүн арналган булгаары күрмөлөр да бир нече жылдан бери өз актуалдуулугун жоготпой келет. Белге чейин же андан бир аз ылдый, алды кыйгачынан топчуланган же жөн гана сыдырыла турган күрмө ушул күздө сиздин гардеробуӊузга сөзсүз кошулуусу зарыл. Аны ар бир мырза өз дене түзүлүшүнө карап ыӊгайлуусун тандап алса болот.
Бул күздө айымдар үчүн плащ, сюртуктар модада. Туура тандалган плащ, сюртуктар ар кандай күрмөлөргө караганда наздуулук берет. Образыӊызга романтика жана кооздук кошот. Алардын боз, жашыл, көк, сыя көк, кочкул кызыл өӊдөгүсүн тандасаӊыз жаӊылбайсыз. Айрыкча кеӊсе кызматкерлерине бул кийимдер өзгөчө ыӊгайлуу.
Жаз-жай мезгилинин тренди болгон бул сүрөттөгү көйнөк (платье-рубашка) суук түшкөндө да өз позициясын жоготкон жок. Мындай фасондогу көйнөк эркектен кем калышпаган күчтүү жана көз карандысыз заманбап саркеч айымдардын образын берет. Бул арык, бою узун айымдар үчүн эӊ идеалдуу вариант. Мындай көйнөктү өзүн же чыпташкан жынсы шым, лосина менен кийсе болот. Ал эми толук айымдар куру жок, тик жакалуу түрүн тандашканы оӊ. Ошондой эле толук айымдар көлөмдүү сүрөт тартылган жана туурасынан кеткен сызыктары бар көйнөктөрдөн баш тарткандары туура.
Мырзалардын жынсы же ар кандай ичке шымдары бул күздө өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Чыныгы эркектердин кийими кайтып келип, кенен шымдар кайрадан модада. Мындай шымдарды бою узун мырзалар багалегин бир аз түрүп кийип алса ого бетер саркеч көрүнүшөт. Ал эми бою кыскалар багалегин түрбөгөнү оӊ, себеби бутту кыска көрсөтүп коёт.
Динара Абдыкадырова
Фото: Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
мен жылына жаны чыккан кийинмди коп деле ала бербейм жаны алдымбы ошону 2 же уч жылдап кием таза тыккан боюнча сактап кийсек копко жетет калп эле ашыкча чыгым кетирип жыл сайын жанылай бергени кайдагы расход. Андан коро ошол акчага курсакка керек нерсе алсам ошол ден соолукка пайда болоор!!!
Кийимдер аябай кымбат арзанын алайын десен сапаты начар
Кийим ала берсен,эч качан акча тугон босо !
Кийим, кийим кузугу кийим проблемалсы.. . башталды
эми эл каалаганын кийет да.
myncha jakshynakaaaai balaaaa :)
Ваай, жаман красавчик жигит экен!
Назгулдун биринчи суроттогу кийимдери жакты,булгаары курмого жетпей журом ((((
Ой моданы мындай коюп бутума алсам болот эле((( кийим асмандын башы зарплата чоптун башы(( ушуга да шугур))
Кийим кече алганынар жакшы шартка карап, чонтогундо жокпу айланадагыларды кыйнаба. Оболо акчам жок, алалбадым деп кейибе. Бут кийим алаарда буту жок адамдарды ойло, койнок алаарда колу жок адамдарды ойло. Мына ошондо шугурчулук деген соз келет оозуна.
Эвропадан кийимдер келди кг сатылып жатат кузгу кышкы сапаты дурус назул менен красавчиктин кийимнен мыкы!
Болгону ушул элеби?) Бизге кыздарга мындан 2 эсе коп кийим керек
тар шымдар модадан кеткени жакшы болуптур, болбосо жарашканы жарашпаганы деле кийип кыздардан айырмасы жок болуп кетишкен
SHAARKAN,
акыркы суротто балага колуна карматканы жакшы эмес.