Нурлан Насип, «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын 3 жолку ээси: «БЫЙЫЛ ПАРТИЯЛАР АРАСЫНДА ТАЛАШКА ТҮШТҮМ»

Учурдун эӊ популярдуу ырчысы Нурлан Насип сахнага кадам таштагандан бери ырчынын күйөрмандары көбөйүп, бир топ тепкич бийик көтөрүлдү. Жылдызы жанып турган Нурлан менен атактуулук, жашоосундагы жаӊылык, саясат, жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

– Нурлан, саламатсыӊбы? Учурда үгүт иштери менен жүрөсүӊ. Кайсы партияга ырдаарыӊды төлөгөн гонорарына карап тандадыӊбы же саясий көз карашыӊдан уламбы?
– Саламатчылык! Саясат айдыӊында орчундуу жаӊылыктар болуп калганда эле кулак төшөп калбасам, бул чөйрөгө кызыкчу эмесмин. Азыр эки тарап теӊ капа болбой турган гонорарга келишим түзүп ырдап жатам. Кайсы партия өтсө да, өлкөбүздү өнүктүргөнү бийликке келсе дейт элем. Анткени биз көп жактан арттабыз.
– Үгүт иштеринен эӊ көп гонорар алгандардын сап башында экениӊди кулагыбыз чалды эле. Сыр болбосо канча алдыӊ?
– Сумманы элге жарыя кылуунун кажети жок деп ойлойм. Өзүӊүздөр билгендей, «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын 3 жолу алгам. Ушул наамды алгандан кийин алдыӊкы ырчылардын бири катары өзүмдүн ставкамды койгонго укугум бар. Анын үстүнө буга чейин тытынып иштедим, ошол эмгегим жемишин эми берип жаткан кез. Быйылкы шайлоодо талашка түштүм, көптөгөн партиялардан чакыруулар болду.
– Тапкан каражатыӊды каякка жумшайсыӊ?
– Албетте, бул акча жакшы жакка жумшалат. Келечегимди ойлоп, үй же жер алганга аракет кылам. Колумдан келишинче туугандарыма жардам берем. Байкелерим убагында жардам беришкен, алардын жеке бизнестерин алдыга жылдырууга салымымды кошом.
– Саясатчы болгуӊ келеби?
– Мен ырдап жаткан партия «сендей эл адамы болгон жигиттер керек» деп катарына кошулуумду сунушташты. Алгач ата-энем менен кеӊештим, алар колдоорун айтышты. Бирок ойлонуп көрүп, бул нерседен баш тарттым. Мен азырынча саясатка барууга даяр эмесмин. Анын өзүнүн убагы келер, ошондо көрө жатарбыз. Үгүт иштеринде ырдап жүрүп оюм кадимкидей өзгөрдү. Мурда ырчы болом деп келсем, азыр саясатка кызыга баштадым. Буюрса, бышып, даяр болгонумда саясатка кадам таштайм.
– Саясатчы болсоӊ, алгач кайсы көйгөйлөрдү чече баштамаксыӊ?
– Алгач Токтогул жергесинен баштамакмын. Анткени ал жакта жолдор начар, маданият артта калган. Өз жеримдин артта калган тармактарын жакшыртмакмын. Өзүнчө саясатчы болуп кеттим го, ээ? (күлүп). Учурда Кыргызстанды алдыга жылдырууга жан үрөп иштеп жүргөн жаштар бар. Убагы келгенде мен дагы ошолордой болсом жаман болбос. Бирок бир жаман жери – саясатта атыӊ бул­ганып калышы мүмкүн. «Жаман атты жуусаӊ да, куусаӊ да кет­пейт» дегендей, жаманатты бо­луп калуудан корком.
– Азыр популярдуулуктун туу чокусунда турасыӊ. Ага манчыркап кетпей элесиӊби?
– Жок, мен ар бир күнүмө шүгүр кылып жашайм. Кээ бир досторум «сенин ордуӊда болсок, учуп кетмек болушубуз керек» деп калышат. Мен алардан «ушунчалык популярдуумунбу?» деп сурайм. Чынын айтсам, азыркыга чейин өзүмдүн канчалык популярдуу экенимди билбейм. Атактуу экеним элдин алдына чыкканда гана сезилет.
Жакында концерттен соӊ унаада кетип баратсам кыздардын баары «Нурлан Насип!» деп кыйкырып жатышканда жан дүйнөм башкача болду. Алардын сүрөгөнү мага дем-күч берип жатты. Күнүгө түрдүү белектерди алып жатам. Баарынан күйөрман кызымдын «Супер-Инфого» чыккан биринчи сүрөттөрүмдөн тартып азыркыга чейинки сүрөттөрүм чапталган эки чоӊ дептерди белек кылганы жагымдуу болду.
Ар дайым Жаратканга шүгүр кылып, көз тийбесин деп тилейм. Анткени канчалык өскөн сайын ошончолук көрө албаган, буттан чалайын деген адамдар, ошол эле учурда сени колдогон досторуӊ да көбөйөт экен. Эл көзүндө жүрүп белгилүү боло баштагандан тарта бир кишиге башкача сүйлөп койсоӊ, «бул жылдыз оорусу менен ооруй баштаптыр» деген жаман сөздөр ээрчийт. Ал сөзгө ка­былбаш үчүн өзүмдү көзөмөлдөп турам. Жакындарыма дайыма «эгер өзгөрүп баратсам айтып койгула» дейм. Акыркы учурда интервью бергенден да кача баштадым. Жаӊылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт да. Туура эмес сүйлөп алуудан коркуп калдым .
– Бир кездеги Атабековдун атактуулугу азыр Нурланга ооп баратат деген ойго кошуласыӊбы?
– Ар бир адамдын доору болот деген чын. Мактангандай болбоюн, акыркы кезде бул сөздү көп укчу болдум. Өткөндө Мирбек байке экөөбүз (ред. Мирбек Атабеков) жолукканда, анын «акты ак, караны кара деш керек. Азыр сенин популярдуу болуп жаткан учуруӊ» дегенине ыраазы болдум. Ал: «Азыр кыргыз эстрадасы үч мотивде кетип баратат. Сенин өзүӊдүн, Мирбек Атабековдун өзүнүн, Гүлжигит Сатыбековдун өзүнүн аудиториясы бар»,- деди. Чындыгында, ар бирибиз өзүбүздүн ырдоо стилибизди бербейбиз (күлүп). Ошолорду айтып күлдүк. Мирбек Атабековдун чыгармачылыгын баалайм. Ал менден 5 жыл мурун ырдап чыккан. Мирбек байке эл оозуна алына баштаганда мен сахнага кадам таштай элек болчумун, анын концерттерине барчумун. Билишимче, ал дагы «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын 3 жолу алган, ээ?
– Ооба, «Заманыбыздын супер ырчы мырзасы» наамы да ыйгарылган...
– Буюрса, анын артынан келип, мен дагы бул наамды 3 жолу алдым.
– Балким, сенден кийин чыгып атактуу болгон ырчы жигитти да «азыркы замандын Нурлан Насиби» деп калабыз. Бул сыймык болсо керек, туурабы?
– Албетте, сыймык. Жаратып жаткан ийгилигиӊ өзүӊө билинбейт тура. Азыр да жакшы ырчылар чыгып жатат. Мен да өз доорумда иштеп алайын.
– Жеке жашоо тууралуу кеп баштасак. Ырчы Асел Кадырбекова менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүӊөрдү билебиз. Бирок муну жашырып койчусуӊар. Кийин силердин мамилеӊерге чекит коюлганы тууралуу маек бериптирсиӊ...
– Ооба, Асел экөөбүз мурда кыз-жигит болчубуз. Башында эле мамилебизди ачыкка чыгарууну каалаган эмеспиз. Экөөбүз «гезит-журналдарга мамилебизди жарыялабайбыз» деп сүйлөшүп алганбыз. Жылдызыбыз келишпей, кол үзүшүп, дос бойдон калдык. Учурда жүрөгүм бош. Аселди сыйлайм, анын бактылуу болушун каалайм.
– Нурлан Насип үчүн эӊ негизги байлык эмне?
– Мен үчүн башкы байлык – ден соолук. Быйыл бат-баттан ооруп, ооруканага көп көрүндүм. Байкасам, эс алуусуз тынбай иштептирмин. Дарыгер «нервиӊ чарчаган» деди. Тыным жок эле концерт, гастроль, анан той сезону башталып иштеп жүрө бериптирмин. Азыр ден соолугумду жакшылап караганга аракет кылып калдым.
– «Үйлөнсөм, чыгармачылыгым калып калчудай туюлат. Байкасам, бүлө кургандар өчүп калат экен» дегениӊ бар. Бул ойдон кайттыӊбы?
– Бойдок адамдын оюна ар түр­дүү ойлор келет. Бирде туруп үйлөнгүӊ келет, бирде туруп ой жүгүртсөӊ, чыгармачылы­гыӊ калып калчудай сезилет. Бирок антип жүрө берсеӊ туура эмес экен. Анткени чыгармачылыктын да, үй-бүлөнүн да өз орду бар. Буга чейин 25 жашка чыксам үйлөнөм деп пландаган элем. Быйыл үйлөнөйүн десем, ылайыктуу кызды жолуктурган жокмун. Ойлонуп көрсөм, дагы 2 жылдай бойдок жүрө турсам болчудай. Анткен менен убакытты созгум келбейт. Түшүнүктүү кыз табылса, ага эртеӊ деле баш кош­конго даярмын. Жараткан кимге бактымды кайсы күнү буюрса, убак-сааты келгенде жүрөгүмө төп келген кыз табылса үйлөнүүгө даярмын.
– Рахмат, тилегиӊ орундалсын!

"Буюрса, мен дагы Мирбек Атабековдой "Заманыбыздын супер ырчы мырзасы" наамына татып калармын".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (105)
meerimma84
2015-09-29 22:35:53
Көп мактанып алыптыр, эртен сенденда жакшы ырдаганы чыгат шашылба, жонокой бол. Көппө айтарым Нурлан Насипк. Чын жөнөкөй деп ойлойт элем чето коп мактанып жатат акыркы мезгилде. Туура бул даражага жетиш өтө кыйын, бирок жоготушда өтө бат.
0
Syiyy28
2015-09-30 02:58:01
Токтогулдун торгойлорунун бири да кантсе кучугум десе мага жагат азаматсын Аман болчу ардайым Эле
0
mmambet94
2015-09-30 08:58:40
Нурланга коооп коп акыл, ыйман , бакыт берсин! Келечекте туболуктуу бактылуу боло турган кыз табуусуна тилектешмин!
+1
aiposha
2015-09-30 12:48:48
Нурлан мыкты ырчы азаматсын, ийигилик калаайм сизге...
+1
Venera7777
2015-09-30 20:25:10
ии жаман эле болуптурго мактаанып эле сен Мирбек Атабекоооов ко жеткенче дагы бир жолу ондолуп торолушун керек.Мирбек Атабеков -азыркы жаш талаттардын бири да теней албаймын а Нурлан болсо аман эле болсунчууу кулкумду келтирбей
0
Mile
2015-10-01 15:03:57
Venera7777, ХХХ ХХХ ХХХ Мирбек Сенин ушинтип коргоп жатканынды билет бекен. Нурланга келсек ал озунун бешене тери менен иштеп которулуп жатат. Ондолуп торолгудой ал кудай бекен. Эл колдоп баалап жатабы демек буга орус, англис тилдеринде ырдоо керек дегени эмес.
0
Venera7777
2015-10-02 01:33:04
Mile,Мен Мирбекти колдоп жатканымды билсе билбесе эч кимге тиешеси жок бирок тиги эки ХХХ ХХХ корсоткон Нурландан Мирбек мин эсе жакшы
0
admin_superstan
2015-10-02 10:33:18
Venera7777, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
admin_superstan
2015-10-02 10:34:01
Mile, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
0
Yahoo
2015-10-01 14:30:54
мынча ХХХ ырчы))
0
admin_superstan
2015-10-01 14:56:46
Yahoo, кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
0
tavsan
2015-10-01 15:46:16
Mirbek Atabekovgo jeteer jetpesin siler kaidan bilesiner? a balkim ashyp ketettir, asmanda emes ele jerde jurgondoi tuyulat Nurlan, A Mirbek tochno asmandan kopton beri tusho albai jurgon kezi :) Iygilik Nurlan!
0
sultan.kg
2015-10-01 19:58:35
Жеке мен Нурландын да Гулжигиттин да Мирбектин чыгармачылыгын баалайм. Алгааа!!
0
.lonely-she-wolf.
2015-10-01 22:06:13
Мирбек байкедеги конур ун, бийик диапазон,ырдоо стили, сахнадагы имиджи,3 тилде еркин акцентсиз суйлоп ырдоосу деги баары баары ото мыкты.мирбек азыр уйбулолуу болсода мирбек деген бренд бар и сакталып гележатат.а сиз де нурлан байке талантынызды баалайм бирок али ага жетише елексиз.гулжигит мирбек байкелер такыр башка.
0
Mercedes202
2015-10-01 23:15:29
Аман болсун оорубасын!
0
amanatym
2015-10-02 09:53:23
коп эле мактанып ийген го, кыйын уну деле жок, женил желпи ырларды ырдап журот,Аман эле болсун
0
hochuradosti
2015-10-02 19:07:24
Ушу артист,режиссерлор короче маданият жаатындагылар саясатка кызыкпай эле койсо!!! Ар ким оз озунун кесиби боюнча эле кетсе экен. Чала сабаттуу саясатчылар дагы толуп кетти!!!
0
Gulnaz.GS
2015-10-04 19:17:27
Саясатчы болгусу келгендер тарыхты жакшылап окуп анан болгулачы не болсода
0
Raduga90
2015-10-07 03:06:01
Алла таалам. Ар бир адам баласына ыйманды, байлыкты ооматты Берип да алып да корот! Бул жалган жашодо бардык нерсе болот! Азаматсын! Ошол нерсени. Ар бир адам Билиш керек! Ишине ийгилик ата энен сыймыктанган элдин алды эмес атты да эмес орто болуп журо бер кудай насип этип намаз жолун да тен алып кетсен тура Жолдо журосун!
0
altiwka_88
2015-10-15 12:51:19
Нурлан интервью бергенде маектешуу маданиятынын денгээлин озгортсо.мектептеги жаш окуучулардын денгээлинде эле интервью бере берет.
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан