Шамшыбек Медетбеков: «САМАКОВ МЕНЕН ИДЕЯ ҮЧҮН БИРИКТИК»

4-октябрь күнү өтчү парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Келерки 5 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүү тагдырын чечүүгө белсенип шайлоого аттанган партиялардын үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Партия лидерлеринин «Азаттык» менен маектериндеги урунттуу учурларга бул санда да орун бердик.
– Маалымат каражаттарында партиялардын арасындагы эӊ эле жардысы Шамшыбек Медетбековдун «Кыргызстан элдеринин конгресси» деп жатышат. Саясат таануучулар «акчасы жок атаандаштыкка чыгып алган потенциалдуу талапкерлерге караганда бийликтегилердин артыкчылыгы көп болот, каражаты чектелген башка партиялардын мүмкүнчүлүгү аябай аз болот» дешүүдө. Бул жагы сиздерди кооптондурбайбы?
– Эми кеп акчанын көптүгүндө эмес. Шайлоодо акча менен шайлоочулардын добушун сатып алабыз деген чоӊ жаӊылыштык. Ошон үчүн биз оюбузда таза шайлоо өткөргөнгө өзүбүздүн пайдубалыбызды куралы деп максат кылып жатабыз. Акчалуулар утабы же таза партиялар утабы, аны 4-октябрь көрсөтөт.
– Бир топ партиялар тизмесин ар кандай жолдор менен түзүштү. Сиз болсо партияӊызга жерлерди мыйзамсыз менчиктештирген деп айыпталып жаткан «Биримдик» партиясынын лидери Карганбек Самаковду коштуӊуз. Бул чечимиӊиздер үчүн өкүнбөйсүзбү, дегеле, сиздерди эмне бириктирди?
– Бизди эки партиянын идеологиясы, эки партиянын багыты бириктирди. «Кыргызстан элдеринин конгресси» партиясынын эӊ негизги максаты – интернационализм болуп эсептелет. «Биримдик» партиясынын да программасында ошолор орун алган. Биз Карганбек Самаков менен эмес, «Биримдик» партиясы менен бириктик.
– Шайлоого кайсы бир деӊгээлде бийликчил Социал демократтар фракциясын жандап баратасыздар деп айтсак болобу?
– Бүгүнкү күнгө чейин бизде эч бир партия менен келишип, парламентке барсак мындай саясат жүргүзөлү же тигиндей саясат жүргүзөлү деген эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Биздин өз багытыбыз, стратегиябыз бар. Ошого дал келген партиялар болсо кызматташканга даярбыз. КСДП болобу, «Улуу Кыргызстанбы» же башка партия болобу дайыма ачыкпыз.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Leili
2015-09-28 10:24:47
Мен эч кимисине ишенбейм баары калып 14 партиянын ичинен мен Замандашка Анан Омурбек Бабановко гана ишенем экону шайласа болот Добушту берели ушул партияларга
0
kubat_1973
2015-09-28 21:27:06
Самаков экоондо жеп ичкенден башка кайсы идея адамдын тырышпаган жерин тырыштырасынар го чиркин
0
amanatym
2015-10-05 08:59:51
ушуларды коргондо журогун айланат.
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан