Үмүт эже: “МЕНИ ТИРҮҮЛӨЙ ӨЛҮК КЫЛЫШТЫ”

Тагдыр

«Турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балээге” деген макал менин дарегиме айтылгандай туюлат»,- дейт 50 жаштагы Үмүт эже. Ал редакциябызга өзүнүн оор тагдырын окурмандарга айтып, жеңилдеп алайын деп келиптир. Бир кезде жолдошу, балдары менен бактылуу өмүр сүргөн эне учурда жалгыз. Анда Үмүт эженин сөзүнө кулак төшөйлү.

“КУДАЙДАН ТИЛЕП ЖҮРҮП УУЛДУУ БОЛДУК”
– Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болом. Студенттик доорду сүрүп жүргөн кезимде кошуна айылга ала качып кетишти. Отурбайм, окушум керек деп чаң салганыма карабай “таш түшкөн жеринде оор” деп отургузуп коюшту. Жолдошум Орозбек колунан көөрү төгүлгөн уста экен. Күн сайын чакыруулар менен жумушка кетет. А мен көр тиричилик менен алышып, үйдө жалгыз калам.
Ошентип, бири-бирине окшош күндөр суудай агып жатты. Балалуу болууну канчалык кааласак да, негедир көпкө согончогум канабады. Тааныштардын, туугандардын “качан бешик терметесиңер?” деген суроосуна буюрган күнү деп Орозбек экөөбүз тең тим болобуз. Дарыланып, Алла Тааладан тиленип жүрүп уулдуу болуп, ысымын Эрлан атадык.

“АЛЛЕРГИЯНЫН АЙЫНАН ОРУСИЯГА КЕТТИК”
– Эрлан ак жолтой болуп артынан Мирланды ээрчитип келди. Азыр эстесем, ошол кезде бизден бактылуу үй-бүлө жок экен. Балдардын ыңаалаган үнү, кыт-кыт күлкүсү... Күлкү менен таңым атып, шаң менен күнүм батчу. Бул менин жашоомдогу эң таттуу көз ирмемдер болгон экен. Дал ушинтип бакытка маарып жүргөнүбүздө жолдошум аллергия оорусуна чалдыкты. Доктурларга кайрылса, “аба алмаштырышың керек. Кыргызстандан башка өлкөгө барып жашасаң, илдеттен арыласың” дешиптир. Айла жок, мекенибизди таштап Орусиянын Рязань шаарына көчүп барып, спирт чыгаруучу заводго жумушка орноштук.

“ЖОЛДОШУМ АРАККА БЕРИЛИП...”
– Орусияда жүргөнүбүздө кыздуу болдук. Балдар чоңойгон сайын чоң акча талап кылынат экен. Мурунку иштегенибиз жетпей, соода кылганы Орусиядан Казакстанга көчүп келдик. Соодабыз ийгиликтүү жүрүп, Алматыдан там алдык. Ошондо жолдошум барга көөп кеттиби, айтор, ичкиликке азгырыла баштады. Ата – үй-бүлөнүн башчысы, коргоочусу, таянар тоосу эмеспи. Акыры Орозбек балдарына тарбия бермек түгүл, баарына кол шилтеп койду. Менин иштеп тапканым эч нерсеге жетпей жатты.

“УУЛУМДУН СӨӨГҮ КАЗАКСТАНГА КОЮЛДУ”
– Ушинтип күн кечирип жүргө­нүбүздө улуу балабыз Эрлан ооруп калды. Дарыгерлерге көрсөтсөк, “бөйрөгүнө катуу суук тийген” деген диагноз коюшту. Тапканымдын баарын дары-дармекке коротуп, канчалык аракет кылбайын Эрландын абалы оорлоп, күндөн-күнгө суу жетпеген дарактай соолуп баратты. Доктурлар “операция жасаш керек” дешкенинен, баш аман болсо баары табылат деген ойдо жашаган тамыбызды саттык. Бир кезде Жараткандан наристе сурап жалдырасам, ошондо баламдын өмүрүн тилеп Кудайга жалынып жаттым. Доктурлар канчалык аракет кылышса да, бул ирет жардам болгон жок. Ошентип, мөлтүрөгөн эч жазыксыз жаш балапанымдын канаты талып, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 20 жаш курагында ичер суусу түгөндү. Уулумдун сөөгү өз мекенине эмес, Казакстанга коюлуп калганы азыркыга чейин жүрөгүмдү эзип келет.

“КҮЙӨӨМ БАШКА БИРӨӨГӨ ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ”
– Башымдан өткөргөн оор кайгыны дүйнөдөгү эч бир энеге ыраа көргүм келбейт. Эне үчүн баладан артык эч нерсе жок экенин мага шум ажал далилдеп кетти. Уулумду жоготкондо бүткүл ааламды туюк кара туман каптап, көзүмө эч нерсе көрүнбөй калгандай туюлду. Бирок өзүмдү кармап, Кудайым эки балама ден соолук, бакыт беришин тилеп, ошолор үчүн жашай баштадым. Жолдошум уулунан айрылгандан кийин эсине келип, арагын таштады. Алматыда үйүбүз жок болгондуктан, үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга көчүп келүүнү туура көрдүк. Бир аз топтогон акчабыз бар эле, жолдошумду Бишкекке узатып, үй сатып алгандан кийин биз артынан бармай болдук. Ошентип, атабыздан жакшы кабар күтүп жүрдүк. Кайдан, атабыз бул жакка келип үй албай эле акчасын жөн салды чачып, бир келин менен жашап алыптыр. Бул кабарды угуп алып жаман болдум. Жаңы эле уулунан ажырап жатса бул эмне деген жоругу? Мага талак бербей туруп башка бирөөгө нике кыйып алганы эмнеси деп жүрөгүм ооруп жүрдү.

“ЭКИНЧИ УУЛУМ ДА ООРУКЧАН”
– Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган Орозду жашоомдон сызып салдым да, жашоомду уланта бердим. Кызым казак жигитке турмушка чыгып, ошол жакта калды. Уулум Мирлан экөөбүз Бишкекке келип базарда соода кыла баштадык. Тапканыбыз тамагыбызга жана батирибизге эле жетет. Кудайга шүгүр деп уулум экөөбүз турмуш арабасын тартып жүргөнүбүздө Мирланым ооруп калды. Доктурларга көрсөтсөм, полиартрит деген диагноз коюшту. Суукта муундары какшап кыймылдай албай калат. Мирлан азыр үйлөнүп өзүнчө турат.
Мирлан кичинесинен атасына жакын эле. Балага ата керек экен, убакыт өтүп уулум атасын кечирди. Кечиргенине каршы эмесмин. Бирок мен ооруканада жатканда Орозбектин азыркы аялы баарын чечип, Мирландын кайын-журтуна барышыптыр. Мени тирүүлөй өлүк кылып бул эмне кылгандары?! Буга уулумду да, күйөөмдү да күнөөлөбөйм. Мунун баарына биздин бүлөнү бузган Мира (Орозбектин азыркы аялы) күнөөлүү. Эч качан бирөөнүн көз жашынан бакыттын пайдубалын тургуза албасын билет болду бекен?!

“ЖАКШЫ ЖАШООДОН ҮМҮТ ҮЗБӨЙМ”
– Үмүт эң акырында өчөт эмеспи. Ата-энем бекеринен азан чакырып Үмүт деген ат койбосо керек. Айдын жарымы караңгы болсо, жарымы жарык болот дешет. Мага да айдын жарыгы тиерине ишенем. Доктурлар оорума байланыштуу “оор көтөрбөй жеңил жумушка иште” дешкенине карабай, базарда алма сатып иштеп жатам. Мен иштегенден эч качан качпайм. Бишкектин көчөлөрүн шыпырып болсо да акча табууга даярмын. “Ат айланып казыгын табат” дегендей, жолдошум эсине келип кечирим сурап келсе, мен жок дебейм. Себеби ортобузда уулубуз жана кызыбыз бар.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ylduska
2010-01-18 14:05:15
Умут эйже - жашоодо ар кандай сынактарды кудай башка салат, эми сиз белинизди бекем бууп оз ден-соолугунузду караныз, жолдошунуз келеби келбейби адан умутунузду узуп жаны жашоо баштаныз, уул-кызыныз чонойуп оз жашоолору менен экен сизди эми ошолор сыйласын. Уулунуз Мирлан аябай туура эмес иш жасаптыр жэ улуулар кой деп кеп кенешин айтбаптыр, негизи жашоо биз ойлогондой болбойт экен.
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан