4-октябрь күнү өтчү парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Келерки 5 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүү тагдырын чечүүгө белсенип шайлоого аттанган партиялардын үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Партия лидерлеринин «Азаттык» менен маектериндеги урунттуу учурларга бул санда да орун бердик.
– «Мекен ынтымагы» 2010-жылкы шайлоого катышып 45 миӊге чукул добуш алган, кийин сиз 2011-жылы президенттикке талапкер болуп, анда да жарытылуу добуш ала алган жоксуз. Негизи эле шайлоодон тажаган жоксузбу?
– Көпчүлүгү терс көрүнүштүн жыйынтыгы менен талкуу жүргүзүшөт. Биз эч качан жеӊилген жокпуз. Мен өзүм карапайым элдин арасынан чыккам. Биринчи жолу саясий эрк көрсөтүү жолун тандаган адамдардын бири болчумун. Биз сырттан келип, келгенде эле ушул жаӊыдан саясатка аттанып жатып 50 миӊ адамдын добушун, ишенимин алуу бизге чоӊ жеӊиш. Андан кийин президенттик шайлоодо жеке адамдын кадыр-баркынын, түшүнүгүнүн негизиндеги элге таанылуу маселеси чыгат. Ал кезде Москвадан келип 11 айдан кийин төртүнчү орунду ээлөө биз үчүн дагы чоӊ жеӊиш болгон. Анан элдин пейилине жараша парламент келди. Өкмөт кызматкерлери шайланды. Эл да өзү шайлаган чечимдеринин жыйынтыктарын көрсүн, биз болсо экинчи сыноого даярдык көрөлү деп тынчтыкты колдоп, сактап жүрөбүз.
– Сиздердин талапкерлердин тизмесин карасак, мындай элге эмгеги сиӊген көрүнүктүү адамдар жок экен. «Мекен ынтымагынын» тизмеси кандай критерий менен түзүлдү?
– Экономиканы талкалап, саясатты оор абалга алып келип ошончолук элге таанылган адамдардан тажай элексиӊерби? 95 пайызы кадимки элден турат, жаштар жана интеллигенция. Ошолордун саясий мүмкүнчүлүгү жок болуп турат. Ар бир адамдын Кудай берген мүмкүнчүлүгү бар. Ошол жакшы адамдарды аттуу-баштуу кылып, эртеӊки күнгө саясий мүмкүнчүлүгүн ачып берели деп «Мекен ынтымагын» сактап келгем.
– Өткөнкү шайлоодо сиздин партияга иштеген адамдар кайра эле сизге нааразы болуп, медиа-каражаттарга интервью беришти, «Асанбеков үгүт маалында бизди иштетип алып, акчасын бербей жатат» депчи. Эми бул жолу да шайлоого иштеген адамдар сызга отуруп калбайбы?
– Иним, сиз маалыматты алган билимдүү адамсыз. Эгер мен партиянын ички позициясын, принцибин, идеологиясын сатып кетсем, саясий терс көрүнүшкө аралашып кетсем, анда ошол адамдардын таарына турган кажети бар болчу. Партия таптаза турат, өзүм таптазамын, эгер ушул партиянын идеясы деп киришсе эмне себептен таарынып жаткандарын билбей жатам. Демек, партиянын мүчөсү эмес, жөн эле күнүмдүк оокат менен саясий түшүнүгү жок эле аралашып алышып, орусча айтып коёт «упущенная выгода» деп, ошону албай калып эле, анан мага таарынымыш болуп жатышат. Мына мен деле жүрөм го, улам бир шайлоого катышып.
– Сиз өзүӊүздү кыргыз Путини катары атап келесиз да. Анан сиз окшошкуӊуз келген кыргыз саясатчысын таба алган жоксузбу? Же бул сиздин Орусияга болгон симпатияӊыздын белгисиби?
– «Мен Обамамын, мен Путинмин» деп айткан эмесмин. Бүгүн социалдык маселени 1 миллион миграциядагы адамдар чечип жатат. Аларга болгон сый-урмат бар. Тарыхка жараша сырттан келген саясатчылардын бири мен экенмин. Жөн эле келбей Москвадан келгеним төп келип калыптыр. Ошонун негизинде чыккан сөз. Анан дебатты дагы бир жолу карап көрсөӊүздөр болот. Ошондо сурап калышты «сиз Путинди тааныйсызбы?» деп. Эми Путинди ким гана тааныбайт. «Жакшы тааныйм» деп айткам. «Путин жиберди, Обама жиберди» деп эч качан айткан эмесмин. Бул элдин арасындагы чыгып жаткан «желаемое за действительное» деп коёт.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.