Исмаил Исаков: «КСДП МЕНЕН ИДЕЯБЫЗ ТӨП КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»

4-октябрь күнү өтчү парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Келерки 5 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүү тагдырын чечүүгө белсенип шайлоого аттанган партиялардын үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Партия лидерлеринин «Азаттык» менен маектериндеги урунттуу учурларга бул санда да орун бердик.

– Алгачкы суроомду жолдосом, партияны азыр ким каржылап жатат деген собол. Маалымат каражаттарында «Азаттык» партиясы Ахматбек Келдибековдун долбоору, коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы Жогорку Кеӊештин төрагасы азыркы учурда да шайлоого аттанып бара жаткан партияны каржылап жатат деген сөздөр бар. Бул канчалык чын?
– Эми эл арасында ар кандай айтыла берет. Эмне үчүн Келдибеков жөнүндө айтылып жүрөт? Себеби Келдибековду коргоп жүргөн атуулдар, адвокат болгондор биздин партияда. Азимбек Бекназаров, анан жанагы коргоо комитетин баштаган Мамбетжунус Абылов, коомдук адвокат болгон Бөдөш Мамырова жана башкалар. Ошолордун бардыгы бизге келгенден кийин «демек булардын артында Келдибеков турат» деп жатышат. Келдибековго байланыштуу мыйзамды бузуп кылмыш иши туура эмес колдонулду деп мен мурда эле айтып чыккам. Каржылоо маселеси боюнча тизмеге кирген депутаттар мыйзам чегинде салымын кошту. Жогоруда айтылган сөздөр чындыкка жатпайт.
– Ахматбек Келдибековдун эч кандай тиешеси жок, каржы тизмесинде да анын эч кандай фамилиясы жокпу?
– Каржыда анын фамилиясы жок. Бирок ошол адвокаттары тиякка жүгүрүп жүргөндөн кийин ал дагы өзүнчө моралдык жактан жардам берип жаткандыр. Ал тараптан
жардам берген жок деп биз айта албайбыз.
– КСДП сизди мурдагыдай эле шайлоого чогуу баралы деп чакырдыбы?
– КСДП чакырбайт болчу. Чакырган да жок, мен ага барган да жокмун. Себеби биздин ой-пикирлер стратегиялык жактан төп келишпей калгандыгы 5 жыл ичинде ачыкка чыгып калганын бардыгы билишет.
– Былтыр парламентте сиз «Демократтар» аттуу жаӊы топ түзүлгөнүн, ага Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков жана өзүӊүз мүчө экениӊизди айткансыз. Анан бул жолку шайлоодо сиз алардан эмнеге оолактадыӊыз, же, тескерисинче, алар сизден неге оолакташты?
– 4 жыл бирге болдук, андан башка үчөөбүз жаӊы концепция жазып чыктык, кантип башкаруу системин оӊдойбуз деп. Акыркы күнгө чейин бир партия менен чыгалы деп жүрдүк. Сүйлөшүү процесстеринде Равшан мырза «Исмаил Исакович, «Ар-намыс» менен биздин позициялар төп келип жатат. Бирок акыркы жообун айткан жокпуз, өзүӊүз чечесиз» деп калды. Мен Кулов менен жолугуштум. Бир топ позициясы мага жакпай калды. Мына ошол жерде эле Өмүрбек Абдырахманов бар эле, «мен силерге кире албайм, экөө кошулса кошула берсин» деп айттым. Тилекке каршы, кийин ошондой болуп калды, экөө кошулуп кетти, мен ошол бойдон калып калдым.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
eliza5566
2015-09-28 10:00:36
ушул киши реальный да мага жагат
0
EdikoKG
2015-09-28 15:03:12
Исаковду биз-озунун жердештери,Ош окуясынан бери кадырлабай калдык. Катардагы кулака "доширак"илгендердин бири.
+1
kubat_1973
2015-09-28 20:54:30
Идеябыз топ келбей калды дебей эле бийликтин бир бутагынан чоон кресло туш келбей калып эле таарындым десениз болмок экен Исмаил ака.Генерал болуп туруп туруктуу позициясы жок кун тийген жердин кукугу болгон бир партиядан бирооно секирип жургон генерал эмес катардагы солдат кылбаган жорукту жасаганыныз озунузго эле жакпаса эч кимге жакпайт.Канча жыл эл таламын талашкан адам катары озунузду корсоткон сайын ошончолук элдин ишениминен чыгып баратканыныздын озу сиздин ким экенинизди билгизип турат Хайл генерал Исмаил
+2
eldar96
2015-09-29 06:46:58
kubat_1973, +++++++++++++++
0
bema19.86
2015-09-30 17:29:11
Реальный адам мен сыйлайм
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан