ТАРАЗА БӨЙӨНДӨН КАЧЫП, АРСТАНДАН КОЛДОО ТАПСА БОЛОТ (24-сентябрдан 23-октябрга чейин төрөлгөндөр)

Турмуш жолуна аттана элек бойдоктордун көбү идеалдуу түгөй таап, келечекте бактылуу жашоону кыялданышат. Ошол идеалдуу түгөй тандоодо жылдыздардын берген төлгөсү канча бир деӊгээлде болсо да «шпаргалка» болуп берет. Бул ирет тараза жылдызынын астында төрөлгөндөр үчүн ким шайкеш келет, ошого көӊүл буралы.

ТАРАЗА-КОЙ
Мүнөзү жагынан бирин-бири түшүнүшө албаган жылдыз белгилердин катарында делгени менен, үй-бүлө желеги кой эркектин колунда болуп, ал эми тараза айым мырзасын колдоп жанында жүрө турган болсо эӊ мыкты союз жаралат. Ал эми тараза мырза менен кой айымдан куралган түгөйлөрдүн мамилеси «мина» сыяктуу. Жаза басып бири ката кетирсе экинчиси жарылат да, бардыгын өрттөп кетет. Бирок мамиледе туруктуулукту жактырбагандар үчүн мындай опурталдуу карым-катнаш бактылуу союзга алып келет.

ТАРАЗА-БУКАЧАР
Букачардын чечкиндүүлүгү, аракетчилдиги «жашаш үчүн эмгектениш керек» деген принципти карманган таразаны өзүнө бат эле тартат. Табышмактуу тараза сулуунун сырын ачкысы келген букачар мырза сүйүү мамилесинде дайыма биринчи кадамды өзү жасайт. Ал эми айымы өз учурунда акты ак, караны кара деп бөлүп, жолдошуна жол көрсөтүп турат. Үй кожоюну тараза мырза болгон учурда букачар айым экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр көп жаралат. Анткени мырзасы эл көзүндө болууну жактырса, тескерисинче, букачар айым шаан-шөкөттү жактырбайт.

ТАРАЗА-ЭГИЗДЕР
Таарынышып-табышкандан тажабаган түгөйлөрдүн катарында. Эки жылдыз ээси теӊ табиятынан лидерлер. Эгер үй-бүлөдө бийлик талашпай, маал-маалы менен кожоюндук тактыны бири-бирине берип турса, башкаларга үлгү болчу «мамлекет» кура алышат. Көбүнчө мындай идеалдуу түгөйлөрдүн айымы тараза белгисинде болуп, мырзасына баш ийип жашашат. Ал эми эркек тараза болгон учурда жогоруда айткандай бийлик талаштан улам таарынышуу-табышуулар көп болот.

ТАРАЗА-БӨЙӨН
Бул жылдыз белгисиндегилер колдон келсе жолуккан жерден эки тарапка качуусу керек. Тараза жылдызындагы мырзага аялынын түгөнгүс арыз-муӊун угуу кызыксыз. Бала багып тарбиялоо, тамак бышыруу сыяктуу түйшүктөргө кошумча жолдошунун муздак, кайдигер мамилеси бөйөн айымды чыдаш керек же ажырашыш керек деген чечимге түртөт. Бөйөн мырзанын түнт мүнөзүн сабырдуу тараза айым түшүнүп, кайсы бир учурда колдоп турса, мактоону жактырган бөйөндөр тоону томкоруп жибергенге даяр келишет.

ТАРАЗА-АРСТАН
Мыкты шайкештик. Мүнөзү, жашоого болгон көз карашы жагынан да бири-бирин толуктап турушат. Аял-эркек мамилесинде негизги критерий болгон – тартылуу, кумар оту да бул эки жылдыз ээлеринде жетиштүү. Тараза айым болобу же эркекпи түгөйүн сабырдуулукка, ак-караны тандай билүүгө үйрөтөт. Ал эми арстан ашып-ташкан энергиясы жана сүйүктүүсүнүн жол билгилиги менен үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыздап, жаман көз, жалган сөздөн коргой турган мыкты калканч болуп берет.

ТАРАЗА-БИЙКЕЧ
Тараза да, бийкеч да өзүмчүл жандар. Мунун айынан болбогон нерседен көп талаш чыгып, идиш-аяктар ар жакка ыргышы мүмкүн. Үй кожоюну бийкеч болсо, үй-бүлөсүнүн кем-карчын толукташ үчүн кандай жумуш болбосун аткарып эмгекчилдигин көрсөтөт. Ал эми тараза айым жолдошунун тапкан акчасын бир паста оӊой эле коротуп салышы мүмкүн. Анткени тараза айымдарда сарамжалдуулук чанда кезикчү сапат. Тараза мырза бийкеч айымдын колун кармагандан кийин кандай учур болбосун биринчи кадамды жубайынан күтөт. Бийкеч амалкөйлүгү, назиктиги менен таразаны колго түшүргөн соӊ аны өзү каалагандай өзгөртүп, тарбиялап алса болот.

ТАРАЗА-ТАРАЗА
Бардык жагынан окшош адамдардын бир үй-бүлөгө биригиши кызыксыз болот. Маселе чыккан учурда экөө теӊ өз моюнуна жоопкерчилик алгысы келбей, күнөөлүүлөрдү сырттан издешет. Кооз, кымбат нерселерге бат азгырылышкандыктан үй-бүлөлүк казынанын мүшөгү манжа чыгып калгандай тешик абалга келиши мүмкүн. Кожойке биринчи ийге келип, аялзатына тиешелүү боорукерлиги менен үй-бүлөсүн башкалардан кем кылбаганга аракет кылганда гана экөөнүн союзу узакка созулат.

ТАРАЗА-ЧАЯН
Эки жылдыз бириксе көп сыноолорду башынан кечиришет. Чаян мырзанын өжөрлүгүнө, кылдан кыйкым тапкычтыгына тараза айым чыдашы керек. Анткени чаян өзүн башкаруучунун ролунда болгондо гана жакшы сезип, анын айтканын айткандай аткарган адам менен жашап кете алат. Ал эми тараза эркек болгон учурда чаяндын «акылмандыгына» баш бербейт, ага эркиндик, романтика керек. Бул учурда үй-бүлөнүн сакталышы түгөйлөрдүн биринин компромисске келүүсүнөн көз каранды.

ТАРАЗА-ЖААЧЫ
«Бир көрүп сүйдүм» деген учур бул эки жылдыз ээсине тиешелүү эмес. Эгер тагдыр буюруп кол кармашып калышса, ийгиликтүү союз жарата алышат. Жаачы мырза тараза айымды тандаган үй-бүлөдө ар кимдин ролу өзүнө куп жарашып, жаачы акча тапкыч, камкор ата, сүйүктүү жолдош болуп берет. Тараза айым болсо өзү каалагандай үй-бүлө мыйзамын түзүп, жолдошунун кеӊешчисине айланат. Ал эми жаачы айымды өзүнө каратуу үчүн тараза мырза көп күч жумшашы керек болот. Айымдын жүрөгүн багындырган соӊ андан кол жууп калбаш үчүн эмгекчил, аракетчил мырзага айланган таразалар аз эмес.

ТАРАЗА-ТЕКЕЧЕР
Тараза айым канчалык акыл айтса, текечер мырза эки эсе акыл-насааты менен жооп кайтарат. Башкача айтканда, акылмандар союзу. Эгер бири-биринин оюна кошулуп, аны практикада колдоно алышса, мындай биригүү ийгиликтүү болот. Ал эми «меникин укпай койдуӊ, жасабай койдуӊ» дегендер конфликттер дүйнөсүндө кыйналышат. Ал эми жумшак мүнөзгө ээ тараза мырзаны кылыктуу текечер айым бат эле мурдунан чүлүктөп алууга жарайт.

ТАРАЗА-СУУ КУЯР
Бир карасаӊ оор басырыктуу, экинчи тарабынан шок мүнөзгө ээ суу куяр айым таразага мыкты түгөй болуп бере алат. Экөө теӊ жашоого жеӊил, позитивдүү карашат. Жаралган маселени кеӊешүү жолу менен оӊой чечип кеткенге жөндөмдүү келишет. Ал эми суу куяр мырзанын жеӊил ойлуулугу, сымбаттуу кыз-келиндерге ышкырмайынча өтпөгөн сапаты тараза айымдын кызганычтан улам уруш чыгаруусуна алып келет. «Оӊолом» деп сөз берген соӊ аны карманбаса, тараза айым өкүнбөстөн эшикти тарс жаап чыгып кете берет.

ТАРАЗА-БАЛЫК
Бул эки жылдыздан куралган үй-бүлөлүк союз көпчүлүк учурда достуктун уландысы болуп эсептелет. Сыртынан токтоо, майтарылгыс көрүнгөн тараза айымга күчтүү эркектин ийини, көӊүл буруусу жетишпейт. Бирок өтүмү жок балык мырза тараза айым күткөн сезимдерди бере албайт. Айым бул учурда тагдырына баш ийиши керек, болбосо эки ажырым жолго түшүшөт. Ал эми тараза эркек үчүн балык айым үлгүлүү жубай болуп берет. Көпчүлүк жактырбаган таразанын эркиндикти сүйгөн сапатын балык айым колдоп, жолдошунун жаӊы бийиктиктерди багынтышына эргүү берген музага айланат.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Nuranna_93_kg
2015-09-28 11:50:06
He he he tekecher taraza myrzanyn murdunan chuluktop algany jakty...)))
0
Parish
2015-09-28 17:07:06
Бойон чаян табышып калсачы?
0
marmilantka
2015-09-29 00:06:20
Супер инфо качан жаачы менен текечерди жазасынар
0
admin_superstan
2015-09-29 10:25:02
marmilantka, саламатсызбы!
Кийинки сандарда жазылат.
0
jama9210
2015-09-29 03:11:17
Менин активимде арстан мырза жооок да))
0
hochuradosti
2015-09-29 23:22:13
Текечер айым менен балык мырзаны да жазып койгулачыыыыыыы от души ))
0
admin_superstan
2015-09-30 10:15:59
hochuradosti, саламатсызбы!
Кийинки сандарда жазылат.
0
amina.sapar
2015-09-30 02:22:25
Арстан айым менен балык мырзаны да жазып койосуздарбы супер инфо.???Рахмаааат)))
0
admin_superstan
2015-09-30 10:15:39
amina.sapar, саламатсызбы!
Арстан жылдызы тууралуу жазылган:
http://www.super.kg/article/show/32915
0
adielina
2015-09-30 03:20:29
Бойон мырза менен текечер айымды да жазып койгулачы,рахмат
0
admin_superstan
2015-09-30 10:14:42
adielina, саламатсызбы!
Жазылган: http://www.super.kg/article/show/32469
0
bemkow
2015-09-30 19:50:16
мен бойон жигитим тараза бойондон кач дептирго
0
pirim77
2015-10-01 12:44:58
интернетти ачсан ушул сыяктуу кенештер чыга берет го. котормо материалдар тем более орусчадан кызыксыз
0
shariparaiana
2015-10-02 02:13:46
Текечер мн арстандыда жазып койгулачы сураныч
0
admin_superstan
2015-10-02 10:32:21
shariparaiana, саламатсызбы!
Кийинки сандарда сөзсүз жазылат.
0
shariparaiana
2015-10-02 02:15:06
Менин комментарийим неге чыкпай атат админ
0
admin_superstan
2015-10-02 10:31:50
shariparaiana, саламатсызбы!
Сиз жазган комментарийлер чыгып жатат.
0
elizaerlan
2015-10-05 10:46:28
мен чаян куйоом Тараза...туурале экен
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан