Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын уулу, «Селкинчек», «Маймыл», «Бешкемпир» сыяктуу тасмаларда баш каармандын ролун жараткан жаш режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» аттуу фильми Орусияда өткөн «Киношок» эл аралык фестивалында Гран-приге ээ болду. Ал эле эмес, аталган фильм келерки жылы америкалык «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилиндеги мыкты фильм» номинациясы үчүн ат салышууга сунушталды.
«Мен бала кезден эле атам менен бирге жүрүп киного тартылып, кино тартып келе жатам. Бул тасмам Гран-прини алат деп ойлогон эмесмин. Учурда «Сүтак» тасмам менен Казакстанда өтүп жаткан «Евразия» фестивалына катышып жүрөм»,- деп билдирди Мирлан Абдыкалыков.