Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын Россия 1 телеканалы уюштуруп жаткан «Главная сцена» сынагынын тандоо турунан өттү. Ырчы бул долбоорго катышууга жолдомо алуу үчүн Муслим Магомаевдин «Скажите, девушки, подружке вашей» жана орусиялык «Рондо» тобунун «Я постелю тебе под ноги небо» деген эки ырды ырдаган.
Кайрат жагымдуу кабары тууралуу: «Жайында интернеттен сынакка катышуу боюнча арыз жөнөткөн элем. Анан тандоо туруна 18-сентябрда чакырышты. Буюрса, тандоо турунан өттүм, эми 1-октябрда кайра барып орусиялык ырчылар Вячеслав Добрынин, Диана Арбенинанын астында ырдайбыз. Сынакка жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн 500дөй катышуучу келип, анын ичинен саналуу гана таланттар тандалып алынды. Эми 2-октябрдан баштап долбоордун тартуу иштери башталат»,- деп билдирди.
Кошумчалай кетсек, «Главная сцена» сынагы быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Григорий Лепс менен шоумен Гарик Мартиросян алып баруучулукту аркалашмакчы.