– Нурайым, Түркмөнстандын президентинин колунан сыйлык алыптырсыӊ, куттуктайбыз!
– Рахмат! «Алтын Асыры» медалы менен сыйланып кайттым. Бул медаль биздеги Эмгек сиӊирген артист деген наамга барабар экен. Фестивалда сөзү, обону Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовго таандык «Ак гүлдөрүм сага» деген ырды аткардым.
– Фестивалга кантип катышып калдыӊ?
– Кыргызстанга кайсы өлкөнүн башчысы келбесин, президенттик оркестр өз өнөрүн тартуулайт. Анда сөзсүз ошол өлкөнүн тилинде бир ыр аткарууга аракет кылам. Негизи, баш-аягы 20 тилде ырдай алат экем. Гурбангулы Бердымухаммедов Бишкекке келгенде да оркестрим менен резиденцияда концерт бергенбиз. Ошондо ал менин ырдаганымды жактырып, «жакында фестиваль болот, оркестриӊер менен концерт коюп, улуттук аспаптарыӊарды биздин элге да тааныштырып кеткиле» деп чакырган эле. Ошентип барып калдык. Алгач гала-концерттин алдында сыйлык тапшыруу аземи болуп, эл алдында мага бул сыйлыкты тапшырды. Мен өзүмдүн, элдин атынан кыргыз, орус, түркмөн тилдеринде сөз сүйлөдүм.
– Фестиваль Түркмөнстандын борбор шаарында өттүбү?
– Алгач Ашхабадга бардык. Бирок фестиваль Каспий деӊизинин жээгинде өттү. Алар мага өздөрүнүн улуттук көйнөктөрүн тиктирип даярдап коюшуптур. Бирин гала-концертте, экинчисин сыйлык тапшыруу аземинде кийдим.
– Жогоруда оркестрим деп калдыӊ, ошол туурасында да айта кетсеӊ?
– Атам түзгөн «Эне-Сай» тобунда тарбияланып келе жаткан таланттуу адамдар жана өзүм окуткан скрипкада ойногон кыздар-балдарды чогултуп оркестр түзгөнбүз. Жалпы 20 кишиден турат. Атам Курмангазы Азыкбаев президентибизге сунуштап, президенттик оркестр болгонбуз.