Быйылкы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө биометрикалык каттоодон өткөн адамдар гана катыша алары маалым. Мындай жаӊычылдык шайлоо процесстериндеги бир катар кемчиликтерди аныктап койду. Маселен, кичи мекенинде каттоодо туруп, бирок борбор калаада жашаган көптөгөн ички мигранттар кандай добуш беришери суроо жаратты. БШК мындай жагдай үчүн Бишкекте жана Ошто кошумча шайлоо участкаларын ачты. Каттоо дареги башка, жашаган жери башка адамдар дал ошол кошумча участокторго арыз менен кайрылып, добуш берүүгө катыша алышмак. Бирок 19-сентябрда биометрикалык каттоодон өтүү, кошумча участокторго арыз жазуу иштери токтотулду. Биз БШКга кайрылып, «Биометрикалык каттоодон өтүп, бирок айрым бир себептерден 19-сентябрда кошумча участоктон добуш берүү ниетин билдире албай калган жарандарга кошумча убакыт берилеби?» деген суроо менен кайрылдык.
БШКнын басма сөз кызматы: «Кошумча шайлоо участкаларынан добуш берүүнү каалагандарга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 19-сентябрь күнү айрым шайлоо участкаларында кечки саат 9-10го чейин иштер жүрүп жатты. Жетишпей калган адамдардын арызын алуу токтотулду. Дагы убакыт берилбейт»,- деп жооп беришти. Демек, БШКнын убакытты узартпаганы көптөгөн адамдарды шайлоо укугунан ажыратты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg