ИСМАИЛ ИСАКОВ 8 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Аптанын окуясы

11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залында камакка алуу өкүмүн чыгарды.

Соттун чечими залдагы элдин нааразылыгын жаратты. Мурдатан даярдалган аскерлер Исмаил Исаковду сот залында камакка алышты. Ал эми мамлекеттик айыптоочулардын И.Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча өтүнүчү сот тарабынан канааттандырылган жок. Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров Бишкек Гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияларга кайрыларын билдирди.
12-январда Бириккен элдик кыймылдын жыйыны болуп, анда Исмаил Исаковду жана Петровка окуясы боюнча соттолуп жаткандарды коргоо комитети түзүлдү. Комитет төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланып, ал 13-январдан тарта 9 адам мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаганын билдирди.
Жыйында БЭК өлкө башчысы Курманбек Бакиевге Исмаил Исаковду бошотуу талабын коюп билдирүү таратты. Анда И.Исаков Коргоо министри кезинде армиянын ишин оңдогону, аскерлердин материалдык-техникалык муктаждыктарын чечкени белгиленген. Билдирүүдө “Исмаил Исаковго чыгарылган өкүм оппозицияны да, бийликтеги кызматкерлерди да коркутууга багытталган. Аны камоо менен саясий репрессиянын кезектеги этабы башталып, ал саясий террорго айланууда” деп белгиленет.
Исмаил Исаковдун камакка алынышы боюнча Бишкекте бул иштер болуп жатса, экс-Коргоо министринин Алай районундагы талапкерлери Сопу-Коргон кыштагынын кире беришине төрт боз үй тигип, 12-январда мөөнөтсүз нааразылык акцияларын баштаганын «Азаттык» радиосу маалымдады. Нааразылык билдиришкен Алайдын тургундары 12-январда президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошуп, И.Исаковду абактан бошотууну, сот ишин адилет, акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан. Нааразылык акциясына чыккандар менен жолугушкан Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров алайлыктардын кайрылуусун президентке жолдогонун, Ак үйдөн жооп күтүп жатканын билдирген.

АКЦИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?
ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
– Учурда экс-министр Исмаил Исаковдун камалышына нааразы болгон тогуз адам ачкачылык акциясын баштадык. Алардын ичинен үчөөбүз – эркектер, алтоо – айымдар. Биздин ачкачылык жарыялообуз саясий шоу эмес. Бүгүнкү күндөгү саясий шоуну бийликтегилер кылып жатышат. Биз бийликке «саясий куугунтугун токтотсун, жалган күнөө менен камакта отургандарды бошотсун!» деген талаптар менен ушул кадамдарга барып жатабыз. Мындай кадамдарды туура эле баштаган экенбиз. Себеп дегенде биздин бул кадамдарыбызды колдоп, кошулабыз дегендер арбын. Биз талаптарыбыз аткарылмайынча ачарчылыкты уланта бермекчибиз.

БОКУШЕВА ЖИБЕК, Жайыл районунун тургуну:
– Мен Исмаил мырзанын эч кимиси болбойм. Адамдын ат көтөргүс жакшылыктарын эстебей кылдан кыйкым издеп, эптеп эле түрмөгө тыгуу үчүн бийликтин жасаган аракеттерине баракелде!
“Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бар кыргызда, И.Исаков учурда ийилип турган кези, бирок сынбайт деп ишенебиз. Акыйкаттык болмоюнча мен ачкачылык акциясын уланта бермекчимин.


КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ӨНҮГӨТ

Кытайга жасаган иш сапары учурунда “Кыргызстан Кытай менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыктар”,- деп билдирди Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев.

Максим Бакиев жетектеген делегация 12-январда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү иштери жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Сяоцян менен жолугушту. “Биз үчүн Кытайдын экономикалык өнүгүүсүндөгү тажрыйбасы абдан маанилүү жана баалуу болуп саналат. Кытай Азиядагы алдыңкы катардагы мамлекет”,- деп баса белгиледи Максим мырза. Өз кезегинде Чжан Сяоцян Кытай Кыргызстан менен кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыктар экенин айтты. Иш сапардын соңунда “Датка–Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн атайын долбоорго кол коюлду. Долбоорго ылайык, аталган электр линиясын куруу үчүн 342 миллион доллар сарпталмакчы. Курулуш иштерин 2011-жылы баштоо боюнча макулдашылды.
Эскерте кетсек, ушул эле долбоорду Казакстан менен биргеликте куруу маселесин Нурсултан Назарбаев колдоого алгандыгын өкмөт башчы Данияр Үсөнов Казакстанга болгон иш сапарында айтып келген эле.


ГАЗДЫН БААСЫ 220 ДОЛЛАР ДЕП БЫЧЫЛДЫ

Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов 11-январда президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгон учурда маалымдады.

Өкмөт башчынын айтуусун­да, быйыл көгүлтүр от үзгүлтүксүз берилет. Энергетика тармагына да 500дөн ашуун жаңы трансформаторлорду орнотуу жана 200дөн ашуун электр линияларын ремонттоо максаттары коюлганын билдирди. Өз кезегинде өлкө башчысы Курманбек Бакиев элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырып, 2010-жылдын 1-апрелинен тартып өлкөнүн бардык аймактарында жарыкты чектөөнү токтотууну талап кылды.
Кыргызстан Өзбекстандан сатып алган көгүлтүр от үчүн өткөн жылы 1000 м3га 240 доллардан төлөп келген. Мурдагы жылы бул баа 145 доллар болчу. А бул жылы 1000 м3га 220 доллардан төлөй турган болду. Ал эми өкмөт газдын тарифтик баасын бул жылы арзандатары же кымбаттатары туурасында так маалымат берген жок.


“КЫРГЫЗ АЛТЫН” ИШКАНАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЛМАШТЫ

“Кум-Төр” кенине кыргыз тараптан көзөмөл жүргүзгөн “Кыргыз алтын” ишканасы өкмөттүн колунан Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке өткөрүлүп, ишкананын жетекчиси Алмазбек Жакыпов кызматтан бошотулду.

“Кум-Төр” алтын кенин иштетип жаткан “Центерра голд инк” компаниясы өткөн жылдакы келишимге ылайык, “Кыргыз алтынга” 25 миллион 300 миң доллар баасындагы акциясын өткөрүп берди. Андан сырткары, “Центерра голд инк” компаниясынын 11 кишиден турган директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн “Кыргыз алтындын” жетекчиси Алмазбек Жакыпов бошотулду. Анын ордуна Кыргызстандын атынан Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын орун басары Алексей Елисеев жана Украина жараны Юрий Косвин кирди.
Мындайда “Мамлекеттик маанидеги мындай орунга Кыргызстандын жараны табылбай калдыбы?” деген суроо туулбай койбойт.


ОРУСИЯДАГЫ ЖАРАНДАРЫБЫЗ
МЕКЕНИНЕ КАЙТЫШАБЫ?

2009-жылы 41 миң 269 кыргызстандык жаран Орусиянын жарандыгын алышкан.

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматы маалымдады. Өткөн 2009-жылы 41 миң 269 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алышкан. Ал эми 2008-жылы болсо Кыргызстандын 42 миң 809 атуулу Орусиянын атуулу болуп катталышкан эле. Жалпысынан алганда, 2009-жылы 333 миң 474 чет элдиктер Орусиянын атуулдугун алышыптыр.


ОШТОГУ КООМДУК УЮМДАР ПРЕЗИДЕНТКЕ
КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ

Ош шаарындагы коомдук жана саясий уюмдар электр жана жылуулук тарифтерине мораторий киргизүүнү суранып, өлкө башчысына кайрылуу жолдошту.

Анда алар баалардын кымбатташына мораторий жарыялап, өкмөттү таратууну өтүнүшкөн. Муну менен бирге “кризистик мезгилде министрлер кабинетин мамлекет башчысы өзү жетектесин” деген сунуш айтышкан.


“ТОКТОГУЛ” КАСКАДЫНДА СУУ АЗАЮУДА

11-январга карата “Токтогул” ГЭСинде суунун көлөмү 11,436 миллиард м3ду түздү.

Бул тууралуу “Электростанциялар” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, суунун азайышына аба ырайынын кургакчылдыгы себеп болууда. “Токтогул” ГЭСиндеги суунун көлөмү былтыр ушул күнгө салыштырмалуу 8,268 миллиард, 2008-жылы 10,820 миллиард, 2007-жылы 14,431 миллиард м3ду түзгөн.


АКМАНДЫК ДЕПУТАТТАР КОНСТИТУЦИЯЛЫК
СОТКО АРЫЗДАНЫШТЫ

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешинин депутаттары доо арызын 11-январда Конституциялык сотко тапшырышты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, айылдык кеңештин депутаттары “президент Курманбек Бакиев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу бийликти өз колуна чогултуп алууда, ошондуктан президенттин талабы канааттандырылбасын” деп Конституциялык сотко талап коюшкан. Акман айылдык кеңештин депутаттары өкмөттүн отун-энергетикага болгон тариф саясатына да каршы пикир билдиришкен. Өкмөттүн бул кадамын элге каршы саясат катары баалап, элге кайрылуу жолдошкон.

Айбек Кочкоров, Амантур Султанкулов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Robingud
2010-01-19 15:10:06
E enesini esenbay KUM-TORGO bawka uluttagy adamdardy koygondor.4yndap ele KIRGIZDAR kurup kalyptyrby...
0
Aidar
2010-01-20 01:33:31
Kum torgo direktor bolgongo dostoiniy kirgiz jok beken e? aylanayin kirgizdar biri-biribizge koldoo korsotolu4u.ozubuzdun iyik Kyrgyzstanda bashka biroogo jol boshotkon al emnesi.men azir Dubaida otelde ishteym,bul jakta kaisil otelge,kaisil magazinge kirbe,arabdar jakshy orundarda oturgan bolot ayligi bashka uluttardan 2 esege kop bolot.
bizge da buyrusa bashka uluttar iyilip salam berip kalat,eger biz biri-biribizge jardam berip,kam korsok.
Rahmat,bar bolunuzdar!!!
0
kyrs
2010-01-20 03:07:16
Kыргыз болбогону еле жакшы кыргыздар жей берет бирок тойбойт, башка улуттун окулдору бироонун жеринде жегенден коркушат.
0
DOKTOR
2010-01-20 06:45:04
Энеенди урайын Максим такыр эле беспредел кылып жаткан турбайбы.ТьФу
Кумтор Кыргызстанды 1-жылда эле бутуна тургуза турган компания.Мен бул компанияда иштегем тее-илгери Эндрю Люистин убагында.Центерра Голд жон эле понт.Кыскасы финиш-биздин жерди эми ХОХОЛДОР итерет турбайбы.Ииий байкуш Кыргыз элим эч нерсени корбой турасынарбы? Полукровканын(Макс.Б-ев) козун тазалаш керек.Жее болбосо биздин эл эртен аркайсы улутка кул болуп калат.Булар болсо-тигилердей качып кетеберет да.Кыргыз элим кала
0
DOKTOR
2010-01-20 06:52:05
ОРУСИЯДАГЫ ЖАРАНДАРЫБЫЗ
МЕКЕНИНЕ КАЙТЫШАБЫ? -------------------- Келмек беле? Жиндилер берген суроо го.Кумторду Хохолго,КыргызАлтынды Оруска,Аэропорт Манасты дагы бироно Нагло жулуп-талап тоноп жатышса.КИМ КЕЛЕТ?????? бул жака келгенде эмине кылат? Какая разница???-Орусияда 15-20 мин рубль акчага кул болуп жургондоруно жакшыбы жее 5-6 сомго оз жеринде Хохол,Орустарга кул болгону жакшыбы???????
0
DOKTOR
2010-01-20 07:17:48
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешинин депутаттары доо арызын 11-январда Конституциялык сотко тапшырышты.------------ВООООТ вам мой народ! вот вам результат этого КИДАЛЬШИКА который в свое время КИНУЛ Кулова,а потом свою торпеду Бекназарова и.т.д всех кинул самое главное этот ПОДОНОК продолжает кидать НАШ НАРОД
0
DOKTOR
2010-01-20 07:21:47
А теперь начал сажать своих поддельников и хлебашей .БОИТСЯ ворюга,что раскроют все его косяки.
0
DOKTOR
2010-01-20 07:32:59
Этегилечи туугандар Тюльпан революциянын башталышын-Аксыдагы событиялар.А.Бекназаров камака алынды......Азыр ошол эле сценарий мене кайталанып келатат,алдыда эмне- кандай болорун бардыгыбызга белгилуу .......
Кайран ЭЛ
0
ylduska
2010-01-22 17:29:12
Биздин мекенибизде азыр крапайым элдин дагы ачуусу аябай келип турган учур, айла жок арманы ичинде , Айта турган, ишеничтуу эч бир аттуу-баштуу лидерлерибиз жок, эл озунун кучуно озу ишенбесе башка айла жок болуп бара жатат. Мамлекеттин башындагы адамдар эл-журтту колунан келишинче башынан ылдый тебелеп жатат, баш которгонун оной эле жоготуп коюдан коркпой баратат. Биздин элдин дагы биримдиги жок, бирине-бири жолок-таяк болуу деген жок эмесе баардыгыбыз биригип чогуу маселени чечсек жакшы эле б
0
almasbek
2010-01-28 22:23:37
"2009-жылы 41 миң 269 кыргызстандык жаран Орусиянын жарандыгын алышкан"
мындайда кыргызтан жоюлуп жок болуп кетпейби?
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан