23-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миӊ доллар пара алып жатканда кармалган. Депутат тергөөдө бул ишке Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Андан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге «опузалап пара талап кылуу», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча, ал эми Хажимурат Коркмазовго «опузалап пара талап кылуу» айыбы тагылган.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Данияр Нарымбаев өзүнүн күнөөсүз экендигин айтты. Ал эми Хажимурат Коркмазов: «Мен ортомчу болгом. Мени күнөөлөп жатышкандай эмес. Жактоочуларым менен кеӊешейин, анан толук көрсөтмө берем»,- деп айрым так эмес жагдайлар болуп жатканын билдирди. Коркмазовдун жактоочусу депутаттын ден соолугу начардыгын, жакын арада чет өлкөгө чыгып жүрөгүнө операция жасоо зарылчылыгы бар экенин айтты эле, Нарымбаевдин жактоочусу менен мамлекеттик айыптоо буга каршы чыгышты.
Сот иши 28-сентябрда уланмай болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg