Жогорку Соттун төрайымы болуп Айнаш Токбаева шайланды. Эске салсак, 2012-жылдын сентябрь айында Жогорку Соттун төрайымы жана 3 орун басары шайланган, ушул жылдын сентябрында алардын кызмат мөөнөтү аяктады. Буга чейин Жогорку Соттун төрайымы кызматында Феруза Жамашева иштеп келген.
Ош шаардык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Ош шаарындагы башкармалыгынын экс-башчысы, маркум Алманбет Анапияевдин агасы Галмамат Анапияевге 1000 доллар пара талап кылганы үчүн 4 миллион 200 миӊ сом айып пул салды.
Улуттук статистика комитети маалымдагандай, орус валютасынын кыргыз сомуна катышы жыл башынан бери 30 пайызга арзандады. Ал эми доллар 16 пайызга кымбаттаган.
Кыргызстанда зергердик тармакта иштегендердин жылдык муктаждыгы 2 тонна алтын, 3 тонна күмүштөн турат. Бул тууралуу 23-сентябрда вице-премьер Валерий Диль «Кыргызалтын» ишканасынын абалы талкууланган жыйында билдирди.
Ош облусунун Кара-Суу районунда 132 эшек короо ичинде багылып жаткандыгы, алардын ээси кытай жараны экендиги аныкталды. Ал эшектерди чогултуу, экспорттоо үчүн бардык уруксат кагаздары бар экендигин билдирген.
Москвада кыргыз кызы аны зордуктоого аракет жасаган мекендешинен качам деп 7-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашууда. Кыздын оор жаракат алгандыгы, сөөктөрү сынып, өпкөсү жабыр тартканы маалымдалды. Зордуктоого аракет кылган мекендеши камакка алынган.
Кыргызстанда 2002-жылдан тарта интернет колдонуучулардын саны 53 эсе көбөйгөн. 2015-жылдын 1-январына карата интернет колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашкан.
Кыргызстанда 1787 адам экстремист деп каттоого алынган, булар тыюу салынган диний уюмдарга мүчө адамдар. Анын ичинен 178и террордук уюмдар менен тыгыз байланышта экени аныкталган.
Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн саны 23-сентябрга карата 2 миллион 751 миӊ 414 кишиге жетти. Эске салсак, биометрикалык каттоо 19-сентябрда убактылуу токтотулган, 5-октябрдан соӊ кайра жанданат.
Анвар Артыков, Феликс Кулов, Анарбек Калматов, Каныбек Иманалиев, Каныбек Осмоналиев, Бөдөш Мамырова 2014-жыл ичинде эӊ көп айлык алган депутаттар экени айтылды. Алардын бир айлык маянасы 90 миӊ сомдон ашык болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.