Президент Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көл облусуна барган эки күндүк жумушчу сапары жыйынтыкталды. Сапар алкагында дубандагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер тууралуу кеп салды. Мамлекет башчысы сөз арасында алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу да пикирин билдирди. Анын айтымында, бийлик шайлоону ачык айкын, демократиялык принциптердин чегинде өткөрүү үчүн бардык шартты түздү. Техникалык база заманбап техникалар менен жабдылды. Эми калганы карапайым шайлоочулардын колунда экенин баса белгилеген Атамбаев элди жаркын келечекти тандоого чакырды.
«Ар бириӊер өз келечегиӊер үчүн жоопкерчиликти моюнга алып, таза абийир менен татыктуулар үчүн добуш бересиздер деп ишенем. Бийликти эл өзү тандап алууга тийиш»,- деген президент жергиликтүү тургундарды Кыргызстандын келечегине кайдигер карабай, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен добушун сатпоого үндөдү.
Мамлекет башчынын бул кеби колдоого аларлык. Жаӊы шайланчу парламенттин кезектеги курамы өлкөнүн алдыдагы 5 жылдык келечегин аныктайт. Кыргызстан 2020-жылга чейин кандай тагдырды баштан кечирери парламенттин жаӊы түзүмүнөн көз каранды. Добушту ар бир шайлоочу салмактап берүүсү зарыл.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg