Бишкекти жүдөткөн жол тыгын көйгөйүн чечиш үчүн мэрия жол кыймылынын чиймесин өзгөртө баштады. Мэриянын маалыматы боюнча, шаардагы 1357 чакырым жолдун 203 чакырымы гана канааттандырарлык абалда. Ошентсе да февраль айынан баштап 200 чакырымга жакын жол ремонттолду. Буга аз-аздап каражат табылууда. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга расмий сапар менен барганында грант түрүндө, башкача айтканда, кайтарымсыз 350 миллион юандан ашык (50 миллион долларга жакын) каражаттын бөлүнүүсү каралган келишимге кол коюлган, анын негизинде Бишкектин бир катар көчөлөрү оӊдолду. Ал эми президенттик партия жакынкы 5 жылда район жана айылдардагы 1,5 миӊ чакырымдан ашык жолду оӊдоо боюнча программалык планды сунуштап жатат.
Адилет Туратбеков
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg