Жакында Бишкек шаардык соту Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги парк боюнча ижарачылар менен келишимди бузуу чечимин кабыл алды. 17 жыл мурун бул парк кайсы бир коммерциялык фирмага 99 жылга ижарага берилип кеткен. Ал эми ал фирма ушуга чейин бир сом да ижара акысын төлөгөн эмес. Буга чейин мэриянын юристтери ижарачылар менен соттошуу аракетин көргөн, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Андан кийин бул ишке СДПКнын шаардык кеӊештеги фракциясы катуу киришкен. Шаар тургундарынан кол топтоп, прокуратурага кайрылып, 1998-жылдагы шаар мэриясынын токтомун юридикалык экспертизага алышкан. Натыйжада биринчи инстанциядагы сот бул чечимди тастыктап, ал күчүнө кирди. Жакында шаардык кеӊештин депутаттары паркка жакын жашаган элди чогултуп, паркты реконструкциялоо боюнча долбоорду талкуулашмакчы. Паркты реконструкциялоого бюджеттен акча каражаты каралган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg