4-октябрга мерчемделген парламенттик шайлоо жаӊы технологиянын негизинде таза өтөрү күтүлүүдө. Мурдагы режимдердегидей партияларга ыдык көрсөтүү жок. Эл ишенимине арзыбай, добуш ала албасын туйган айрым партиялар акчага таянып, добуш сатып алууну мерчемдеп жатканы кабарланууда. Ставка 2 миӊ сомдон башталып, 5 миӊ сомго жетери айтылууда. Кудум аукциондогудай маанай жаратат. Эгер биз 2 миӊ сомго добушубузду сатчу болсок, аны беш жылга бөлгөндө күнүгө 13-14 тыйындан алган болот экенбиз. Ал эми 5 миӊ сомду 5 жылга чачканда күнүгө 35-36 тыйындан туура келет. Ошондо мамлекетибиздин келечегин 14 же 36 тыйынга баалаган болобузбу?
Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов добуш сатуу – сойкулардай денесин сатканга барабар нерсе экенин, бул арам оокат экенин жар салды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg