ХАЛАЛБЫ ЖЕ АРАМБЫ?

Мезгил үнү

Акыркы учурда халал деп атап тамак-аш саткан жайлардын көбөйгөнүн байкап эле жүрсөңүз керек. Мындай жайлардын баарында эле адал тамак-аштар сатылабы же жөн гана кардарларды өзүнө тартуу үчүн амалбы? Сөз ушул тууралуу болмокчу.

ХАЛАЛ. АЛ ЭМНЕ?
Халал деген сөз араб тилинен которгондо “уруксат берилген” деген маанини туюндурат. Халал тууралуу Курандын “Аль-Бахара” сүрөөсүнүн 173-аятында төмөндөгүдөй айтылган: “Алла Таала өлгөн малдын жана чочконун этин, канды азык кылып колдонууга тыюу салат. Алланын ыраазычылыгы үчүн дуба кылынбай союлган жандыктардын эти арам деп саналат”.

КОРОЗ КЫЙКЫРА ЭЛЕКТЕ АЧЫЛГАН БАЗАР
Эт азыктары баш калаадагы соода түйүндөрүнө “Ош базарынан” тарайт” деген маалыматты угуп алып, сапарыбызды ушул базардан баштамай болдук. “Ош базарындагы” эт базарынан таң эрте дүңүнөн эт сатуучуларды жана алуучуларды гана көрө аласың. Алгач “Адал эт менен арам этти кантип айырмаласа болот?” деген сурообузду Бердибек аттуу соодагерге узаттык.
– Менин кардарларымдын көбү намаз окуган адамдар. Ошондуктан тааныштардан жана даргиндер союп келген малдын этин алам. Негизи, бата тилеп мууздалган малдын этин адал дейт эмеспи. Ал эми мууздап сойгон малдын эти менен арам өлгөн малдын этин көз менен эле айырмаласа болот. Мууздалып союлган малдын каны жакшы агызылгандыктан, эт кыпкызыл болбойт. Ал эми арам эт кочкул кызыл тартып турат. “Өзүбүз мууздап союп алып келдик, халал”,- деп элди алдагандар да жок эмес.
Бишкектеги соода түйүндөрүнө эт мына ушул жерден тарайт. Кааласаң, Нарындын же Таластын малынын этин ушул жерден тапсаң болот. Арам өлгөн малдын эттери да келет. Бирок мындайларды колбаса жасоочу цехтерге алып кетишет. Ошондуктан халал деп чыгарылган колбасаларга ишенбейм. Өлгөн малдын эти адал деп эсептелбейт. Андан да угушума караганда, чочконун этин өткөргөн эт майдалагычты жууп отурбай эле уйдун этин салып өткөрүп, колбаса жасай беришет экен. Ал анан кантип адал болсун?!
Союп келген жылкысынын этин өткөрүп жаткан Бейшенгазы ата тоок сойсо да, кыбыланы карап бата кылып, анан мууздаарын айта кетти. Ошондой эле «арам өлгөн, же жырткыч жаныбарлардын кол салуусунан мерт кеткен, же кыйнап (сайып, муунтуп, атып) өлтүрүлгөн малдын эти да адал болбойт»,- дейт.
Ал эми өзүн Мурат деп тааныштырган сатып алуучу мына буларга токтоло кетти:
– Мен халал ашканага эт ташып иштейм. Этти күн сайын ушул жерден алам. Эми кыргыздар малдын баарын эле бата кылып, анан союшат да. Ошол үчүн арам эт алып калам деп кам санабайм. Кээде шаардын четиндеги мал союучу жайдан алынып келген эттерди деле алам. Анткени касапчылар 10-15 малды тизип, анан баарына бир бата тилеп союп жатканын көргөм.

КЫТАЙДАН КЕЛГЕН ХАЛАЛ ТООКТОР
Эми базардын тамак-аш саткан жагына кирдик. Халал деп аталган тооктун сан эттерин биз сатып алуучу катары сурап калдык.
– Эже, халал тоок эти барбы?
– Ооба, бар. Канча тартып берейин?
– Биз чын эле халал экенин кантип билсек болот? Эже, чынын айтсак, гезиттен изилдөө жүргүзүп жүрдүк эле...
– Биз сатуучубуз да. Кытайдан келген тооктун сандарын халалбы, халал эмеспи деп текшерип отурмак белек? Ак өңдөгү жашиктегилердин сыртында арабча бирдеме деп жазылып турбайбы. Мына ушуларды халал деп дүңүнөн бизге беришет. Анан биз элге сатабыз да.
Жогорудагы сатуучудан тооктун сан этин дүңүнөн саткан жайдын дарегин алып, («Ош базарынын» батыш жагы) ак өңдүү жашиктердеги тоок эттеринин халал экенинин чын-бышыгын билмек болдук. Бирок бул жерден эч ким ак жашиктеги эт халал экенин далилдеп бере алган жок. Көбү эле чет тилин билбегенине шылтоолошту. Сатуучулардан халал тоок этин жана колбасаларды кайдан тапсак болот деп сурамжылап жүрүп, чочко эти сатылуучу жайга келип такалсак болобу...
Бир катарда жалаң чочко эти, экинчи тарабында тооктор кыркалай тизилип турат. Гезиттен келгенибизди билген сатуучулар бизге халал тооктордун эттерин көрсөтпөй эле өз көйгөйлөрүн айтып башташты. “Бизди мурдагы жерибизден кубалап, ушул чочконун эти сатылчу жерге кошуп салышты. Эми бизге кардарлар да келбей калышты. “Чочко этинин жанында сатып жатып кантип халал дейсиңер?” дегендер мындан көп. Кардарлар келсе тим эле бири-бирибизден жула качып калдык”,- деп бир заматта ызы-чуу болуп калышты. Айрымдары тоокту бата тилеп сойгондорун айтышса, көпчүлүгү жооп берүүдөн баш тартышты.
Халал колбасасын сөз кыла турган болсок, сатуучулар кадимки эле чочко этинен жасалган колбасалар менен аралаш “мусулмандыкы” деген жазуулары бар колбасаларды сатышууда. Бул оюбуз тууралуу Чотонов Өзүбек ажы мына буларды айтып берди: «Арам тамак менен адал тамактын аралашып турушу туура эмес. Халал азыктары өзүнчө туруусу абзел».

“ЖЕЛКЕГЕ САЙЫП ӨЛТҮРҮЛӨТ”
Эми борбор калаабызды кыдырып “халал эт”, “халал гриль”, “халал гамбургер”, “халал самса” деп жазып алып, тамак-аш саткан жерлердин бир тобун кыдырып чыктык. Тагыраак айтканда, “Ош базардан” башталган сапар шаардын борборун басып өтүп, “Аламүдүн” базары менен аяктады. Эт саткан сатуучулардын биринен халал деп эмнени айтышарын сурап, “биз таразадан алдабайбыз, ошол үчүн ушинтип жазып алганбыз” деген жооп алдык.
Өзүлөрүн халал деп жарнамалаган соода түйүндөрүн, тамактануучу жайлардын кызматкерлеринен сураштырганыбызда, көпчүлүгү “бизге кожоюн алып келгенин сатабыз, кожоюнсуз жооп бере албайбыз” деп жатышты. Дагы бир халал эт сатылуучу Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонунун базарында жайгашкан күркөгө кирсек, кожоюну төмөндөгүлөргө токтолду: «Дүкөнүмө малды өзүм союп келем. Себеби мал сойгон жерде да иштейм. Эми баары эле зымга тизгендей эмес да бул жашоодо. Кээде касапчылар букаларды желкеге сайып же ток менен да өлтүрүшөт. Мында кан уюп калып, эттин даамы башкача болуп калат. Ошондуктан бата тилеп, мууздап сойгон жакшы».

“Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол” деген ушул белем. Анткени жогорудагы иликтөөнүн жыйынтыгында халал деп аталып сатылып жаткан тамак-аштын баарын эле адал деп атоого арзыбасын байкадык.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ХАЛАЛ ДЕП САТЫЛЫП ЖАТКАН АЗЫК-ТҮЛҮКТӨРДҮН
АДАЛ ЭКЕНИНЕ ИШЕНЕСИЗБИ?

Алтын,
52 жашта, педиатр:
– Негизи, халал деп сатылган азык-түлүктөргө башынан эле ишене бербейм. Өзгөчө эт жаатында. «Сактыкта кордук жок» демекчи, дем алыш күндөрү атайын борбордук мечиттин жанындагы дүкөнгө барып, эт сатып алып келем. Антпесе базардагы этти арам же адал деп айтуу кыйын.

Орозбек,
63 жашта, пенсионер:
– Сатыктагы азык-түлүктөрдүн баары адал эмес деп айтуудан алысмын. Ошентсе да учурда жеке менчик ишканалар көбөйүп кетпедиби. Алардын ар бирин өкмөт көзөмөлдөөгө жетишпейт. Ошондуктан этти малды адалдап сойгон тааныштарымдан гана сатып алам. Базардан болсо аныктама кагазын талап кылам.

Жумагүл,
18 жашта, студент:
– Ачыгын айтсам, мен ал нерсеге маани бербейм. Бирок дос кыздарым менен түштөнүү маалында халал деп сатылып жаткан гамбургер, сэндвичтерди алып калабыз. Эң башкысы, сатыкка чыккан ар бир азыктын чыккан мөөнөтүнө, тазалыгына көңүл бөлүү керек деп айтар элем.

Ырыскул,
50 жашта, мугалим:
– Учурда халал деген атка жамынып пайда таап жаткандар көбөйдү. Ошондуктан базарга азык-түлүк алганы барганда, сөзсүз мусулман адамдан сатып алганга аракет жасайм. Кыскасы, абийири бар адамдар элди халал деген сөзгө жамынып алдабаса керек деп ойлойм.

Нуркыз,
39 жашта, мугалим:
– Ишенем. Анын үстүнө, жолдошум намаз окугандыктан, жалаң халал деген азык-түлүктөрдү сатып алып колдонуп келебиз. Мусулман дининде адал эмес азыкты адал деп элди алдап сатуу чоң күнөө эмеспи. Эгерде айрым сатуучулар мындай шылуун ишке барышса, Кудай алдында жооп берери анык.

Улан,
22 жашта, студент:
– Өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин бул туурасында эч нерсе деп айта албайм. Анын үстүнө, азырынча бойдок болгондуктан, азык-түлүк сатып алуу үчүн базарларга көп деле барбайм. Ошентсе да халал деп сатылып жаткан колбаса, тооктун сан этин адал деп ишенүү кыйын.

Элнара,
36 жашта, бухгалтер:
– Албетте, халал деп сатылып жатса ишенем да. Бир мен эмес, баары эле ишенген үчүн мындай азыктар сатылып жатса керек. Алардын баасы кымбатыраак эмеспи. Бирок мен кымбатына карабай, жалаң адал азык-түлүктөрдү колдонууга аракет кылам.

Шарипа Бекташова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Robingud
2010-01-19 15:02:16
Azyr ak4a u4un yimanyn da satyp kalgandar bar.aram etti da,adal dep satywyp atkandyr balkim,eger antup atywsa,jazasyn jalgyz ozu tartywat.Ar bir koy ozunun tuyagynan asylat emespi...
0
DOKTOR
2010-01-20 08:42:57
Биздин эл РОБИН_ГУД иним! озу толугу мнен исламизацияга отсо ошондо гана биле баштайт Халал деген эмне Харам деген эмне экенин.Кыргыз мамлекети озу чала-мусулман болуп жатса эл кайдан билсин? Бийлике Киркиздер чала-кыргыз чала-непонятныйлар келип жатса кайдан?Балык башынан сасып жатпайбы,эгер биздин МУСУЛМАН мекендештерибиз болбосо мамлекет башчылары ЧОЧКОНУН деле этин саттырышмак ХАЛАЛ деп.
0
DOKTOR
2010-01-20 08:45:48
Базарда отурга комерсантарга эмне? Лиж бы акча болсо болду да кишинин эти деле сата берет,АК ЖАЩИКТЕ АРАБЧА БИРДЕМЕ ДЕП ЖАЗЫЛЫП ТУРБАЙ БЫ значит Халал да деп коюп сата берет.
0
artelow
2010-01-20 19:14:16
албетте адал эмес, ошон учун базар да...
0
Takywa
2010-01-24 03:11:32
Халал "индустриянын" поулярдуулугун мындан билиниз: Германияда сатылып аткан балыктын эттерине да халал деп жазып коюшуптур. Исламда, саранча(кыргызчасы эмне?) жана балыктын эти аларды сойбосо да адал. Ойлоп кор ар бир балыкты кармап атып: "Бисмилла, Аллаху Акбар", - деп союп аткан учурду, хе-хе-хе. Так что балык арам-адал деген суроо болуп калса эки анжы болуп журбогуло.
0
deer
2010-01-24 19:32:26
u4urdun en populyarduu problemasi dep oyloym.xalal tamak degende kobun4osu,uygur jana turk awkanasin aytaar elem.(baari emes).a kolbasaga kelsek Sher j.b firmalarina takir iwenbeym.alar Xalal emes kolbasa da 4igarganina baylani4tuu jogoruda aytiwkanday bir ele myasorubkadan otkoruwot da.anan kantip halal bolsun?ChP Sadikovdun kolbasalari nakta xalal ekenine iwenem,i dayim uygo satip alabiz.et bolso Has Shirinde,me4it janindagilarga iwense bolot.al emi bazarlardagi halal emes etti halal dep satiw
0
diash
2010-04-28 17:30:03
Xalal degenibiz menen ech kim any atkarbait. Negizi kyrgyz elimdin den soolugu chyn bolsun. Aldagan adamdarga Kudai beret.
0
diash
2010-04-28 17:33:09
Chochkonun etin aram deisiner, a sovet ubagynda emne chochkonun etin jebei jurushtu bele Oshol ele ajylar?
Evropa jana chet olkodogu chochkonun etin jegen adamdardyn aram bolup ketishin koro elekmin.
0
diash
2010-04-28 17:35:00
a pechenye konfetterdin sostavynda da chochkonun mailary bolot. Chochkonun daamyn tatyp ele jurobuz. Prosto moiunubuzga albaibyz. Jana oshol kolbasa jasagan jerler kaira ele jazasha beret.
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан